Шахиста кантип таксист болду?

Шахиста иш учурунда.

Ошто такси кызматын көрсөткөндөрдүн катарын аялдар да толуктап жатат.
Таксисттердин айткандарына караганда, мындай көрүнүш өткөн жылкы июнь калабасынан кийин байкалган. Дээрлик эркектер аркалаган бул кесипке эмне үчүн аялдар да тартылууда?

Темир тулпар менен ынак айым

Такси айдоо Шахиста Абдуллаева үчүн бир чети хобби. Кызыгууcу күч болгондуктан, агасынын унаасын айдай качып жүрүп, секелек курагында эле темир тулпардын тилин тапкан. Ошентип он бир жылдан бери экөө ынак.

Турмуштан жолу болбой, күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин, кызы экөө төркүнүндө күн көрүүдө. Мындан улам такси айдоо негизги каражат булагына да айланган. Июнь калабасына чейин Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыса, өткөн жылдын июлунан тарта шаар ичинде иштеп жатат.

- Биринчи күнү Оштун борбордук аянтына чыктым. Баары таң калышып, чын эле таксистсизби деп сурай башташты. Кийин да аял таксист деп таң калып жүрүштү. Жекшемби күнү гана үйдө болом. Калган алты күнүм көчөдө өтөт. Эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин иштейм. Жакшы иштесем бензин жана башка чыгымдардан тышкары күнүнө 500-700 сомго чейин пайда түшөт. Машинаны насыя алган болчумун, аны төлөп бүттүм.

Коогалуу күндөр артта калды

Каргашалуу июнь күндөрүнөн соң бир топ убакытка чейин коомдук транспорт толук кандуу каттабай, элди ары-бери жеке таксилер ташып калышкан. Таксисттер үчүн деле жагдай кооптуу эле. А бирок Шахиста ошондон ушул убакка дейре тигил же бул улуттун өкүлү коркутуп-үркүткөн жагдайлар болбогонун айтат.

- Жок андай болгон жок. Кудайга шүгүр, тынч жүрөбүз. Шаарыбыз да тынч. Уруштан кийин Алайга барып келдим кардарлар менен.

- Коопсуздук үчүн жаныңызга коргоно турган жарак алып жүрөсүзбү?

- Жок, эчтеке жок. Кудай сактасын. Тынч эле жүрөбүз. Эмнеден коркмок элем.


Өткөн жылдан бери Шахистадан тышкары шаарда дагы эки-үч айым такси айдап жүргөнүн алардын кесиптештери көрдүк дешти.

Коогалаңдан кийин таксисттер белгилүү бир аймактарга гана каттап, жүргүнчү ылгап салышып, ал эми жүргүнчүлөр да таксиге абайлап отуруп калышкан. Таксист Шайырбек Эркинбеков артта калган бир жылды ушинтип эскерет. Бирок учурда бул көрүнүш жоюлду дейт ал.

- Июнь коогалаңынан кийин бир жылга чейин коменданттык саат киргизилгени үчүн түндө жүргөндө коркунуч болот эле. Күндүзү коркунуч болгон жок. Себеби, коркунуч болушу үчүн кыргыз таксисттери өзбек, а өзбек таксисттери кыргыз маалелерине кириши керек. А кирбегенден кийин коркунуч болбойт, жакшы эле. Эгер кеч кирип кетсе, же болбосо аял кишилер болсо бир азга чейин туруп калышып "кыргызсызбы" деп анан чыга турган күндөр да болуп атты ошол тополоңдон кийин.

Июнь окуясынан улам оштук таксисттер да патенттик салыктан бошотулган. Шаардыктар Ошто такси көбөйгөнүн айтууда. Ал эми таксисттер болсо буга жумушсуздукту жана негизги кирешесинин аздыгын себеп катары көрүшөт.