"Кинорежиссерлор мени талашып калышчу"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

81 жаштагы Ракия Шершенова - “Кыргызфильм” киностудиясынын алгачкы киномонтажеру, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал “кыргыз кереметин” жараткан таланттуу киносценаристтердин, кинорежиссерлордун, актерлордун экрандын артындагы ишенимдүү таянычы болуп келген. “Азаттыкка” курган “сыябан-маекте” монтажерлук кесиптин күчү жана ал аркылуу тапкан Чыңгыз Айтматов, Шаршен Усубалиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Лилия Турусбекова, Динара Асанова, Алгимантас Видугирис, Төлөмүш Океев өңдүү кыргыз маданиятынын чыгаандары тууралуу айтып берди.