Венеция комиссиясынын сыны, Бишкектин жообу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда референдумга саналуу күн калганда Венеция комиссиясы баштаган эл аралык эксперттер Баш мыйзамдын долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Алар жаңы Конституция кабыл алынса, Кыргызстанда бийлик бир адамдын колуна топтолуп каларын, тең салмактуулук бузуларын эскертишүүдө. Конституцияны өзгөртүүнү жактагандар мындай пикирге кошулбайт.