Көлдүн суусу кескин тартылып кетти. Булуң-бурчтан тартылган сүрөттөр

Катуу ысыктан жана жаан-чачындын жоктугунан Румыниядагы Амара көлүнүн суусу болуп көрбөгөндөй тартылып кетти. Мунун айынан айыл чарба багытындагы 100 миң гектар жер зыян тартты. Өткөн жумада Румынияда сууну керектөөгө чектөө киргизилди.

Украинанын Николаев шаарындагы көчөдө орус аскерлеринин соккусунан каза болгон адамдын бут кийими.

Кабулдагы көрүстөндө паранжа кийген ооган аял менен бала зыярат кылып жүрүшөт.

Орусия Украинага абадан сокку урган учурда бомбадан баш калкалоочу жайга жашынууга машыгып жаткан студенттер.

Куткаруучулар Украинанын Чугуев шаарында орус күчтөрүнүн аткылоосунан жабыркаган социалдык-маданий борбордун урандыларын тазалап жатышат.

Венгриянын чыгышындагы Бири айылында дыйкан колуна тамекинин жалбырактарын кармап турат.

Сербиянын полиция кызматкери Хоргош айылында мигрант балдарга суу берип жатат.

Косовонун Гжакова шаарына жакын жерде сууга секирүү боюнча жыл сайын өтүүчү мелдештин катышуучусу 22 метр бийиктиктеги көпүрөдөн секирип жатат.

Куткаруучулар Украинанын Харьков облусундагы Чугуев шаарындагы социалдык-маданий борборго Орусиянын аба соккусунан каза болгон жарандын сөөгүн карап жатат.

Кабулда кичинекей кыз машиненин терезесинен сыртты карап баратат.

Муссон жамгырынан жапа чеккендерге Пакистандын Хайдарабад шаарындагы жардам тобу тамак-ашты бекер таратып жатышат. Пакистандагы нөшөрлөгөн жамгырдан 310 адам каза болду.

Румыниядагы Драганештыга жакын жердеги кургакчылыкты токтотуу үчүн жамгыр тилеп жаткан диний жөрөлгө учуру. Православ кечили тиленип жатат.

Орус аскерлери Украинанын Харьков облусундагы Чугуев шаарындагы имаратка сокку ургандан кийин борбордук маданият үйүнүн урандыларынын астында калган сөөктөрдү издөө учуру. Тыныгып отурган өрт өчүрүүчү.

Украинанын Харьков облусундагы Чугуев шаары. Орусиянын ракеталык соккусунан талкаланган маданият үйүнүн имаратынын алдында балдардын оюнчуктарын чогултуп жаткан киши. 

Македониялык сүрөтчү Анхель Димовски Чаус өзүнүн Скопьедеги студиясында.

Киевдин четиндеги Бородянкадагы кароосуз калган көзөмөл-өткөрүү пунктунда орус жоокеринин формасы кийгизилген манекен. Сүрөт быйылкы жылдын 16-майында тартылган. 

82 жаштагы Тамара Маркова Украинанын чыгышындагы Краматорск шаарына жакын Малотарановка айылындагы үйүнө кайтып келгенден кийин. Жанында уулу Николай Рясков.

Украинанын Запорожье облусунда БТР менен жүргөн орус аскерлери. 

Христостун cүрөтүнүн алдында коюлган гранаталар.  Харьков облусундагы фронттогу "Карпатская Сечь" батальонунун алдыңкы операциялык базасы.

Куткаруучу Украинанын Донецк облусундагы Торецк шаарында орус аскерлеринин соккусунан талкаланган турак жайдын урандыларынын арасында баратат.

Дүйнө жүзүндөгү ар кайсы мамлекеттерде тартылган кызыктуу сүрөттөрдүн топтомун тартуулайбыз.