Курултай өткөрүүгө камылга башталды

Улуттук гвардиянын жоокерлери Конституцияны көтөрүп баратат. Кыргызстандагы президенттик инаугурациялардын бири. 2017-жыл. Архивдик сүрөт.

Элдик курултайды уюштуруу комитети алгачкы жыйынга чогулуп, жер-жерлерде делегат шайлоого байланыштуу камылга башталды.

Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген.

Конституцияда каралган бул иш-чаранын атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы сын-дооматка жол ачкан.

Элдик курултайды уюштуруу комитети 19-августта биринчи жыйынга чогулуп, аймактарда жолугушууларды өткөрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди. Президенттин кеңешчиси, аталган комитеттин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев келерки кездешүү эмки айга белгиленгенин, делегат шайлоо камылгасы башталганын "Азаттыкка" билдирди:

Чолпонбек Абыкеев.

"Биринчи уюштуруу жыйыны болду, анда эмне кылабыз деген план түзүлдү. Эми 9-сентябрда жолугабыз. Ага чейин облустук өкүлчүлүктө жадыбал түзөбүз. Жер-жерлерде делегаттарды шайлоо жадыбалын бекип, баарын пландайбыз. Аймактарда уюштурулчу жайындардын протоколдорун, регламентин, өткөрүү методикаларын бул жактан иштеп чыгып, ошого чейин даярдайбыз. Келерки жыйында кайсы күндөн баштап жер-жерлерде делегаттарды шайлоо жыйындары өтө баштары чечилет. Облустарда өзүнчө уюштуруу топтору түзүлөт. Ошол топтор айылдарда өтчү жыйындарды уюштурат. Мисалы, кайсы бир региондун шартын, жыйым-терим деген жагдайларды эске алуу менен уюштурулат".

Дагы караңыз Курултай мыйзамы парламент комитетинде четке кагылды

Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.

Жарлыкка ылайык, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган, анын курамы бекиген, иш-чараны өткөрүү жана делегат тандоонун жобосу бекитилген. Анда бул жобо "элдик курултайдын укуктук макамы мыйзамдуу жөнгө салынганга аны уюштуруу, жүзөгө ашыруу тартибин аныктары жазылган.

Экс-депутат, академик Жамин Акималиевдин пикиринде, курултайдын мыйзамдуулугу күмөн жараткан учурлар бар.

Жамин Акималиев.

"Жаңы Конституцияга жазылып калгандан кийин элдик курултайды өткөрүш керек. Бирок мени тынчсыздырганы - Консититуцияда жазылгандай өтпөй жатканы. Анын шайлоо жобосун жана башка аныктамаларын Жогорку Кеңеште, конституциялык мыйзам менен өткөрүп, ал мыйзамга президент кол койгондон кийин жобо чыкса, ошондо мыйзамдуу болмок. Биздин бийлик шашып жатат. Делегаттарды шайлоону сөзсүз түрдө жабык, жашыруун өткөрүш керек. Антпесе бийлик бутактары кийлигише берет, курултай максатына жетпей калат. Кышында мыйзамды кабыл алып, ага президент кол коюп, ошонун негизинде өткөрүп алсак, ошондо максатына жетмек. Эң негизгиси коомчулук, эл аралык уюмдар курултайдын легитимдүүлүгүнө эч кандай шек келтире албайт эле. Мыйзам талаасынан чыгып кеткендик мага жакпай турат. Президенттик башкаруу кирген күндө дагы баары бир мыйзам менен жашашыбыз керек. Мыйзамды сыйлабасак укуктук мамлекетти кура албайбыз".

Дагы караңыз Эгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жол

Буга чейин президенттин администрациясы элдик курултай тууралуу жарлыкка байланыштуу түшүндүрмө тараткан. Анда курултай чакыруу жарлык менен бекитилгени Конституциядагы беренелерге таянуу менен көрсөтүлгөн.

“Конституциянын 7-беренесинде, элдик курултай - коомдук жыйын. Ошол эле учурда элдик курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет деп белгиленген. Ошондой эле Конституциянын 71-бенесине таянып, президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана тескемелерди кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат”, - деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров курултай тууралуу пикирин билдирген. Фейсбуктагы баракчасына курултайда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жазган жана бийлик делегат тандоого кийлишипейт деп жазган.


Жарандык активист Адил Турдукулов бийлик курултай аркылуу чечкиси келип жаткан айрым жагдайларды атады.

Адил Турдукулов.

"Эгерде борборлоштурулган болсо, бийлик бир колго топтолсо, алар "азыркы чакырыктарга татыктуу жооп бере алабыз, бүт маселелер чечилет" дегенге элди көндүргөн. Бирок, менимче бийлик азыр тескерисинче жоопкерчиликтен качып, аны кандайдыр бир башка органга жүктөп коюу аракети болуп жаткандай. Экинчиден, бийлик тийбей калган, "папке" сураган кадрлар толтура. Ошолорго бир жылуу-жумшак орун берип, бугун чыгарып, ушул маселени чечүү деген нерсе болуп жатат окшойт. Үчүнчүдөн, курултайды көбүнесе оппозиция колдонот да. Алардын ордуна демилгени бийлик көтөрүп, курултай институтун ээлеп алуу болуп жатат. "Эл биз менен, эл бизди колдоп жатат" деген аянтча керек. Мурдагы бийликтегилер дагы курултайдан башка ушундай аянтчаны тапкан эмес. Буга чейин дагы курултайлар өткөн, көп өтпөй ошол бийлик кулаган".

Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес.

Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандылыгына байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган. Мыйзамга ылайык, эми жарым жылдан кийин гана курултай тууралуу жаңы мыйзам долбоорун парламентке алып келе алышат.

Дагы караңыз Баш мыйзам: президентке жүктөлгөн жоопкерчилик

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Курултай коомдогу көйгөйлөрдү көтөрө алабы?