Көз жоосун алган Көк-Жайык

Шаркыратмага бараткан жолдо Көк-Жайык жайлоосу алаканга салгандай көрүнөт. 
Көк-Жайык – Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз районунда жайгашкан.

Көк-Жайык жайлоосуна жетүү үчүн Каракол шаарынан 30 чакырымдай жүрүү керек. Жол боюндагы Жети-Өгүз курортуна жеткен соң андан ары шар аккан сууну бойлой шагыл жол менен жетесиң. 

Айрым туристтер жөө жол жүрүшөт. 

Жайлоого бараткан жолдо беш көпүрө бар. Алардан бир машине гана өтсө болот. Биз барганда көпүрөлөрдүн бири оңдолуп жаткан экен. 

Бул жерде жергиликтүү чабандардын үйлөрү бар. Туристтер үчүн атайын боз үйлөр да тигилген. Анын баасы киши башына 500 сомдон. 

Катар курулган чакан үйлөр мурдагы президент Аскар Акаевдин дачалары болгон экен.

Малчылардын жеткинчек балдары туристтерге ат мингизип, акча табышат.

Эс алуучуларды шаркыратмага алып барып келүү акысы 300 сомдон башталат.

Жол татаал болгондуктан, аттарды ушул жерге таштап жолду уладык. Бул жерде аттар байланбаса деле эч кайда кетпейт экен. 

Чыйыр жол менен шаркыратмага бараткан туристтер.

Коопсуздук үчүн жолдун чети зым тор менен тосулган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кооптуу жолдон кулап кетип каза тапкандар да болгон. 

Бири-бирин жөлөп-таяп жолдон өтүп жаткан туристтер. 

Күн кечтесе да шаркыратмага барууну каалагандардын аягы суюлбайт. 

Эл оозунда бул шаркыратма "Кыздын көз жашы" деп аталат. Ал жайлоодогу жер астынан чыккан булак суусунан чогулат. Бийиктиги 25 метрден ашат. 

Үч чакырымдан ашык жөө басып, шаркыратмага жеткен туристтер сүрөткө түшүүгө ашыгышат.

Акыркы жылдары бул жайлоону көрүүгө барган туристтердин саны күн санап өсүүдө.