Эгер сиз аял ур-токмокко алынып жаткан учурга капысынан күбө болуп калсаңыз сиздин аракеттериңиз кандай болмок? Жардам берүүгө аракет кыласызбы же бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишпейм деп басып кетесизби? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшү, ага карата коомдун мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
"Күйөөм урганын койбоду, мен да кете албадым". Зомбулукту кечирген кайдыгер коом
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык?