Министрлер кабинети билдиргендей, 2021-жылы Кумтөрдө 14,5 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Кенге сырттан башкаруу киргизилгенден бери алтын сатуудан 621 миллион доллар каражат түштү. Бирок расмий маалыматта Кумтөрдүн алтынын кимдер сатып алып жатканы айтылган жок.
Өкмөттүн басма сөз кызматы 18-январда билдиргендей, Министрлер кабинети "Кумтөр Голд Компанинин” тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырды. Ага ылайык, былтыр 12 ай ичинде Кумтөрдө 14 тонна 561 килограмм алтын өндүрүлдү. Анын канчасы кенди канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип турган учурга, канчасы тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки мезгилге туш келери расмий маалыматта так жазылган эмес.
"Центерра Голд" буга чейинки отчетторунда 2021-жылдын башынан Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилген май айынын ортосуна чейин 139,8 миң унций же 4,3 тоннадай алтын өндүргөнүн көрсөткөн. Демек, кыргыз өкмөтү кенди өз карамагына алгандан кийин 10 тоннадан ашык алтын өндүрдү деп айтууга болот.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, "Кумтөр Голд" ишканасы былтыр салык жана милдеттүү төлөм катары мурда пландалгандай 9 миллиард сом эмес, 13,6 миллиард сом төккөн. Натыйжада былтыр мамлекетке түшкөн төлөмдөр 50% көбөйгөн.
Ошондой эле алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 миллион долларды түзгөн жана бул кирешенин 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.
"Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Центерра Голд" тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан "Кумтөр Голд Компанинин" эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», - деп билдирген Теңгиз Бөлтүрүк.
Кумтөрдө башкаруу өзгөргөндөн бери алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым 220 долларга төмөндөп, 16% ашуун кыскарган. 2020-жылы кенди "Центерра" башкарып турганда сатылган алтындын бир унцийинин чыгымы 342 доллар деп көрсөтүлгөн. Азырынча бир унций алтын өндүрүүгө кеткен чыгым кандай жолдор менен азайганы расмий айтыла элек.
Алтын азбы же көппү?
Буга чейин "Центерра" 2021-жылдын июнь-сентябрь айларында алтын өндүрүү мурда пландалгандан 24 пайызга азайып кеткенин билдирип чыккан. Компаниянын 1-ноябрдагы билдирүүсүндө "Центерра" койгон планда 5,3 тонна (173 миң унций) алтын казуу мерчемделсе, бул мөөнөт ичинде 4,1 тонна (132 миң унций) гана алтын алынганы көрсөтүлгөн.
Бирок канадалык компания бул сандарды кайдан алганын, кайсы эсептерге таянып чыгарганын тактаган эмес. Кыргыз өкмөтү да, "Кумтөр Голд Компани" да бул билдирүүнү дароо четке каккан.
"Кумтөр Голд Компанинин" отчетторго ылайык, Кумтөр алтын кенинде 2019-жылы 18,6 тонна, 2020-жылы 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн. Былтыр жыл башында "Центерра Голд" компаниясы 2021-жылы Кумтөрдө 14,6 - 15,8 тоннадай (470 миң - 510 миң унций) алтын өндүрөбүз деп пландаган.
"Биздин, адистердин баамында 90 килограмм алтындай "Центерра" кабыл алган көрсөткүчтөн кичине азыраак болуп калды. Бул тактоо иретинде гана. Чындыгында мындай чоң мекеме үчүн, Кыргызстан өз карамагына алып иштетип жатканын эске алганда 90 килограмм бул чоң деле көрсөткүч эмес деп эсептейм. Анткени ишти алып кетишти. Жөнгө салып кетишти", - деп билдирди Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков.
Ал Кумтөрдөн бюджетке пландалгандан көбүрөөк акча түшкөнүн "жакшы көрсөткүч" деп баалады.
Кантсе да өкмөттүн 18-январдагы билдирүүсүндө Кумтөрдүн алтынын сатуудан канча каражат түшкөнү жазылганы менен, баалуу металлды кимдер же кайсы мамлекеттер сатып алып жатканы так айтылган жок.
Өткөн жылы Жогорку Кеңеште Кумтөрдүн алтыны кайда сатылып же сакталып жатканы, төлөнгөн салыктын көлөмү тууралуу маселелер көтөрүлгөн. Парламенттин мурдагы чакырылышын бир катар депутаттары тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүктүн отчет беришин талап кылышкан.
Кумтөр маселесине узактан бери көз салып келе жаткан экс-депутат Ишенбай Кадырбеков азырынча "Кумтөр Голд" ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн толук отчету менен тааныша электигин, компания кирешеси жөнүндө гана эмес, кендеги экологиялык абал сыяктуу бир топ маселелер боюнча деталдуу отчет бериши керектигин айтты.
"Бир унция алтынга эмнелер кетти? Канча руда казып чыгарды? Бул рудадагы калдыктарды каякка кетирди? Мөңгүгө кайра алып бардыбы? Рекультивацияга канча акча кетти? Рекультивация кылып жатабы? Түшкөн суу канча болуп жатат? Суроолор көп. Мен үчүн канча акча таап, канча салык түшкөнү эле эмес, жаратылышты канчалык сактап калып жатабыз, канчалык мөңгүгө тийишкен жокпуз деген суроолор да маанилүү. Бул бир жагы. Экинчиден, борбордук карьерда "Центерра" жер алдында казууну баштап коюп, токтотуп койгон. Эгерде жер алдында өндүрүү ишин баштабаса, 200 тоннадан ашык алтын ылдый жакта калып калышы мүмкүн. Эгерде жер алдын казып, карьерди чоңойтом десе, анда Давыдов менен Лысыйдын мөңгүлөрүн кайра алыш керек. Эмне болуп жатат? Кыргызстан билиши керек", - деди Кадырбеков.
"Ажырашуу" качан аяктайт?
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. Буга компания экологияга эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген.
Тараптар былтыр сентябрь айында Швейцариянын Женева шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Сүйлөшүүнүн экинчи раунду декабрь айынын акыркы жумаларында видеоконференция форматында уюштурулган.
3-январда “Центерра Голд” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган. Анда "Центерра Голддогу” Кыргызстанга таандык 26,1% акцияны канадалык инвесторлорго өткөрүп берүү жана соттук териштирүүлөрдү токтотуу сыяктуу шарттар жазылган. Азырынча кыргыз бийлиги кандай тыянакка келгени айтыла элек.
Президент Садыр Жапаров Кумтөр боюнча юридикалык докуметтерге кол коюу процесси жүрүп жатканын "Вечерний Бишкек" басылмасында 17-январда жарыяланган маегинде айтты.
"Кудай буюрса, жазында бүтүрөбүз. Кумтөр бизге өткөнү түшүнүктүү. Бизге Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөнүн суроолоруна жооп бергени пайдасын тийгизди. Тагыраагы Аскар Акаевич эл алдындагы бардык каталарын жууду. Мындан тышкары тергөө менен кызматташкан мурдагы премьер-министрлер менен депутаттардын көрсөтмөлөрү да таасирин тийгизди. Толугураак кийинчерээк айтам. Азыр эмес", - деп билдирген кыргыз президенти.
Декабрь айында Садыр Жапаров кыргызстандыктар Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылы көрөрүн, алтын кен 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын билдирген.
Эми кыргыз өкмөтү 2022-жылы Кумтөрдө 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүүнү мерчемдеп жатат.
Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.
Адеп “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.
2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.
2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.
Бир нече жыл мурда Кумтөрдөгү алтын 2026-жылга барып түгөнөрү кабарланган. Бирок “Центерра Голддун” жетекчилиги жаңы чалгындоо аянттарынын эсебинен кендин өмүрү дээрлик 2031-жылга чейин узарып жатканын билдирген.