Анда коронавирус пандемиясына каршы күрөш уланып жаткан чакта анын болочокто да экономикага тийгизген оор кесепеттери көрсөтүлдү.
Эл аралык Валюта корунун Вашингтондо жайгашкан кредиттик бөлүмү менен Дүйнөлүк банктын глобалдык экономиканын абалы боюнча биргелешкен соңку отчетунда Чыгыш Европа менен Борбор Азия чөлкөмүнө кирген 23 өлкөнүн экономикалык абалы талданды.
Анда 2021-жылы жалпы экономикалык өсүш 3,9% айланасында болжолдонуп, өнөр жай товарларына баа өсүп, суроо-талап күчөп турганы белгиленген. Буга COVID-19 илдетинин терс таасири себеп болгону айтылат.
“Туура чаралардын топтомун кабыл алганда, сөзсүз түрдө оор кесепеттердин алдын алууга болот. Анда экономиканы калыбына эле келтирбей, туура өнүгүү нугуна бурууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан тез чараларды көрүү зарыл”, – деген Эл аралык валюта корунун башкы экономисти Ольивер Блэнчард.
Дагы караңыз Улуттук банктын эсептик чени жана экономикаДүйнөлүк банк чөлкөмдөгү экономиканын болочогун туңгуюк абалда деп эскертти. Ал эми аны кайра калыбына келтирип, карантиндик чектөөлөрдү алып салуу үчүн эмдөө иштери бирдей шартта жүрбөй жатканы маалымдалган.
“Борбордук Азиянын, Чыгыш Европанын жана Батыш Балкандын кээ бир өлкөлөрү вакцина сатып алууга же өндүрүүгө байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. COVAX же башка макулдашуулар аркылуу вакциналарды алуу кепилдиктери дагы ойдогудай эмес”, – деп жазылган баяндамада.
Соңунда эл аралык донор уюмдардын тиешелүү мамлекеттерге каралган кредиттик жана гранттык каржылоосу кыскарып, каржалган абалдан өлкөлөрдүн ички саясатында олку-солкулук орун алып, мамлекеттер аралык мамилелер дагы татаалдашары болжолдонгон.
“Эгерде пандемия дагы узакка созулуп кетсе, экономикалык өсүш болжолдонгондон бир топ начар болушу мүмкүн. Анда тышкы каржылоо шарттары катаалдашып, саясий туңгуюк жана геосаясий чыңалуу күчөйт”, – деген негизги божомол банктын соңку баяндамасында жарык көрдү.
Дагы караңыз Грантка үмүт арткан КыргызстанОтчетто COVID-19 илдетинин 2021-жылы кайра жайылганы экономиканын калыбына келишин үзгүлтүккө учуратканы айтылып, чечкиндүү чара көрүлбөсө, пандемиянын таасири жана анын кесепеттери оор болушу мүмкүн экени эскертилген.
Улуттук валюталардын кунсузданышы баалардын өсүшүнө алып келип, бир топ өлкөлөрдө дүрбөлөң жаратканын белгилейт. Инфляциялык басым айрыкча Армения, Беларус, Грузия, Орусия, Кыргызстан, Тажикстан, Украина жана Түркиянын экономикасын чайпап өткөнү мисал келтирилген.
Маалыматка караганда, Орусиянын экономикасында өсүш быйыл 3,2% гана болжолдонуп, Чыгыш Европа менен Борбордук Азия чөлкөмүндөгү калган мамлекеттерде эң төмөнкү - болгону 1,9% гана өсүш көрсөткүч күтүлүп жатат.