Коомдук транспорт: тариф өзгөрдү, шарттар ошол эле

Шаардык бийлик жаңы тарифтин кириши менен маршруттук такси жана автобустарга талап күчөй турганын, ашыкча жүргүнчү салууга тыюу салынарын билдирген эле. 

Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары троллейбус, автобустардагы тыгын азайбаганын, эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгилеп жатышат.

Кечинде ар бир аялдамада ондогон киши тизилип коомдук транспорт күтүп турганын көрүүгө болот.

Жашы жете электерге жеңилдиктер каралган эмес. Алар чоңдордой эле 15 сомдон төлөшөт. 2-3 баланы мектепке жиберген ата-энелер жол киреге көп акча короп жатканын социалдык тармактарда жазышып, кабатырлануусун билдирүүдө.

Октябрда Бишкекке Өзбекстанда чыгарылган Isuzu чакан автобустары жеткирилген. Жүргүнчүлөр алардын ыңгайсыз экенин сындап чыгышкан. Бирок ага түшүүгө көпчүлүк мажбур. 

Шаардык кеңештин жыйындарынын биринде миллион киши жашаган Бишкекте 650дөй гана кичи автобус жүргүнчү ташып жатканы айтылган. Төрт жыл мурун маршруттук таксилердин саны 4500дөй болчу.

Кечке маал студенттер жана мектеп окуучулары сабактан чыкканда маршруттук автоунаалардын эшиги жабылбай калгыча толуп калат.

Мурда Бишкекте эртең менен жана кечке жуук же элдин баары окуу, жумуштан чыкканда жол тыгындары пайда болсо, азыр ал көбөйүп, элди эки эсе түйшүккө салат. Ичи толо транспортто баратып, ал аз келгенсип жол тыгындан жылбай көпкө турган, дем жетпей тумчуккан учур бардык эле шаардыктардын башынан өтсө керек. 

Баш калаада коомдук транспорт көйгөйү качан чечилери белгисиз. 

Бишкектеги троллейбустар.