Көп улуттуу Үч-Коргондогу Нооруз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы эң көп улуттуу айылдардын бири Үч-Коргон. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан. Мында тажик, өзбек, кыргыз, түрк, орус, дунган, татар улутундагы элдер жашайт. Алар бири-бири менен чырмалышып, эбак туугандашып бүтүшкөн. Үч-Коргондуктар сүмөлөктү ар кимиси ар кандай жол менен бышырса дагы ниети, максаты бир. Өлкөдө тынчтык, ынтымак, бейпилдик болсо дешет.