"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин жашыруун-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз.
Сүргүн сүртүмдөрүнөн
Өкүмат алды малыңды,
Көп эле төктү зарыңды.
Эч кылмышың жок турса,
Кулак кылды баарыңды… (Карасарт)
1929-жылдын аягында башталган туташ коллективдештирүү зомбулук, коркутуу менен коштолуп, «кулак» деп аталган адамдардын басымдуу бөлүгү сүргүнгө күчтөп айдалган.
Коммунисттик партиянын 1930-жылдын 30-январындагы "толук коллективдештирүү аймактарында кулактарды тап катары жоюу жөнүндө" токтому ээлерин чарбаларынан, мүлктөрүнөн ажыратып гана тим болбой, сүргүнгө айдалуучу үй-бүлөлөрдүн санын кыйла көбөйткөн.
Кыргызстандын аймагынан ырайымсыз репрессияланып, «кулак» деп аталып, Украинага депортация болгон үй-бүлөлөрдүн саны 700дөн ашуун. Ар биринин өз тагдыры, өз трагедиясы бар.
«Эсимде» талкуу аянтчасы Украинага сүргүнгө айдалган үй-бүлө тарыхын чогултуп жүрүп, Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылынын тургуну Бакир Мажиков ата тууралуу маалыматты тапты.
Макала кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалган Бакир Мажиковдун уулу Жыргал Мажиковдун маегине негизделген.
Үркүн. Алжан уулу Узак атанын баяны
Алыскы Саруу (Ысык-Көл) айылынан чыккан Узак атанын үй-бүлөсүнүн тагдыры өткөн кылымдагы өткөөл мезгилди чагылдырат. Бул макала - жөнөкөй, ошол эле учурда баатыр үй-бүлө жөнүндө эскерүү.
Узактын балачагы оторчулук мезгилге туура келген. Колунда бар үй-бүлөдөн болсо да колониализмдин запкысын жон териси менен сезген. Орус админстрациясынын келгин дыйкандарды Жети-Суу облусунда жайгаштыруу саясатынын кесепетинен Ысык-Көл ойдуңундагы малчылык менен алектенген кыргыздардын жайыттары тарып, экономикалык абалы начарлаган.
Көчүрүлүп келген дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда карама-каршылык күчөгөн. Кылымдар бою Ала-Тоонун койнунда мал багып, жай турмуш кечирген кыргыздардын колонизатордук администрация менен мамилеси курчуган. Орус администрацияга таянган келгин дыйкандар жергиликтүү элге ыдык көрсөтүп, жайыттарын коруп, мал-жанын айдап же камап кодулашкан.
Мындай окуяларга Узак дагы күбө болгон. Анын мал-жанынын бир топ бөлүгүн келгин дыйкан «биздин корукка кирип кетиптир» деген шылтоо менен күчкө салып тартып алган. Бул окуя Узактын үй-бүлөсү үчүн жагымсыз болгону менен кийин Үркүн учурунда жанынын аман калышына себеп болгон. Келгиндердин арасында дагы жергиликтүү калк менен достошкон үй-бүлөлөр жок эмес.
Дагы караңыз Улуу көтөрүлүшкө себеп болгон жагдайларУзактын Гүжүмөн аттуу орус досу мал-жанын кайтарып алууга көмөк кылган. Дүйнөдө абал оорлоп баратканын айтып, келгиндер менен жайыт үчүн көйгөйлөрдүн жакында чечилбей турганын эскертип, малынын бир бөлүгүн алтын менен сактоого кеңеш берген. Узак орус досунун сөзүн угуп, малынын жарымын сатып, алтын менен сактаган.
1916-жылы жай айларында Узак Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө ата-бабасы жайыт катары колдонуп келген Кумтөр жайлоосун жердеп турган. Бул мезгилде Ысык-Көл ойдуңунда кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл катары тарыхта калган Үркүн башталып жаткан.
Орустарга жардамга Верныйдан (азыркы Алматы-ред.) келүүчү жазалоочу отряд тууралуу алдын ала татар досторунан уккан Узактын иниси Абдылда элге кабарлайт.
Орустун жазалоочу отряддарынан жеңилген калктын алгачкы тобу Бедел, Жууку аркылуу Тескей Ала-Тоосун ашып, Кытайды көздөй багыт алышкан. Абалдын оор экенин түшүнгөн Узак үй-бүлөсү, бир тууган иниси Абдылда менен алгачкылардан болуп Кытайга качкан.
Үркүн кыргыздар үчүн абдан катаал болгон, көбү жолдо кырылган. Кытайга качкан калктын дээрлик бардыгы колунда бар оокатынан кол жууп, оору-сыркоолорго кабылып, үй-бүлө мүчөлөрүн ажалга жулдурушкан. Мындай жазмыш Узактын үй-бүлөсүн дагы кыйгап өткөн эмес. Көптөгөн кыйынчылыктардан кийин Кытай чек арасына жетери менен колдо болгон оокатынын теңин кытай аскерлерине өткөрүп берип, чек арадан өтүүгө аргасыз болгон.
Текес жерине жайгашкан Узак кийин башка кыргыз качкындардын чек арадан өтүп, отурукташуусуна көмөк көрсөткөн. 1918-жылдары жаңы бийлик орноду, жакшы жашоо башталат деген үмүт менен киндик каны тамган мекенине аттанган Узак анда «кулакка тартылып» ата теги укпаган бөтөн жерге сүргүнгө айдаларын сезбесе керек.
Кыргыз качкындары ата-журтуна минген аты менен гана кайтып келе алган. Туулган жерине келгенде Узак баягы катылган алтын тыйындарын сатып, мал алып «миң койлуу Узак» деген атка конот. 1924-жылы 55 жашка келип калган Узак байбичеси менен бала жытына зар болуп атканын аталаш тууганы Мажик угуп калат.
Мажик жубайы Мөөркан менен кеңешип, «биз жашпыз, Кудай берсе дагы балалуу болорбуз» деп кыргыз салтын улай бешикте жаткан баласы Бакирди Узактын боз үйүнүн босогосуна таштап кетет. Узак ата менен байбичеси Көрпөш апа Бакирди асырап алышат.
Кулакка тартуу саясаты. Сүргүн жылдары
Арадан 5-6 жыл өтпөй совет бийлиги айыл чарбаны коллективдештирүү, жеке чарбаларды жоюу менен дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү саясатын баштайт. Бул саясаттын алкагында «кулактарды эзүүчү тап катары жоюу» деген ураан менен репрессия, күч колдонуу ыкмалары башталат. Аталган саясаттын кесепетинен миллиондогон совет жарандары запкы тарткан.
Алардын бири алты жаштагы Бакир эле. Бакир асырап алган ата-энеси менен «кулак» деп аталып, бөтөн жерге сүргүнгө айдалган. Саруудан айдалган үй-бүлөлөрдү Кызыл-Суунун көл жээгиндеги «Пристань» деген жерге чогултушат. Бакирдин өз ата-энеси Узактын башына түшкөн кайгыны угуп, коштошкону келет. Көрпөш апа Бакирди бекем кучактап, асырап алган баласынан айрылып калуудан коркот. Аны сезген Мажик менен Мөөркан «Биз баланы талашканы келген жокпуз. Бала баккандыкы. Силерге кандай тагдыр жазбасын Бакир силердики», - деп уулу менен коштошушат.
Куугунтукталган үй-бүлөлөрдү Саруудан Балыкчыга чейин кеме менен жеткиришкен. Балыкчыдан Фрунзеге чейин араба менен барышат. Фрунзеден жүк ташуучу вагонго түшүп, Украинага сүргүнгө айдалышат.
Фрунзеден Украинанын Херсон облусунун Виноградово (мурунку Чалбасы) айылына чейин 4300 километр. Бул аралыкта терезеси, дааратканасы жок жүк ташуучу вагондордо кичинекей эмчектеги ымыркайдан өспүрүм кыздар, улгайган кары-картаңдарга чейин шыкалып барууга аргасыз болушат. Жолдон көбүнүн көзү өтүп кеткен экен. Узак ата да жолдон Аскания-Нова деген корукка жетип, барчу жерине 200 километр калганда каза болот.
Бакир Мажиковдун көзү тирүүсүндө жазып калтырган эскерүүсү:
"Ата - энем Узак, Көрпөш менен 1931-жылы августта Украинага сүргүнгө айдалдык. 1931-жылдын октябрь айынын аягында бизди салган поезд Херсон шаарынын чет жакасына келип токтоду. Херсон шаарына алып келишкенде үч районго бөлүп кетишкен экен, аны биз билген эмеспиз. Биз тарапта бир эшелондон болгону 15 вагон калыптыр. Эртең менен гана билип ыйлап жатышканы эсимде. Себеби, Кыргызстандын Пишпек (Фрунзе) станциясынан вагондорго салганда эл аралашып ар кайсы вагондорго түшүп калышкан эле. Атам да, энем да ыйлап жаткандары эсимде. Себеби, Саруудан айдалган отуздай киши жана таекем Чыныбай уулу Жакып да башка вагондо болгон, биз дархандыктар, Тагай молдо, Бекболот молдо жана бөлөк жердиктер менен чогуу болуп калдык. Алар Чүй, Талас жана Оштон болчу.
Дүйнөдө жети атасы билбеген, кулагы укпаган жерге келип ичиндеги көргөн азап-тозогун, бугун өз тилинде айтып түшүндүрө албай, дудуктарча бири-бири менен жаңдашып сүйлөшкөндөн артык тозок болбосо керек. Адегенде эки эл (украиндер менен кыргыздар) бири-биринин арыз-арманын көз жашы, жаңдоо менен гана түшүндүрүшкө аргасыз болушту. Жаштар бат эле украин тилин өздөштүрүп кетти. Тил үйрөнгөндөн кийин жашоо жана байланыш жеңилдей түштү”.
Абышкасынан айрылып калган Көрпөш апа аяк-башын жыйып, өзүнө келгиче, көлдүк туугандарынан, тааныштарынан адашып калат. Бакирди колунан чыгарбай жаңы жерде башка куугунтукталган кыргыздардан калбай оокат кылат. Көрпөш апанын жакын тууган иниси дагы кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган экен. Сабаты ачылган, кат тааныган иниси Көрпөш апаны таап, өз туугандарына кошот. Көп өтпөй жаңы жерде Көрпөш апа дагы көз жумат.
Жетим калган жети жаштагы Бакир ата-энесинен айрылган башка кыргыз балдары менен эски, төбөсү түшкөн чиркөөдө күн көрө баштайт. Бул күндөрдө Көрпөш апанын мугалим болуп эмгектенген Жакып аттуу иниси Бакирди издеп таап, балдар үйүнө өткөрөт.
1931-жылдан 1938-жылдын июнь айына чейин Украина ССРнин Одесса облусунун Скадов районуна караштуу Чалбасы орто мектебинде биринчи класстан жетинчи класска чейин окуп, ошол эле Чалбасы айылындагы кулактардын жетим калган балдары үчүн атайын ачылган балдар үйүндө тарбияланган.
1938-жылы саруулук кыргыздар Бакирге "өз ата-энеңе кат жаз" деп кеңеш беришет. Бакир бир нече жолу Сарууда калган ата-энесине, туугандарына кат жазып, алып кетүүсүн суранган. Бакирдин бөтөн жерде жетим калганын угуп, туугандары кеңешип, Узактын иниси Карасартты Украинага жөнөтүшөт. Карасарт он беш жашка чыгып калган Бакирди Сарууга алып келет.
Карасарттын туугандары кулакка тартылып Украинага айдалып кеткенде чыгарган казалдары:
Күрпүлдөп аккан суу элең,
Күкүгүм мага туу элең.
Туу жыгылды болду таш,
Артыңда калды Бакир жаш!
Эки бирдей асыл зат,
Эгем кимге тапшырдың?
Ээрчитип жүргөн Бакирди
Эми кимге тапшырдың?
Өкүмат алды малыңды,
Көп эле төктү зарыңды.
Эч кылмышың жок турса,
Кулак кылды баарыңды…
Сүргүндөн кийинки жылдар
Бакирди ата-журтуна кайтып келгенден кийин да «кулактын тукуму», «спецпереселенец» деген ат ээрчип жүрөт. Андыктан Бакир фамилиясын «Мажиков» деп өзгөртүүгө дуушар болгон.
Бакир 1938-жылдын сентябрынан тарта 1941-жылга чейин Саруу орто мектебинде окуган. Ата Мекендик согуш башталганда өз каалоосу менен майданга барууга арыз жазган. Бирок туугандары "Узактан жалгыз калган туяк" деп алып калышат.
1962-жылдан тарта 1978-жылга чейин Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бөлүмүндө башкы эсепчи болуп эмгектенген. 1978-жылдан 1990-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин башкы экономист болуп иштеген.
Бакир ата менен жубайы Шайымкан апа менен Жекшенбек, Көчкүнбек, Жыргалбек аттуу үч уулдуу болот.
1994-жылы 14-октябрда Мажиков (Алжанов) Бакир саясий куугунтуктоолорго кабылып, сүргүнгө айдалганы мамлекет тарабынан моюнга алынып, толугу менен акталган.
Бакир атанын көз жумганына он жылдын жүзү болуп калды. Азыркы учурда неберелери, чөбөрөлөрү атын өчүрбөй, тукумун улап келет.
Маек учурунда Бакир атанын кичүү уулу Жыргалбек небересинин ысымын чоң атасын эстей жүрөлү деп Узак деген ысым ыйгарганын айта кетти.
Маек куруп, атасы, чоң атасы жөнүндө айтып берген Мажиков Жыргалбекке жана келини Гүлназга терең ыраазычылык билдиребиз.
Алагоз кызы Гүлзат