"Жок дегенге дааган эмес". Көлбаев жана камалган ишкерлер

Камчы Көлбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышта болгон, шериги деп шек саналган ишкерлерди жана алардын жакындарын камоону, иш козгоону улантып жатат.

Өткөн айдын соңунда экс-депутат Борис Сандын уулу, ири бизнесмен Александр Сан камакка алынды. Атайын кызмат ал буга чейин кармалган "Мадина" базарынын ээси, парламенттин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов менен алака-катышта экени аныкталганын жарыялады. Салимовдун уулуна дагы Көлбаевге байланыштуу кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Соңку окуялар кримтөбөлдүн көзү тирүү кезиндеги бизнестеги таасири, шериктери жана ошол маалдагы жагдай жөнүндө талкууларга жем таштады.

УКМКнын дооматы, ата-бала Сандын "сансыз мүлкү"

Атайын кызмат Бишкектеги ар кандай бизнес объектилеринин, анын ичинен Sun City комплекси, "Золотой дракон" рестораны өңдүү жайлардын ээси Александр Сан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын билдирген (Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү - “уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”, 222-беренесинин 3-бөлүгү - “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”).

Анда экс-депутаттын уулу кримтөбөлдөн сырткары "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов жана анын уулу Илшат менен байланышы бар экени аныкталды деп маалымдаган.

Александр Санды карматкан жагдайда анын кымбат баалуу бир батири негиз болгону белгиленген.

"Алар Турсунтай Салимовго ("Иттипак" уйгур диаспорасынын лидери, “Мадина” базарынын негиздөөчүсү) таандык мурдагы бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу турак жай курууну пландаганы аныкталган. Курулуштагы шарттардын бири күрөө катары кымбат батирди берүү болгон. Курулушка уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан келишим бузулган. Бирок Илшат Салимов 2020-жылдын башында Борис Сан жана Камчыбек Асанбек менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп, баасы 300 миң доллар турган “Магнат” турак жай комплексиндеги батирди мыйзамсыз ээлеп алган. Кийинчерээк бул батирди Камчыбек Асанбек Чолпон-Атадагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Борис Санга таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган. Ошол эле учурда бул батир “Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурдагы “Сан-клуб” казиносунун ээси Борис Сандын Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыш тобун каржылоого, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулу Александр Сандын атына катталган. Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 миллион доллар коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экени жөнүндө маалымат алынган. Сандын үй-бүлөсү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, дүң жана чекене соода тармагындагы 11 фирманын тең түзүүчүлөрү болуп саналат. Алардын чет жакта дагы ишканалары бар экени аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз Көлбаевдин империясы: кримтөбөлдөрдү ким калкалайт?


Сандын үй-бүлөсү жана анын жактоочулары бул дооматтар тууралуу азырынча үн ката элек.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн айда парламентте Көлбаевдин ишине байланыштуу ишкерлер кармалып жатканы тууралуу учкай маалымат берген. Ал кылмыштуу топтор мамлекетке пайда алып келген ири ишканалардын баарында үлүшкө кирип, ээлеп келгенин айткан:

“Мамлекет (ал ишканаларды) сата баштады. “Күрмөнтү-цементти” сатып жатабыз, ал ОПГ колунда болчу, 5-6 миллион долларга инвестор келип жатат. “Ай-Пери” салонунда бүт бандиттер топтолушуп, бар кылып алып, ошол жерди бүт өздөрү карап отурушкан. Аны толук бойдон өкмөткө өткөрүп бердик, 20-25 миллион долларга баалап, сатып жатышат. Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводун да криминал ээлеп алган”.

Ташиев анда кылмыштуу топторго каршы күрөштүн негизинде өкмөткө 1 миллиард 200 миллион доллардан ашык сумма акчалай жана мүлк түрүндө өткөрүп берилгенин маалымдаган.

Ташиев мурдараак “криминалдар буга чейин көптөгөн бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөнү, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алгандары аныкталып жатканын” маалымдап, дагы башка жабыркагандар болсо УКМКга кайрылууга үндөгөн.

"Ай-Пери" сулуулук салону демекчи, бул жай Союздун тушунда борбор калаадагы ири коомдук тейлөө жайларынын бири эле. 1985-жылы курулган, атактуу график сүрөтчү Теодор Герцендин колунан жаралган мозаикалык чыгарма түшүрүлгөн бул үч кабат имараттын ичинде убагында чач тарач, косметика залы, үлпөт салону өңдүү тейлөө кызматтары жайгашкан. Эгемендик жылдары бул имараттын ичинде жеке дүкөндөр, тамактануу жана эс алуу жайлары ачылган.

Салимовдордун башынан айланган "сур булут"

Октябрь айында кримтөбөлдүн шериги болгон деген айып менен экс-депутат, ири ишкер Турсунтай Салимов кармалып, бир айдан кийин анын уулу Илшатка издөө жарыялаган. Атайын кызмат анда "Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу менен алектенген" деген айып койгон.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ильшат Салимов Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өз өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, андан кийин анын кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган. Мындан тышкары, И.Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар. Белгилей кетсек, Салимовдордун үй-бүлөсү Камчыбек Асанбектин камкордугунан активдүү колдонушкан, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган. Салимовдордун үй-бүлөсүнөн кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирген УКМК.

Дагы караңыз Ишкерлердин камалышы: ЖИА бийликке кайрылды


Октябрь айында УКМК Көлбаевге жана анын кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган 20 адамдын арасында Турсунтай Салимов дагы болгон.

Атайын кызматтын маалыматында, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылган.

Мындан көп өтпөй анын жактоочулары билдирүү таратып, атайын кызматтын дооматы негизсиз экенин айтып, бийликке кайрылган.

“Сотто УКМКнын тергөөсү Салимовдун кылмыштуу топ менен байланышы бар экенине далил келтире алган жок, ошого карабастан, судья аны камоо тууралуу чечим чыгарды. Салимовду кармоо Кылмыш-процессуалдык кодексин одоно бузуу менен жүргүзүлдү, судья ага көңүл бурбай койду. Мисалы, Салимовду кармоо учурунда ал кылмыш жасап жаткан эмес болчу, аны кылмышкер деп көрсөткөн күбөлөр да, жабыркагандар да жок. Ал мыйзамсыз жана негизсиз кармалды. Айып аңыз кептин негизинде, фото же видео далилсиз, далил документтерсиз коюлду”, - деп жазылган кайрылууда.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты болгон. Ал Бишкектеги “Мадина” базарын 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Жарандык активист, талдоочу Илим Карыпбековдун пикиринде, өлкө эгемендик алган жылдары кримчөйрө менен бизнес алака-катышта болуп келгени анык. Буга бир катар себептер, ириде ишкерлер кримдүйнөнүн лөктөрүнөн өздөрүн коргой албаган жагдайы дагы негиз болгон.

Илим Карыпбеков.

"Бизнес менен кримчөйрөнүн мамыр-жумур болуп калганы ачыктан ачык эле анык. Эл арасында деле муну баары эле ачык сүйлөшүп жүрүшкөн да. Мен өзүм жеке Көлбаевдин же ага катыштыгы, байланышы бар адамдардын таасирине кабылган жокмун. Себеби чоң бизнесим жок эле. Бирок ошол бизнесте жүргөн адамдардын көбү менен сүйлөшүп, айрымдары менен достошуп жүрөм. Муну баары эле кадыресе, кадимки нерседей сүйлөшчү да. "Көлбаевдин командасы бул жерге үлүшкө кирип жатыптыр, биргелешип там салып жатыптыр" деп айтышчу. Буга чейин кримтөбөл же кримчөйрө кадимкидей эле биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп эле келген да. Той-аштарда, куран окутууларда кримчөйрөнүн адамдары менен чогуу-чаран эле отуруп, керек болсо тойлорго сыйлуу, барктуу конок катары чакырып, төрдөн орун берип келгенин баарыбыз эле көрсөк керек. Ушундай чырмалышып калган. Укук коргоо органдары аларды кармады дегенди угуп калсак кайра бат эле коё берип жиберишчү эмес беле. Ошондуктан аларга укук коргоо органдарынын тиши өтпөйт экен же болбосо буларды жазалоо кыйын го деген эле ойдо калчубуз. Аларга эч ким эч нерсе дей алчу эмес да. Керек болсо депутаттарды, министрлерди, президентти сындай алган адамдар ошол атактуу кримтөбөлдү тирүү кезинде сындай алган эмес да. Себеби алар бат эле таап коёт, алардын соту кыска, жоопко тартылган жолу кыска деп эч ким эч нерсе дей алчу эмес да", - деди Карыпбеков.

Ройго салынган издөө

Өткөн айда УКМК Көлбаевге байланышы бар деген айып менен Азим Рой аттуу жаранга сыртынан айып тагып, издөө жарыялады. Мекеме “ал Көлбаевдин өкүл атасы болгон” деп билдирген.

Түбү кыргызстандык Азим Рой мурда Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал болгон. Бир нече кылмыштарга байланыштуу соттолуп, кийин атын өзгөртүп, чет жакка чыгып кеткен. Бир жыл мурда анын президент Садыр Жапаров жана анын кудасы, Жогорку Кеңештин депутат Акылбек Түмөнбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан.

“Тергөө жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6 миң чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Азим Рой Бишкектин кымбат баалуу жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. аттуу жарандын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчыбек Асанбек жашап келген”, – деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз Көлбаевдин өкүл атасы деген Азим Рой ким?


Атайын кызмат Азим Ройдун Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан 2 миллион долларды түзгөн дача үйгө ээлик кыларын жана Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттежи бар экенин да тактаган.

Азим Ройдун аты буга чейин дагы кримчөйрө тууралуу маалыматтарда аталып келген. Бирок эки жыл мурда Рой Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланганы, былтыр болсо Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак баракчасын алганы да белгилүү болгон. Эки мекеме тең өтмүшү шек жараткан жаранга көрсөтүлгөн сый-урматтын себебин түшүндүргөн эмес.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев ишкерлерге байланыштуу азыркы окуяларды буга чейинки кримчөйрөгө каршы натыйжасыз күрөш менен байланыштырды:

Төлөгөн Келдибаев.

"Кыргызстанда 30 жылдан бери уюшкан кылмыш топторго каршы күрөшүү, коррупцияга каршы күрөшүү саясаты, ага карата мыйзамдар ишке ашкан деле жок. Керектүү мыйзамдар деле кабыл алынып жатты. Буга чейин дагы Ички иштер министрлиги, бийлик өзү президент баш болуп уюшкан кылмыш тобуна каршы натыйжалуу иш жүргүзгөн жок. Соңку 30 жылда бийликте ким болсо, ошолор коррупциянын символу деген адамдар менен атүгүл үй-бүлөлүк катышта болгон. Ак үйдөгүлөр криминалды атаандаштарына каршы пайдаланып келген учурлар дагы болгон. Азыркы окуялардын баары ошонун үзүрү. Криминал 30 жыл ичинде бийликке, бийлик башчыларына таасир эте алган даражага жетип калган. Керек болсо кадр саясатына чейин аралашкан деңгээлге жетишти. Ушундай абалда бизнес чөйрөсү дагы алар менен кызматташып, сиңишип кетти да. Криминал менен куда-сөөк, таяке-жээн болуп катташып, каралардын аталарынын мааракелерине чейин барган учурлар болду да. Эмнеге анын үйүнө бардың десе, анын бир тууганы депутат болгон, чоң кызматтарда турган да. Мисалы, Көлбаевдин кошунасы болгон үчүн анын апасынын тоюна барган деп да чыгышпадыбы. Ушундай жолдор менен кылмыш тобунун өкүлдөрү бийлик менен катташып келди да".

"Айчүрөк" соода борбору жана Көлбаевдин карааны

УКМК өткөн айда дагы бир ишкер Анвар Габбазовго дагы Көлбаевге байланыштуу айып тагып, издөө жарыялаган. Атайын кызмат ал Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси экени ырасталды деп билдирген. Анын алдында айрым маалымат каражаттары ЦУМдун администрациясына шилтеме кылып, "Габбазов бул соода жайынын ээси эмес" деген маалыматты жарыялашкан.

УКМКнын бышыкташынча, “Айчүрөк” ачык акционердик коомунун (ААК) негиздөөчүлөрү - “ЦУМ Холдинг” ААКсы (44% үлүш) жана “Башкы Универсал Дүкөн” ААК (47% үлүш). Уставдык капиталынын 8% үлүшү жеке адамдарга таандык.

Ошол эле учурда ЦУМдагы соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берген атайын компания “Сити Центр” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү Анвар Габбазовдун эжеси Хадия Маметова болуп саналат. Ал эми “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү - Габбазовдун апасы Анашхан Маметова.

Дагы караңыз Көлбаевдин миллиард долларлык байлыгы, "кылмыштуу империясы"


Атайын кызматтын маалымдашынча, “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын директору Нурмамет Мухтаров Анвар Габбазовдун бир тууганы Ришат Габбазов менен чогуу бир үйдө каттоодо турат.

УКМКнын маалыматында, Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаевдин ортосундагы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары такталган.

Мындан көп өтпөй атайын кызмат Көлбаевдин ишинен улам "Сити Центр" ишканасынын башкы директору кармалганын билдирген. Анда Ж.З.О. аттуу айымга 222-берененин 3-бөлүгүндө ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо") каралган кылмышты жасаганыы боюнча айып тагылганын маалымдаган. Учурда ишкананын мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө", - деп айтылган кабарда.

"Каралардын ордун кызылдар баспайбы?" Кош стандарттуулук коркунучу

Коомдук ишмер Сапар Аргынбаев кылмыш тобуна каршы күрөштө, алардын бизнесмендер менен алака-катышын аныктоодо кош стандарттуулук болбошу керектигин белгиледи:

Сапар Аргынбаев.

"Криминалдын таасирин убагында биз дагы башыбыздан өткөргөнбүз, билебиз. Көлбаев байлыгын бир жылда же беш жылда топтогон эмес да. Бир канча жылда чогулткан. Бийлик менен теңата болуп, укук коргоо органдары менен айрым учурда кадырлуу өнөктөш болуп иштеген учурлары дагы болгон. Аны камаган түр көрсөтүп, бир-эки жыл бардык шарты бар камерага отургузуп, кайра бошотуп келишкен. Чынын айтканда, ушунча жылдан бери байлыкты топтоп алган. Азыркы бийликтин криминал менен күрөшүп жатканы жакшы, бирок аны жарнамалабай, ишкерлерди тандалма жол менен жоопкерчиликке тартпай, кайсы бизнесменди Көлбаевге байлайм, кайсынын байлабайм деген жолго түшпөсө эле болду. Азыр эми Көлбаевге байланыштуу 200 коррупционерди аныктадык, иштен алдык деп айтып жатышат. Бирок алардын бирөөсүнүн дагы атын чыгарбай жатышпайбы. Чыгарышсын да. Чыгарганда эмне үчүн ага барган, Көлбаевдин байлык топтошуна кандай жардам берген - ошолордун баарын ачыкка чыгарышсын да. Эгерде бул күрөштү тандалма саясат коштой турган болсо, анда анын жыйынтыгы деле жакшы болбойт. Анан "кара" криминалдын ордун "кызыл" криминал басып калышы мүмкүн деген чоң кооптонуу бар".

Деген менен жарандык активист, талдоочу Илим Карыпбеков ишкерлерди Көлбаевдин ишине байланыштуу жоопко тартууда эске алынчу жагдайлар бар экенине токтолду:

"Бул жерде бизнесмендерге таасир эткен себебинин эки жагы бар. Биринчиден, укук коргоо органдары, сот органдары ошол адамдарды жоопкерчиликке тартууда айрым жагдайларды эске алышы керек го деп ойлойм. Себеби ал учурда укук коргоо органдары бизнесмендерди толук коргой алган эмес. Ишкерлерде укук коргоо органдары коргой алат деген ишеними жок эле. Эгерде ошол ыраматылык Камчыбек Асанбектин атынан адам келип, "мен ушул үлүшкө кирип, иштейм" дей турган болсо, ага коркконунан эч ким жок деп айта албайт эле. Эң чоң кримтөбөлдүн адамына жок деп айтуу мүмкүн эмес эле. Анткени алардын таянары жок эле. Жөнөкөй адам болобу, бизнесмен болобу, бул укук коргоо органдарына таянышы керек да. Алар коргойт деген ишеним жок болгондуктан, көбү макул дегенге аргасыз болгон. Ошондуктан Камчы Көлбаев ошол учурда кайсы гана ишкерге барбасын, баары макул болмок. Ошондуктан азыр кримтөбөлгө байланыштуу жоопко тартып жатканда ушул жагдай эске алынышы керек. Экинчиден, бардык бизнесин тартып албай, куугунтукту андан ашыра колдонуп кетпей, ошол Көлбаевдин үлүшү канча болгон, ошону аныктап, ошого жараша гана жоопко тартса жакшы болот эле. Ошондо гана адилеттүүлүк болуп, элдин көбү, бизнесмендер деле моюн сунуп көнмөк. Өздөрү деле үлүшү ушул эле деп берсе керек".

Октябрда Көлбаев атайын операцияда жок кылынгандан кийин кармалган адамдардын арасында "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ишканасынын ээси Азрет Боотаев дагы болгон. УКМК тараткан маалыматта Боотаев кримтөбөлдүн бизнес өнөктөшү катары иш алып барганы жазылган. Көлбаевге байланыштуу “Элитстрой”, “Гознак” сыяктуу он чакты компанияга кожоюндук кылган Олег Подобедов дагы колго түшкөн.

Дагы караңыз Ташиевдин билдирүүсү: Түмөнбаевдин мандаты, Жапаровдун кызматы (видео)


Ишкерлер кармалган жагдай тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, камтамачылык билдирген. Уюм мамлекет башчынын ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо убадасын эстетип, бизнес чөйрөнү биротоло чочутуп албоого чакырган.

Ассоциациянын кайрылуусунда камакка алынган ишкерлердин аты-жөнү келтирилген эмес. Бирок кеп мында соңку айларда удаа кармалган курулуш тармагындагы ишкерлер жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү болгон.

Алар: "кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга" айыпталып кармалган “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев, Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов. Мунун ичинен Миңкеев тилкат менен бошотулса, Файзиев менен Акматов дале камакта отурат.

9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.