"Күтүп атып кеч кирет". Транспорт тартыштыгы окуучуларды кыйнады

Бул Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушу. Таң эрте мектепке жөнөгөн окуучулар. Ак-Жарда мектеп жок болгондуктан, алар шаардын ар кайсы аймактарына каттап окушат. 

15 миңден ашык адам жашаган Ак-Жарда бир гана маршруттук каттам жүрөт. Эртең менен коомдук транспортко батпай калган балдар жөө-жалаңдап мектепке жөнөшөт. Ал эми унаага үлгүрүп түшкөндөрү тыгылып, таштак жолдо чайпалып барышат. 

Тогуз жаштагы Алина Ак-Жарда жашайт.

"Мектепке эртең мененки саат 7:00дө чыгам. Көп учурда маршруткага батпай калам. Айла жок жөө басам. Жөө баскан күнү сабакка кечигип калам. Азыр күн жарык. Кышында караңгы болгондо кошуна кыздар менен чогулуп алып чыгабыз. Антпесе абдан коркунучтуу. Биз жактан деле автобус жүрсө жакшы болмок", - дейт ал. 

Балдар маршрутка келип токтогондо эле чуркап эртерээк түшкөнгө аракет кылышат. Антпесе батпай калышы мүмкүн. 

Таң эрте транспорт күтүп турган окуучулар. Окуучулар үчүн коомдук транспорт көйгөйү бир гана Ак-Жар конушунда эмес. Бишкектин так ортосунда да күч. 

Бишкекте транспорт тартыштыгы өзгөчө окуу башталганда сезилет.
Шаардагы мектептерде расмий эсеп боюнча 137 424төн ашык окуучу бар.  Алардын көбү жашаган жерлерден алыс жайгашкан мектептерге барышат. Дайыма тыгында жүрүүгө аргасыз.

Коомдун бир катмары балдарын өз автоунаалары менен мектепке жеткирет.  
 

Буга чейин Бишкек мэриясы мектеп окуучулары үчүн атайын автобус уюштурууну убада кылган. Ал азырынча ишке аша элек. 

Бишкек шаардык кеңеши 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып коомдук транспорттун жол киресин көтөргөн токтом чыгарган. Ага ылайык, шаар ичиндеги жол кире автобус менен троллейбуста 8 сомдон 11 сомго, кичиавтобус каттамы 10 сомдон 15 сомго жогорулаган. Буга чейин мектеп окуучулары үчүн жол кире акысы 7 сомду түзсө, азыр окуучулар чоңдор сыяктуу эле толук төлөшөт. 

Алдыда жол кире кайрадан көтөрүлгөнү турат. Ага ылайык, троллейбус менен автобустун жол киресин 15 сомго, микроавтобустарда күндүз 21 сом, кечки 20:30дан кийин 32 сом, ал эми экспресс автобустарда 22 сомдон 32 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. 

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемен алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

6-класстын окуучусу Самат түштөн кийин окуйт. Ал окуудан чыгып, үйүнө барчу эки-үч троллейбуска батпай калды. 

"Сабактан эрте эле чыгам. Бирок биз окуудан тараганда көчөдө эл көп болуп, автобус, троллейбусттар дайыма тыгын болот. Автобус күтүп тура берип кеч кирип кетет. Тыгын.. Автобуска түшкөндө чоңдор "сумкаңды ал" деп, же отуруп баратсаң "орун бербейсиңби" деп урушат", - деди Самат. 

Соңку эки айда шаарда алты маршруттук каттам жабылган. Алар 110, 127, 155, 170, 269 жана 281-маршруттук каттамдар. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам ишин таштаган айдоочулар көбөйгөнүн билдирген. Мындан улам коомдук транспорт тартыштыгы дагы күчөгөн.