Борбор Азия өлкөлөрүн сынаган 30 жыл

Борбор Азия өлкө жетекчилеринин Аваздагы жолугушуусу (солдон оңго): Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон.

Мындан отуз жыл илгери Советтер Союзунун курамындагы Борбор Азия республикалары көз карандысыздыгын жарыялашкан. Бири-бирине байланыш-катышы артып бараткан беш өлкө быйыл Эгемендик мааракесин катары менен белгилеп жатат.

Каспий жээгиндеги түркмөндөрдүн керемет жайы Авазда мамлекет башчылары жайдары кол алышты. 6-августта постсоветтик Борбор Азиянын беш лидери кезектеги жыйынга чогулду. Мындай жолугушууну уюштурууга отуз жылга жакын убакыт кетти.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан быйыл эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат, 1991-жылы Советтер Союзунун курамынан чыккандан бери чөлкөмдүк карым-катыш мынчалык деңгээлге жете элек болчу.

Аваздагы жолугушуу Борбор Азия лидерлеринин үчүнчү саммити. Жыйын 2020-жылга белгиленген, бирок пандемиянын айынан бир жыл артка жылган. Буга чейин мындай жыйындар 2018-жылы Астанада, 2019-жылы Ташкентте өткөн.

Беш өлкөнүн президенттери 20 жыл бою башка чет өлкөлүк жетекчилер катышкан каадалуу жыйындарда гана жолугушчу. Ушунун өзү эле ортолук мамиле 30 жыл ичинде кандай болгонун көрсөтүп турат.

Советтер Союзунун күнү бүтүп ордуна Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) формалдуу жол ачылганын ырастаган Беловеж келишимине кол коюуга Борбор Азия республикаларынан бир да жетекчи катышкан эмес.

Беловеж токоюна ал кездеги Казак ССРинин лидери Нурсултан Назарбаев чакырылып, бирок барган эмес. Казакстан - СССР курамынан акыркы болуп чыккан советтик республика. Өлкө эгемендигин Беловеж келишимине кол коюлгандан сегиз күндөн кийин – 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстандын жетекчилери 1991-жылы 13-декабрында Ашхабадда жолугушуп, КМШ катарына кирүүгө макул болушкан. Алардын андан башка амал-аргасы деле жок болчу.

Борбор Азия лидерлеринин 1991-жылдагы Ашхабаддагы жолугушуусу.


Булар революция каармандары деле эмес. Көз карандысыз болуу үчүн кан төккөндөр да дей албайсың. Бир тобу 1991-жылдын августунда Советтер Союзунун кыйрашына алып келген Кремлдеги төңкөрүш аракетине байкоо гана салып турушкан.

Беш республиканын башчыларын Кремл өзү жактырып, макулдук берип бийликке отургузган.

Ошол эле Кремлдин макулдугу менен Тажикстанды башкаруу тизгинин алган Каххор Махкамовду каршылаштары Москвадагы кутумду колдогону үчүн иш ордунан кууп чыгышкан.

Ашхабаддагы жолугушууга келген Рахмон Набиев республика эгемендик алгандан берки Тажикстандын үчүнчү президенти.

Совет бийлиги өкүм сүрүп турганда Кремлдин тилинен чыкпаган Борбор Азия лидерлеринин алдында чоң сыноо турган, алар өз алдынча бийлик жүргүзүп, өлкөсүн алдыга сүрөп кетиши керек эле.

1991-жылдын аягында Ашхабадда кабыл алынган кызматташуу тууралуу милдеттенмелер тез эле унутулду. Республикалар тапкан кирешесин бир колго топтоп, өлкөсүн азык-түлүк, электр энергиясы менен камсыз кылышы керек эле.

Советтик бирдиктүү энергосистеманын алкагында Өзбекстан жаратылыш газын Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын түштүгүнө берип турушу керек эле. Бирок Ташкент кошуналарынан газ үчүн акы сурай баштады. Бирок кошуналарда акча жок эле.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында беш өлкө орусиялык рублди негизги валюта катары колдонуп келген. Бирок гиперинфляция орус акчасынын кунун качырып, баалар кыска убакытта асман чапчыды.

Мындай абалда колдогу рублди ыкчам коротууга туура келди, болбосо куну качкан акча жөнөкөй кагазга айланмак. Бюджеттик милдеттерди аткаруу дээрлик мүмкүн болбой калган.

1993-жылдын майында Кыргызстан беш өлкөнүн ичинен биринчи болуп өзүнүн улуттук акчасын жүгүртүүгө чыгарды. Калган борборазиялык кошуналар мындай кадамды жактырбай, ошол эле маалда орус рублинин демпинг зонасына айланып калабызбы деп чочулап турган.

Өзбекстан буга жооп иретинде Кыргызстанга жаратылыш газын берүүнү токтотту. Ташкент ушундай эле арга-амалды Тажикстанга каршы колдонду. Мунун себеби катары газдын акысы төлөнбөй жатканы айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандагы саясий кадамдарга ичи чыкпаган Өзбекстан газды бууп салууну адат кылып алды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн дээрлик баары 1990-жылдары негизги керектөөчү товарлардын, электр энергиясынын, жылуулуктун жетишсиздиги сындуу экономикалык кризистерди баштан кечирди.

Кризистин айынан алар чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн атаандаша баштады. Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары колунда болгон продукциясын сатып, андан түшкөн кирешеге экономикасын көтөрүүгө үмүт кылып турган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

СССРдин кулашы. ГКЧП. Эгемендик

1992-жылдын жазында Тажикстанда жарандык уруш башталды. Чек арага байланыштуу алгачкы көйгөйлөр чыкты.

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын чылк жаап, эч кимдин оюна келбеген кадамга барды. Көп өтпөй жанындагы башка коңшулары менен чек арасында текшерип-өткөрүү пункттарын орнотту.

Аны көргөң башка республикалар да ушундай кадамга барды, муну менен ансыз да жарыбаган бюджетке оорчулугун салып, ортодо товарлардын өтүшү кыйындады.

Эгемендиктин алгачкы жылдары кызматташуу аракеттери да жасалган.

Орусиянын Тажикстанда түзгөн тынчтык орнотуу күчтөрүнүн катарына Казакстан, Кыргызстан менен Өзбекстан аскерлерин жөнөтүүгө макул болушкан. Алардын милдети Ооганстан менен чек араны коргоо болчу. Бул милдеттен бошогон Тажикстандын өкмөттүк күчтөрү ички душмандар менен күрөшө баштаган.

1994-жылы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан экономикалык биримдик түзгөн. Үч өлкөнүн президенттери — Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев менен Ислам Каримов — алдыдагы пландарды аныктоо жана “түбөлүк” достук келишимдерине кол коюш үчүн эгемендиктин алгачкы жылдары тез-тез жолугуп турган.

Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов болсо башка жолду тандап алды. Эгемендикти жарыя кылгандан аз өтпөй Түркмөнстан Борбор Азиядагы башка кошуна өлкөлөрдөн алыстай баштаган. Ниязовдун бир да чөлкөмдүк уюмдарга катышкысы келбеди.

1995-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркмөнстанды бейтарап өлкө катары тааныгандан кийин Ниязов Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусун токтотту.

Ал арада Тажикстандагы жарандык уруштун желаргысы коңшу өлкөлөргө да жете баштады.

1992-жылдын ноябрында Тажикстанда бийликке Эмомали Рахмон келди. Аны кризиске батып турган өлкөнүн башкаруучусу деп эсептешти, 1997-жылы жарандык согуш аяктагандан кийин да мамиле өзгөрбөдү.

Борбор Азия биримдигин бекемдөөгө багытталган көп иш-аракеттерде Тажикстан менен эсептешкен эмес.

1998-жылдын мартында гана Тажикстан Борбор Азиянын Бажы биримдигине кабыл алынды – бул топко ушул чөлкөмдүн гана мамлекеттери кирет.

СССРдин ыдырашы, демократиялык кыймылдар


Кийинчерээк Кошмо Штаттар менен анын өнөктөштөрү Ооганстандагы террорчуларга каршы операция баштаганда борборазиялык чакан уюмдар ШКУ жана ЖККУнун көлөкөсүндө кала берди.

Борбор Азиядагы биринчи террордук акт 1999-жылдын 16-февралында өттү, Ташкенде ири теракт болду.

Ошол жылдын жайында “Өзбекстан ислам кыймылынын” (ӨИК) жоочуларынын Кыргызстандын түштүгүндө пайда болушу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ансыз да салкын мамилесин начарлатты.

Ташкент Дүйшөмбүнү өз аймагын жоочулардын машыгуу аянтына айлантып салганы үчүн айыптады. Тажик өкмөтү мындай дооматты четке какты.

Өзбекстан Бишкекти да капыл-тапыл кирип келген жоочуларды ыкчам жок кылууга аракет жасабаганы үчүн сынга алды.

2000-жылы Кыргызстан, Тажикстан менен чек арасына мина койду. Бул “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочуларынын чек арадан жашыруун өтүшүнө тоскоолдук экенин түшүндүрдү.

Бирок ал миналардын айынан Кыргызстан менен Тажикстандын эчен жай тургундары мерт болду. “Өзбекстан ислам кыймылы” Борбор Азияга тикелей коркунуч келтирбей калгандан кийин деле минага жарылып, набыт болгондордун саны азайган жок.

1998-жылдын ноябрында тажик бийлиги Өзбекстанды Тажикстандын түндүгүндө мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракетин колдогону үчүн айыптады.

Түркмөнстан 2002-жылдын ноябрында президент Ниязовго ыктымал кол салуу боюнча Өзбекстан дарегине кылапат айткан жок. Бирок, түркмөн коопсуздук күчтөрү Өзбекстандын Ашхабаддагы элчилигин тинтип, бир айдан кийин ошол кездеги өзбек элчиси Абдурашид Кадыровду өлкөгө экинчи киргис кылып чыгарып жиберген.

2005-жылдын мартындагы Кыргызстандагы «жоогазын» ыңкылабынын натыйжасында президент Акаевдин бийлиги кулады, айрымдар муну демократиянын жеңиши катары кабыл алышты.

Кыргызстандагы «жоогазын» ыңкылабы. Март 2005-жыл.

Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрү андай ыңкылапты жактырбады. Алар элдик козголуш коңшу өлкөлөргө жайылып кетсе, бийликке бекем жабышкан Назарбаев, Ниязов, Каримовдордун күнү бүтөт, эгемендикке жетишкенден бери кызматын таштабай отургандарга кыйын болот деп чочулашты.

Кыргызстандагы кийинки президенттердин 2010-жылы анан 2020-жылы күч менен алмаштырылышы да борборазиялык лидерлердин кооптонуусун жаратты, сүрмө топту бийликти алеки саатта алмаштыруусу өлкөгө туруксуздукту алып келери, башкаларга "жаман өрнөк" болору чочулатты.

Эгемендикти жарыя кылгандан кийинки 20 жылда Борбор Азия өлкөлөрү бири экинчисинен кескин айырмаланган мамлекеттер болушту. Тээ илгери 1991-жылкы Ашхабад жыйынында жалпы тарыхыбыз кызматташууга өбөлгө түзүп, баарыбыз гүлдөгөн өлкөгө айланабыз деген илгери үмүткө жетеленген лидерлер бүгүн башка.

Аларды жакындаштырчу нерселер деле аз калды. Мамлекет башчылары сейрек жолугуп, кош тараптуу карым-катыштар азайып калышына азыр эч ким таң калбайт.

Борбор Азия чек араларын кесип өтүү оголе оор жумуш. Анын үстүнө чек аралар көбүнесе жабык.

2016-жылдын жайы аяктап бараткан чакта Өзбекстан президенти Каримов акка моюн сунгандан кийин өлкөлөр ортосундагы мамиле жакшыра баштады.

Каримов Борбор Азия лидерлерин жактырчу эмес. Ар кыл учурларда анын микрофон алдындагы кычкыл сөздөрү Назарбаев, Акаев, Рахмон, Ниязовду же Алмазбек Атамбаевди “чымчып” өтүүгө гана багытталгандай таасир калтырчу. Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-жылдан 2017-жылга чейн башкарды.

Каримовдун ордун баскан Шавкат Мирзиёев буга чейин убада кылган реформаларынын көбүн жасай элек. А бирок Өзбекстандын коңшулар менен мамилесин жакшыртуу убадасын жакшы аткарууда. Борбор Азиянын жакындагы саммити бул өлкөлөр кызматташууну жолго коюуга мүмкүндүгү бардыгын көрсөттү.

Албетте, проблемалар деле толтура. Алардын ичинен эң олуттуусу — кыйладан бери токтолбой келаткан Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жаңжалдары.

Дагы караңыз Чөлкөмдөгү абал, Нур-Султандын мүдөөсү


Чек аранын айынан апрелдин соңунда эки өлкө куралдуу кагылышка барганына карабай, мамлекет башчылары Аваздагы жолугушууга келишти.

Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тажикстандын президенти Рахмон Кыргызстан менен чек арадагы чыңалууну азайтуу аракетин көрдү.

Түркмөнстан дагы эле обочолонуп турат, калган төртөө апаат учурунда да кызматташуу аракетин көрүп, бири-бирине колунан келген жардамдарын берип турушту.

Чек аралар дагы деле толук ачыла элек. Мындан 20 жыл илгеркидей чылк жабылбай, бир топ ачык. Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жерлерге коюлган миналарын тазалаган.

Соңку жыйында Борбор Азия экономикасын дагы тыгыз байланыштыруу үчүн кандай иштерди жасоо, кайсы жерден ортолук чекитти табуу тууралуу кеп болду.

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын биринчилерден болуп белгиледи, салтанат 31-августта өттү. Андан кийин Өзбекстан майрамын баштады (1- сентябрь). Тажикстан (9-сентябрь), Түркмөнстан (27-сентябрь) Казакстан (16-декабрда) майрамын жыл аягына чейин белгилейт.

Тагдырдын тамашасын караңыз, быйылкы Борбор Азиянын беш республикасынын эгемендик майрамы мурдагысына салыштырмалуу бири экинчисине кыйла көз каранды болуп турган чагына туш келүүдө, ортолук кызматташуу, өз ара түшүнүүчүлүк аба менен суудай керектиги ушу тапта ачык билинүүдө, мурда андай түшүнүк капарга кирбептир.

Англис тилинен которгон Алиса Вальсамаки.