"Көркөм адабиятка табит калыптанбаса улут өксүйт"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленет. Бул күндү утурлай уюштурулган баарлашууга бирикменин төрагасы Каныбек Иманалиев жана жазуучу, журналист Дүйшөн Керимов катышты. Анда улуттук адабий бирикменин түптөлүү тарыхы, эгемендик мезгилдеги оош-кыйыштуу учурлар, адабий бирикмеге муктаждык жана жалпы калемгерлерге коюлуп жаткан учурдун талаптары, интеллектуалдык адабияттын деңгээли тууралуу сөз болду.