Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыпталып, кармалды. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов “интернетте тарап жаткан "фейк" маалыматка” байланыштуу күбө катары ИИМге суракка чакырылган. Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган.
"Жазык кодексинин 309-"Бийликти күч менен басып алуу" деген беренеси. "Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр" деген "фейк" маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да, жаап коюшту", - деди ал.
ИИМ Асанов бийликти күч менен басып алууну уюштуруп жүргөн деген шек менен кармалганын билдирди.
"Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин "Азаттыкка" билдирип, Асановдун үйүн тинтүү боюнча токтомду көрсөттү.
Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.
Акаев социалдык тармакта тарап жаткан аудио боюнча пикирин билдирип, анда айтылгандар калп экенине токтолду.
“Курсан Асанов менен бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби сүйлөшүп, анын ичинен Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, анан элди ишендирип, ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Экинчиден күлкүлүү, көчөдө бир саясатчылар сүйлөшүп анан айып тагабыз деген аракетке сапатсыз видеого, карандай калпка 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен дароо айтып койсом, эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен дагы бийликти күч менен басып алабыз, анан массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмеспиз. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз”, - деди Акаев.
Бириктирилген иштер
Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.
Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.
Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси, Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда.
Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Асановго "тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген" деген айып коюлган.
Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу төртүнчү - "Имаратты жана мекемени басып алуу" берене боюнча да айып тагылган.
Дагы караңыз Шайлоодон кийин камалган талапкерлерОктябрдагы кармоо жана үй камагы
Ал октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.
Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган саясатчы добуш берүүнүн жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.
Кой-Таштагы "ийгиликсиз" операция
2019-жылы 7-августта суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын УКМКнын төрагасынын ошол кездеги башчысы Орозбек Опумбаев атайын даярдыктагы “Альфа” ыкчам тобунун аскерлери менен башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, алты жоокер барымтада калган. 200дөн ашуун адам жабыркаган.
Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта дагы уланып, аны Кашкар Жунушалиев башкарган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго колго түшүп берген.
Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Саясатчы жана анын тарапкерлери бул иштерди саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.
"Бул басып алуу болот"
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Курсан Асановго карата коюлган министрликти басып алуу деген айып тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирген.
"Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. Ал эми Курсан Асанов буйругу жок эле команда берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз", - деген.
Асанов 2010-жылдын июнь айынан сентябрына чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген.
2021-жылы 10-январда болгон кезексиз президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.