Херсонго сокку, туткундан бошотулган аскерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза тапкан жигиттин ишин президент жеке көзөмөлүнө алды. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болгонун айтып, акыйкат тергөөнү талап кылууда. Украинага жасалган соңку чабуулдардан бир аял мерт кетип, дагы бир нече жай тургун жарат алды. Ал арада Орусиянын туткунунан 22 украиналык жоокер кайтканы кабарланды. Кыргызстандык балбан, дүйнө чемпиону Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.