Кочкор: жайытты сакташ үчүн мөңгү жасаган адис

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагында жайыт жерлери коргоого муктаж. Жергиликтүү айыл чарба адиси Урмат Өмүрбеков соңку 20 жыл ичинде жайыттардын абалына көз салып, эл аралык уюмдардын күчү менен аларды калыбына келтиргенге аракет кылып келет. Мындан тышкары ал жайытты кургакчылыктан сактоо үчүн жасалма мөңгү тондуруу ыкмасын ишке ашыра баштады.