Ысык-Көл облусунун аймагына күн энергиясы менен иштеген станция курулат. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан. Айрым эксперттердин айтымында, бул электр энергиясын алуунун маанилүү альтернативдүү жолу болуп саналат. Кеминде 500 миң кардарды тейлөөнү көздөп жаткан болочок электр станциясынын биринчи этабы бир жыл ичинде ишке берилет.
"Күндөн энергия алуу ГЭСтеги сууну үнөмдөйт"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.