Уста дагы музыкант

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Маратбек Берикбаев 50 жашта. Ал отуз жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет. Анын устаканасында жаралган аспаптарды Кыргызстандын өнөрпоздору эле эмес Жапония, Германия жана Америкада жашаган өнөрпоздор сатып алып турушат. Маратбек 2005-жылы Парижде дүйнөдөгү таанымал усталардын тизмесине кирген. Устага бул өнөр атасынан өткөн.