ДССУ: Коронавируска каршы карантинди жеңилдетүүгө эрте

Украин аял индиялык "Covishield" вакцинасы менен эмделүүдө. Бул вакцина Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы биргелешип өндүргөн вакцинага негизделген. Киев шаары. 2021-жылдын 5-марты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчилиги азыркы тапта, Бразилия коронавирус илдетинен оор чыгымдарга учурап жаткан жана жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө ырайымсыз вирустун жайылышынын жаңы толкуну катталып жаткан маалда, АКШнын карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетип жатканына санааркоо билдирип, дагы эле сак болуу жана пандемияны токтотуу аракеттерин жеңилдетпөө зарылдыгын эскертти.

Карантиндик шарттарды жеңилдетүүгө азырынча эрте деген эскертүү 5-мартта АКШда вакцина менен эмдөө жүрүмү кызуу жүрө баштаган маалда айтылды. Ушул жылдын башындагы өтө жогорку сереге жеткен жугуштуу оорунун күнүмдүк жайылышынын көрсөткүчү азайып бараткандыктан, айрым штаттар менен шаарлар экономикалык жагдайды жакшыртуу зарылдыгынын айынан карантиндик чектөөлөрдү азайтууга өтүшүүдө.

Дагы караңыз COVID-19 – инсульт менен инфаркттын шыкакчысы


АКШнын Нью-Йорк шаарында кинотеатрлар бир жылдан кийин кайрадан өз эшигин ачты. Мында беткапчан гана көрүүчүлөр тейленет жана ар бир залда 50 кишиден ашуун болбошу керек. Кинотеатр өз сыйымдуулугунун чейрек бөлүгүнө гана көрүүчү кабыл алууга акылуу.

Ошол эле учурда, Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун изилдөөсү көрсөткөндөй, беткап тагынуу коронавирустун жайылышына такаат кылчу олуттуу тоскоол болуп жаткандыгы далилденди жана калайыкка шаарларда ресторандарда жана ашканаларда тамактанууга кайра жол берилсе, анда илдеттин жайылышына жана өлүм-житимдин көбөйүшүнө алып келиши ыктымал экендиги айкын болду.

Дүйнө жүзү Бразилияда, Европада, Түштүк Африкада жана башка жерлерде алааматтуу илдетти жуктуруп жаткан коронавирустун мутацияларына каршы эмдөө үчүн жарыша аракет кылып жаткан кезеңде, ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Майк Райан бул пандемия жеңилип бүтө элек деп билдирди.

"Эгерде биз этият болбосок, өлкөлөр үчүнчү жана төртүнчү толкундарга кайрадан кириптер болуп калышат", – деди Райан онлайн брифингде.

Дагы караңыз ДССУ: Вакцина менен кошо эле вирустун жаңы типтери пайда болуп жатат

Бразилия ушул аптада коронавирустун жайылышынын жана анын айынан болгон өлүмдүн рекорддук көрсөткүчүнө кабылды. Бул – Бразилияда алгач катталган вирустун жаңы түрүнүн алааматтуулугун ого бетер тастыктады.

ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Бразилиядагы кырдаалды "өтө санааркатчу жагдай" деп мүнөздөдү жана ар башка чөлкөмдөргө анын тез арада жайылып кетиши мүмкүн экендигин эскертти.

Коронавирустун бразилиялык түрүнүн үч өлчөмдүү көркөм сүрөтү. Анын артында Бразилиянын желеги тартылган. 2021-жылдын 1-марты.


Башка да кабарларга келсек, Израилде 7-марттан тартып карантинди жеңилдетүүнүн үчүнчү баскычы жүзөгө ашырыла баштайт. «Жерусалем Пост» басылмасынын билдиришинче, коронавируска каршы кош доза алып эмделгендерге «жашыл паспорт» бериле баштады.

Экинчи жолу эмделгенден 7 күн өткөн соң, мындай паспорттун ээлери коомдук жайларда жүрүүдө кыйла жеңилдиктерге ээ боло баштайт. Алар ресторан жана кафелерде эркин тейлене баштайт. Алар конок үйлөрдө де тейленет.

Ал эми Израилдин шаарларынын ичинен кайсы шаарында 50 жаштан ашкан кишилердин 70 пайыздан ашууну оорудан айыгып чыкса жана эмделген болсо, бул шаарларда жогорку класстардын окуучулары мектеп парталарына кайта алышат.

Дагы караңыз Калктын дээрлик жарымы эмделген Израилде турмуш жанданат


Кытайда акыркы суткада 10 жаңы инфекция ырасталды. Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы «бардык учурларда биз чет өлкөдөн келгендер жөнүндө сөз кылып жатабыз», деп билдирди. Бул мекеменин айтымында, өлкөдө жалпы жуктуруп алгандардын саны 89 962ге жетип, COVID-19 менен ооруган 4636 бейтап каза болду.

Түштүк Америкадагы 17,3 миллиондуу калкы бар Эквадордо Саламаттыкты сактоо министрлиги муниципалитеттер чет өлкөдөн COVID-19 вакциналарын өз алдынча сатып алууга укуктуу, деп билдирди. Муну менен жергиликтүү бийлик эмдөөчү компаниянын эмдөө эрежелерин так аткарышы керек. Өлкөнүн эң ири шаары Гуаякилдин мэри буга чейин британиялык AstraZeneca компаниясы, кытайлык Sinovac, ошондой эле орусиялык Sputnik V компанияларынан эмдөөчү дары сатып алууга 15 миллион АКШ долларын бөлөөрүн жарыялаган.

Дагы караңыз ДССУ жана ЮНИСЕФ: Дүйнөдө вакциналар адилет бөлүштүрүлсүн


Германиянын бийликтери өлкөдөгү компанияларга өз кызматкерлерине экспресс-тест жүргүзүп, коронавируска чалдыккандар бар же жоктугун ыкчам тактоого көмөк кылууга чакырды. Германиянын федералдык канцлеринин мекеме башчысы Хелге Браун (Helge Braun) айым мындай ыкчам сынак үчүн ири компаниялар буга чейин эле жетиштүү инфратүзүм даярдаганын кошумчалады. Бул тууралуу «Дойче Велле» («Немис толкуну») агенттиги кабарлады.

«SARS-CoV-2» деп илимде аталган бул коронавирустун пандемиясы башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 116 миллиондон ашуун киши оору жуктуруп, дээрлик 2,6 миллиону көз жумган. 92 миллиондон ашуун бейтап бул оорудан айыгып кетти.