Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар жабырлануучу-күбөлөр кысым менен туура эмес көрсөтмө берип жатканын, сотто мыйзам бузуулар орун алганын айтып жатышат. Сот органдары жана УКМК буга жооп бере элек.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча 16-сентябрда уланган жараянда айыпталуучулар сотко катышуудан баш тартышты.
Буга айыпталгандардын бири Фархат Баабиев жабырлануучу-күбөгө суроо берүүнү көздөп, бирок ишти карап жаткан судья Марат Сыдыковдун ага уруксат бербей, залдан чыгарганы түрткү болгон.
Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева судьянын бул аракети адвокаттардын нааразылыгын жаратканын билдирди.
«Фархат Баабиевди сот залынан чыгаруу тууралуу чечимди адвокаттар туура эмес деп эсептешти. Калган айыпталуучулар да адвокаттарды колдоп, соттун мындай чечимине каршылык иретинде баарын тең залдан чыгарууну суранышты».
Фархат Баабиевдин адвокаты Баатырбек Шамбетов 16-сентябрда судья Марат Сыдыковдун аракетине баа берүүнү өтүнүп Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына арыз менен кайрылды. Ал судья айыпталуучулардын укуктарын бузуп жатканын айтты.
«Судья Марат Сыдыков тарабынан мыйзам, Кылмыш кодексинин жоболору одоно бузулуп жатат. Мен кызыкчылыгын коргоп жаткан Фархат Баабиевдин суроо берүү укугун четке какты. Муну менен Баабиевдин укугу бузулду. Судья ага эмнеге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк бербей атасыз деген нааразылыгыбыз үчүн сот залынан чыгарып койду. Мындан улам мен токтоосуз түрдө Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына арыз берип келдим. Судьянын аракетине тиешелүү баа берилип, чечим кабыл алынат деп үмүттөнөм».
Кой-Таш боюнча айыпталгандардын ишти караган судьянын дарегине нааразылык көптөн бери айтылып келет.
Алар жана адвокаттар сотто жабырлануучу-күбөлөр катары көрсөтмө берип жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлерине жетекчилик басым-кысым кылып жатат деп да нааразы.
Дагы караңыз
Атамбаев «Батукаев ишинин» сырларын ачты14-сентябрда президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Фарид Ниязов билдирүү таратып, «Альфа» тобунун аскерлери сотто көрсөтмө берүүдө чаташып жатканын жазып, атайын кызматтын жетекчилигин айыптаган.
«Алар өз көрсөтмөлөрүндө адашып жатышат. Бул кызматкерлер жетекчилик берген буйрукту аткарып, судья жана прокурорлор адвокаттардын аларга суроо беришине тоскоолдук жаратышты», - деп жазылган Ниязовдун билдирүүсүндө.
Атайын кызмат жана сот органдары мындай билдирүүлөрдү жоопсуз калтырып, эч кандай комментарий бере элек. Сот Кой-Таш окуяларына катышкан «Альфанын» 54 кызматкерин жабырлануучу күбө деп тапкан. Алардын баары тең көрсөтмө бериши керек. Ушу кезге чейин онго чукул аскер суралды.
Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталып жатат. Жараянга Атамбаевден башка айыпталуучулар толук катышууда.
Экс-президент быйыл жазындагы териштирүүдө сотко катышуудан баш тартып, судья аны залдан чыгарган. Ошондон кийин сот Атамбаевсиз өтө турган болгон. Бул иш башынан бери жабык каралууда. Жактоочулардын жана айыпталуучулардын ачык жараян өткөрүү тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырыла элек. Көз карандысыз юрист Шарабидин Токтосунов соттун жабык өтүшү коомчулукта ар кандай жоромолдорго негиз болуп жатат деп эсептейт.
«Бардык нерсенин ачык болгону жакшы. Ачык болуп, кимдин канчалык күнөөсү бар же жоктугун эл көрүп турса туура болот. Негизи адвокаттар сот башталганда эле жараян ачык болсун, видео-аудиого тартып, журналисттер киргизилсин деген талап коет. Бирок соттор өздөрүнүн туура эмес иштерин эл билип калбасын деген ойдо видео-аудио жазууга тыюу салып келет. Бул туура эмес. Ким болбосун, күнөөлүүбү-күнөөсүзбү, кылмышкерби же кылмышкер эмеспи - ачык сот болгондо гана соттолгон адамга эл өз баасын берет».
Дагы караңыз
«Кремль Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эмес»Айыпталуучулардын дээрлик баары Кой-Таш окуясы боюнча соттун артында саясат турат деген пикирде. Ошол эле кезде жабырлануучулар жана окуяда каза болгон «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева мындай пикирлерди жазадан кутулуу аракети катары баалап келет.
Өткөн аптада сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн мөөнөтүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан.
Күбө катары тергөөгө келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.
Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Мындан сырткары ондогон киши ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланган. Операция оңунан чыкпай, эртеси да уланган.
Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынган. Окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Тергөө кызматы айып койгон 19 адамдын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Дагы караңыз
Равшан Жээнбеков: Бийлик кландарды пайдалануудаСотко иши өткөндөрдүн ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат.
Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу иш да өзүнчө каралууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.