Жогорку Кеңештин тармактык комитети 5-сентябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров демилге кылган "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан документ 17-июлда коомдук талкууга коюлган.
Айрым депутаттар, юристтер долбоор чийки экенин, мыйзам кабыл алынса сот эркиндиги чектелерин, чечимди кайра кароого негиз болгон жагдайлар так жазылбаганын белгилешүүдө.
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында долбоор тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады.
Ал документтин маанилүү экенине токтолуп, Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тажрыйбасы Өзбекстан, Казакстан жана Литва өңдүү мамлекеттерде дагы бар экенин айтты. Сыдыков соттун чечимин кайра кароого жол ачкан жагдайларга токтолуп, өлкөдөгү "матронимден" чыккан талашты мисал келтирди.
"Биз адамзаттын жалпы принциптерин, ата-бабалардын жалпы мурастарын сактоо менен Конституцияны кабыл алганбыз. Андан сырткары адам укуктарын, эркиндиктерин чектебеген, кемсинтпеген кыргыз элинин каада-салттары мыйзам менен коргоого алынган. Ар бир элдин тарыхы, баалуулуктары бар. Ошону менен жашап, ошону менен эл болуп келатат. Айрым учурлар нарк-насил менен жөнгө салынган. Бул жерде аны ким аныктайт? Бийликтин ээси - эл. Нарк-насилди алып жүрүүчү дагы - эл. "Матроним" боюнча коомдук пикир, коомдук жана маданий ишмерлердин пикирине ылайык, ал коомдун аң-сезимине карама-каршы келет. Кыргыздын салтында деле "жети атага чейин кыз алып, кыз бербе" деген. Ошондуктан каада-салттын, адеп-ахлактын туткасы, алып жүрүүчүсү - бул эл", - деди Сыдыков.
Жыйында мыйзам долбооруна "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова гана каршы добуш берди. Ал Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан, адеп-ахлакка байланыштуу жобо так эмес экенин белгиледи. Депутат долбоор талкууланып жаткан жыйынга Конституциялык соттун төрагасы катышпаганын сындады.
Ошондой эле документ тууралуу Венеция комиссиясынын корутундусу зарыл экенин эскертип, долбоорго "чийки" деген баа берди.
"Эгер сот чечими чыкса, мен анда ага баш ийем, ал мага жагабы же жакпайбы, менин моралдык принциптериме туура келеби же келбейби, ага карабай баш ийем. Ар кимдин принциби ар кандай, бирок биз азыр башка нерсе тууралуу, юридикалык жагы тууралуу айтып жатабыз. Бирок кайра кароо чечиминин чегин ким аныктайт, ким экспертиза берет, Конституциялык сот өз чечимдеринде эмнеге таянат? Моралдык баалуулуктарга каршы келерин ким аныктайт? Чаржайыт, түшүнүксүз мындай норма юридикалык жактан мыйзам чыгаруу менен эч коошпойт. Эгер силер муну бир жерге жармаштырабыз десеңер, анда анын алкагын белгилегиле, анткени маселе олуттуу. Биз эми юристпиз да, аны бир нерсеге байлаш керек экенин түшүнүп турабыз. Мыйзам долбоордун азыркы вариантын кабыл албоо керек, анткени аябай чийки".
Дагы караңыз Консот чечимин кайра кароо артында эмне сыр бар?Президент Садыр Жапаров сунуштаган Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоору 17-июлда коомдук талкууга коюлган. Анда "Конституциялык сот тууралуу" мыйзамды 52-берене менен толуктоо каралган.
Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кандай жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн. Анда үч негизги жагдай, тактап айтканда, чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе, кайра каралары жазылган.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоору түпкүлүгүндө туура эмес деп эсептейт.
"Бул негизинен туура эмес мыйзам долбоору. Мен муну буга чейин деле айткам. Мамлекеттик институттардын, бийлик бутактарынын ортосундагы баланс сакталышы керек. Бизде бүгүнкү күндө президенттин администрациясынын көптөгөн ресурстары бар. Андан сырткары администрациянын, президенттин сот системасына дагы түздөн-түз таасири бар. Ошого карабай ар кандай мыйзамдар аркылуу Конституциялык соттун чечимдерине кийлишүүсүн аталган соттун эгемендигин төмөндөтүү катары таанысак болот. Ошондуктан мен бул механизмди туура эмес деп эсептейм. Конституциялык сот карап жаткан суроолордун баары - конституциялык маселелер. Алар жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жаңы иш менен каралышы мүмкүн. Бирок чыгарган чечимин жокко чыгаруу туура эмес. Бизде коомдо резонанс жараткан "матчество" тууралуу маселе бар. Конституциялык соттун бала 18ге чыккандан кийин фамилиясы тууралуу чечимди өзү кабыл алат деген чечиминин негизинде ушул маселе жаралды. Чөйрөдө каада-салт, үрп-адатка дал келбеген ченем боюнча Конституциялык сот өзгөчө чечим чыгарып, буга президенттин администрациясы макул болбогондон улам чыккан чыр. Бир чечимдин айынан бүгүнкү күндө Конституциялык сот өзүнүн эгемендигин жоготуп жаткан кези", - деди Эргешбаева.
Буга чейин Садыр Жапаровдун Конституциялык соттогу атайын өкүлү Алмазбек Молдобаев долбоор тууралуу түшүндүрмө берген. Анда чечимди кайра кароо зарылдыгы, судьялар дагы жаңылыштык кетирери, аны оңдоо үчүн чечимдерди кайра кароо мүмкүнчүлүгү болушу керектиги менен негиздеген.
"Конституциялык сотто өз чечимин кайра кароого мүмкүнчүлүк болушу керек. Мисалы, Конституция өзгөрсө же кандайдыр бир жаңы жагдайлар же иш каралып жаткан учурда белгилүү болбогон негиздер чыкса, же элибиздин моралдык баалуулуктарына, аң-сезимине карама-каршы келсе, кайра каралышы керек. Азыр эч ким кепилдик бере албайт, соттор дагы ката кетирет, кээде туура эмес документтер берилет. Ушундай каталар кетиши мүмкүн. Конституциялык соттун чечимин өздөрү эле карайт, аларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Чечим президенттин жана Конституциялык соттун сунушу менен кайра каралат. Сот чечиминде кандайдыр бир ката кетсе, президент аны кайра кароону сунуштай алат".
Констициялык соттун чечимин кайра кароого жол ачуу аракеттери активист Алтын Капалованын арызы тууралуу чечиминен кийин башталган.
Активист үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырганы белгилүү болгон. Бирок 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияда утуп алган.
Мамкаттоо 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, балага энесинин атынан документ берилбей турганын кабарлаган.
Ушул жылы 30-июнда Конституциялык сот Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" арызын караган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.
Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат.
Конституциялык сот Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген.
Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.
Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.
Конституциялык соттун чечимине байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев үн катып, "матроним" тууралуу жарандык пикирин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына "эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям" деп жазган.
Эки жыл мурда күчүнө кирген Баш мыйзамдын негизинде Конституциялык палатанын ордуна Конституциялык сот түзүлгөн жана тогуз судьядан турат.