Кумтөр: купуя сүйлөшүүнүн экинчи раунду

Кумтөр алтын кени.

Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатат. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн мазмуну, алгачкы жыйынтыктар азырынча жашыруун бойдон калууда. Буга чейин Министрлер кабинети Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн айтса, канадалык “Центерра Голд” компаниясы бул маалыматты төгүндөгөн.

25-декабрда Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык доо койсо болорун айтты.

"Кумтөрдү элге кайтардык. Бул иште Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Тенгиз Бөлтүрүк баштаган команда иштеди. Мыйзамдык жактан күчтөндүрдүк. "Улуу көчмөндөр мурасы" аттуу мамлекеттик холдинг түздүк. Кумтөрдөн башка дагы кендерден түшүп жаткан акча мындан ары мамлекеттик казынада сакталат. Кенди жөн эле басып жаткан компаниялардын лицензиясы алынат. Кумтөрдөгү ишибизди алсыратуу максатында түрдүү бут тосуулар болду. LBMA Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуудан баш тартты. Мен ошондо да айткам, алтындын кардары көп. Сатып жатабыз, сата беребиз. Аягында "Центерра" Кумтөр ага таандык эмес экенин моюнуна алды. Ал өзүнүн баланстык операциясынан 26 млн. долларын эсептен чыгарып, бизнес операциясы токтогонун, аны менен Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду", - деди президент.

Садыр Жапаров учурда канадалык компанияга бир катар инвестициялык долбоорлор сунуш кылынганын белгиледи.

"Тынчтык жол менен сүйлөшө албасак, анда "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык дооматтарды коёбуз. Акыр-аягына чейин күрөшөбүз. Жыйынтык чыгарабыз. Кумтөр элге кызмат кылат".

Мазмуну жашыруун сүйлөшүү

Кумтөр боюнча сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк баштаган топ, экинчи тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышканы белгилүү.

“Кумтөр Голд” тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүлөргө байланыштуу маселелерди талкуулаганын кабарлады.

"Азаттык" байланыша алган Аяз Баетов менен Теңгиз Бөлтүрүк сүйлөшүүлөрдүн мазмуну боюнча комментарий берүүдөн карманып турат.

“Азыр раунд бүтө элек. Андыктан маалымат бере албайбыз. Кол коюп бергенбиз. Бүткөндө расмий маалымат берилсе керек”, - деди юстиция министри Аяз Баетов.


Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ушуну менен экинчи жолу сүйлөшүүгө чогулду. Алгачкы жолу Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда жолуккан.

Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон делегацияны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштап, анын курамында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев бар болчу.

Анда дагы сүйлөшүүнүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат берилген эмес. Буга эки тараптын сүйлөшүү жыйынтыгын купуя сактоо келишими себеп экени айтылган. Тенгиз Бөлтүрүк кыска комментарий менен чектелген эле.

Теңгиз Бөлтүрүк

“Биз өзүбүздүн дооматтарды айттык. Биз аларды, алар бизди укту. Ошондой эле сүйлөшүүнүн демилгечиси “Центерра Голд” болду. Убакыт бизге иштеп жатат. “Центерра Голд” компаниясына 70% кирешени Кумтөр алып келип жатканын айтып, “саан уй” биздин колдо экенин түшүндүрдүк. Бизге керек болгон Кумтөрдү алдык. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес. Муну алар дагы түшүнүп турат. Азыр компенсация жөнүндө эле сөз болуп, ажырашканда мүлк кандай бөлүштүрүлө турганы чечилүүдө”, - деген Тенгиз Бөлтүрүк 14-октябрда.

Азыркы учурда видеоконференция форматында өтүп жаткан сүйлөшүүдө эмне жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариядагы сүйлөшүү учурунда канадалык компания Кыргызстандын “Центерра Голддогу” 26% акциясына кызыкканын, бул сунушка кыргыз тарап көнбөй жатканын билдирген.

Кумтөрдүн расмий сайтындагы маалымат боюнча, Кыргызстандын “Кыргыз алтын” аркылуу көзөмөлдөнгөн 77 млн. 401 миң 766 акциясы бар. 24-декабрда "Центерранын" бир акциясы эл аралык Yahoo! Finance сайтында 7,73 АКШ долларына бааланып турат. Аны акциялардын санына көбөйтсөк 598 млн. 315 миң 651 доллар чыгып жатат. Ал эми “Центерра Голддун” бүткүл акцияларынын баасы 2,29 млрд. долларга бааланып турат. Бул ирет дагы канадалык компаниянын талабы же суранычы 26% акциянын айланасында болушу мүмкүн.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Кумтөр маселеси боюнча мындай деди:

Ишенбай Кадырбеков

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бизде деле кабар жок. Эгерде Кыргызстан Кумтөргө мыйзамдуу ээлик кылуу үчүн 26% акцияны берсе, анда бул талаштуу чечим болот. Анткени “Центерра” көптөгөн жылдар бою чогулган акчага Түркия, Канада жана Орусиядан кендерди алган. Ал жерде биздин да үлүш бар. Эми экологоиялык көйгөйлөрү менен Кумтөр бизге калып, акциялар канадалык компанияга кетип калабы? Негизи алтын кенге ээлик кылуунун жалгыз жолу улутташтыруу болуп саналат. Анткени бул жол Конституцияда дагы көрсөтүлгөн. Сырттан башкаруу киргизүү менен юридикалык жактан утулуп калабыз. Адатта соттошо келгенде келишимди бузган тарап утулат. 2009-жылдагы келишимде биз көп милдеттенмеге макул болуп, аны Конституциялык палата дагы бекитип берген”.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келген Кумтөр алтын кенине быйыл май айында Кыргызстан убактылуу тышкы башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Кумтөрдүн башы бошой элекпи?

21-декабрда “Кумтөр Голд” жабык акционердик коому Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат таратты.

Ал жерде бул жылдын 11 айында кен казуу иштеринин көлөмү 185,6 млн. тоннаны түзгөнү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эске көп экени жазылат.

Мындан тышкары Кумтөргө сырттан башкаруу кирген мезгилден тартып муздарды талкалоо 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарганы да кошумчаланган.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен жолугушканда Кумтөрдөн түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин айткан.

Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, эч кандай проблема жок экенин жана келерки жылы айлык, пенсия көбөйтүлүп, бир катар долбоорлор каржыланарын белгилеген.

Садыр Жапаров

“Кумтөрдүн акчасынын үзүрүн, кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин көрөбүз. 300 миллион доллар менен январь айына киребиз. 30 жылдык тарыхта мындай болбоптур. Ошону бөлүштүрүп беребиз. Завод-фабрика салганга, дыйкандарга насыяга, жолдорго… Январь-февралда бөлүштүрүп берсек, марттан тарта иштер башталат. Облустарга, райондорго беребиз. 1-апрелден баштап эмгек акыны көбөйтөбүз. Пенсия-жөлөк пулга да дагы кошобуз. Мугалим, медик, милиция, аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатабыз".

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иш жүзүндө өзү иштетип, тапкан пайданы өзү алып жатканы менен "Центерра Голд" баштапкы позициясын өзгөртө элек. Алар алтын кенди компаниянын бир бөлүгү катары санайт.

“Центерра Голд” ноябрь айындагы билдирүүсүндө Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантарын билдирген.

"Буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, "Кумтөр" мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компания болуп саналат жана биз Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантабыз", - деп айтылган маалыматта.

Кумтөрдөгү өндүрүштүк иштен тышкары кенди иштетүүдөгү коррупциялык иштер да коомчулуктун көңүл чордонунда. 14-декабрда бул ишке байланыштуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Ал "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берип, беш-алты күндөн кийин кайра кеткени кабарланды. Акаев быйыл 2-августта да келип, сурак берип кеткен.

УКМК кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын билдирип ондон ашык мурдагы жана азыркы аткаминерлерге иш козгогон. Бир топ чиновниктер камакка да алынган. Алар ар кандай шартта тергөө абагынан чыгып отуруп азыр абакта президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев калды.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.