Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында “молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов жана филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахан менен талкуулайбыз.
- Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап, окко тытылган, бомбага талкаланган шаарлардагы согуш өртү али өчө электе, жүдөп-какап, мөгдөп турган элдин көзүндөгү жашы кургай электе Советтер Союзун репрессиянын экинчи толкуну каптаптыр. Ошол репрессияда жазгыч, ойчул, заманачыл деп аталып жүргөн акындардын мурасы кантип бутага алынды?
Садык Алахан: 1947-жылы Ждановдун Анна Ахматова менен Михаил Зощенко жөнүндөгү, “Ленинград”, “Звезда” журналдары жөнүндөгү баяндамасынан кийин репрессиянын экинчи толкуну жүргөн. Эгер 1937-38-жылдары инсанга, жеке индивидге карата кыянатчылык болсо, 1940-жылдардын аягы, 1950-жылдардын башында инсанга кыянатчылык менен катар, көркөм мурастарга карата кыянатчылык башталган.
“Жуңгар” эпосун талкалашты, казактын “Козу Көрпөш - Баян сулууну”, “Алпамышты” талкалап келишип, “Манаска” жетишти. Ошондо 1952-жылдын январынан баштап “Советская Киргизия” менен “Кызыл Кыргызстанга” “Манасты” талкуулоо жөнүндө макалалар орусча, кыргызча чыгып турган. Басма сөздө талкуулар жүргөн.
Ошондо маданий мурастарга карата идеологиялык кыргын болгон десек болот. "Рецидивисттер, улутчул ойлор” деп, борбордон башталган куугунтук автоматтык түрдө союздук республикаларга жаңырды. Тил боюнча Шүкүровду, адабияттан Саманчинди, Молдо Кылычты, иши кылып бирине бирин байлаган.
- Сулайман агай, алды менен “молдо” сөзүн түшүндүрө кетсеңиз. Азыркы убакта эми бул сөз диниятчы, диний ишмерге карата айтылат да.
Сулайман Кайыпов: “Молдо” дегенге келе турган болсок, көбүнчө айылдагы сабаттуу адамдардын бардыгын “молдо”, “молдоке”, “молдом” деп кайрылуу элдик этикетке айланып калган. Сабаттуу, өзү текст түзүп же чыгарма жазгандарды дагы “молдо” же болбосо “акын” деген. Бул түшүнүктөр сабаттуу адамдарга тиешелүү болгон. Кийинчерээк сөздүн мааниси тарыды. Советтер Союзу убагында коммунисттик идеологиянын негизин атеизм түзгөн. Ошондуктан “молдо” - бул эски, ислам динин таркаткан диний ишмерлер деген түшүнүк болгон үчүн бул сөз көбүнчө жакшы кабыл алынган эмес. Бирок ошол эле убакта адамдардын аттарында дагы колдонулган. Молдакмат, Молдаалы, Молдомуса. Ушундай ысымдарды коё беришкен. Андан эч ким жабыр тарткан эмес.
Дагы караңыз Эмгеги жүз жылдан кийин жарык көргөн Молдо КайыпБирок диний идеологияны таркатуучуларга эркиндик берилген эмес. Бул эми өзүнчө турмуштук маселе. Адабият жагына келе турган болсок, ошол убакта кат тааныган акындар келип чыккан да. “Молдо” кат тааныбай, жалаң эле төкмөчүлүк өнөр менен жашап келсе, кийинчерээк, айрыкча жадит системасы чыккандан кийин сабаттуу, идиреги, акындык өнөрү бар, чыгарма жаза алган кишилер дагы өз чыгармаларын кагазга түшүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Алардын баары ырларын арабча жазган. Өзгөчө чагатай тилинде. Чагатай тили Орто Азия түрктөрүнүн жалпы орток тили болгон. Кыргыздар деле кат жаза турган болсо, чагатайча киришүүсүн жазып, анан ортосун кандай сүйлөсө ошондой жазып, аягында бүтүргөндө дагы чагатай формасы менен бүтүргөн. Бул документ деп эсептелген. Бул салтка айланган. Расмий сөздөрү, айталы, кандайдыр бир жыйында сүйлөй турган болсо, жалпыга түшүнүктүү болушу үчүн сөзсүз түрдө чагатай тилин колдонгон. Себеби, чагатай тили бардыгына түшүнүктүү тил болгон. Ошондуктан кат билгендиги үчүн аларды дагы “молдо” деп коюшкан. Таланттуу, өздөрүнүн чыгармаларын кагазга түшүргөн акындарды жазгыч акындар деп коюшкан. Жазгыч акындардын ичинде “молдо” дегени бар болсо, аларга өтө этият мамиле кылган.
Садык Алахан: XIX кылымда, XX кылымдын биринчи чейрегинде “молдо” сөзү “агартуучу” деген маанини түшүндүргөн. Илимдүү, билимдүү, балдарды окуткан, балдарга тарбия берген, балдардын сабатсыздыгын жойгон адамдардын баарын “молдо” деп коюшкан. “Молдоке” деп кайрылышкан. Бир жолу жалаң жаш мугалимдер туруп калсак, Чыкем (Айтматов): “Эй, молдокелер, кандайсыңар?” - деп кайрылганы эсимде. Сөздүн түпкү мааниси “агартуучу” дегенди камтыйт. “Беш молдо” деген китебимдин баш сөзүндө ушуну жазгам. Коммунисттер, большевиктер бул сөзгө таптакыр тескери маанини сыйдырып салышты.
“Молдо” деген сөздүн агартуучулук маанисин жоюшуп, Курандын сүрөөлөрүнө көз салып отурган, “апийим” деп аталган диндин алып жүрүүчүсү катары образ берип салышты. Ошондон улам “молдо” деген кошумча аты бар акындардын баарына тескери мамиле жасалды. Албетте, алардын ичинде, мисалы, Тоголок Молдо сыяктуу большевиктик идеологияны карманып, Калык, Осмонкул, Алымкул сыяктуу акындар совет бийлигин даңазалагандары да болду. “Өзгөрүш” деген поэманы жазды. Бул биринчиси. Экинчиси - Алдаш Молдо 1927-жылга чейин мектепте сабак берген. Кадр реформасын жүргүзгөндө бул кишиге айтышкан: “Сиздин билимиңиз бар экен, кудай бар деп окутат экенсиз. Ушундан тансаңыз, ушуну окутпайм десеңиз, мектепте ишиңизди уланта бересиз”, - деп, анда Алдаш Молдо “жок, кантип танамын” деп, мугалимдигин таштаган. Тоголок Молдо кол жазмаларды изилдөө багытына өтүп алып, кыргыздын макал-лакаптары, бешик, сүйүү ырлары дегендерди адабияттан окуп жүрбөйбүзбү, ушулардын 70-80% Тоголок Молдонун кол жазмаларында калган. Ушунун баарын Тоголок Молдо кагазга түшүргөн. Жаңылмачтар, табышмактар академиянын корундагы Тоголок Молдонун кол жазмасы 168 басма табак. Бир басма табак - машинкеде терилген 24 бет.
Подкастты бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Кара Молдо, Алдаш Молдолор, андан кийинки табылган молдолор орустарга карата таптакыр башкача мамиледе болду. Мисалы, Молдо Кылыч орустардын тескери портретин түзүп, “узун чөптүн баарысын оруп келе жатыры, кыска чөптүн баарысын коруп келе жатыры” деп жазып атпайбы. Бул эми метафора - “узун чөп” дегени байларды оруп келе атат, “кыска чөп” дегени кедейлерди коруп келе атат маанисинде.
Молдо Нияздын өзгөчөлүгү орустарга башка диндин өкүлдөрү катары мамиле кылган. Молдо Нияздын орустар жөнүндө жазганынын жанында Молдо Кылыч, Калыгулдардын жазганы “Сиз” дегендей эле сылык сөз болуп калат. Анан, албетте, ал эч качан СССРдин учурунда чыкпайт, элге жетпейт да. Алдаш Молдонун дагы ушундай багыттагы ырлары, саптары бар. Ушул жагынан алганда, биринчиден, большевиктер “молдо” деген түшүнүктүн маанисин өзгөртүп салышты. Экинчиден, “молдо” деген атты алып жүргөндөрдүн өзүнө тандалма мамиле жасалды. Большевиктик идеологияны колдогондорго өзүнчө мамиле, медалдарды, сыйлыктарды берип, китептерин чыгарып, ал эми жанагындай орустарга улут катары, адам катары терс мамиле жасагандардын мурасын сандыкка салдырып койду. Эгемендик жылдары башталгандан кийин биз кайра изилдөөнү колго алдык.
Дагы караңыз НКВД абагындагы кыйноо. Сөөгү жашыруун көмүлгөн ОрозбековСулайман Кайыпов: Мен университетти бүткөндөн кийин Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна кенже илимий кызматкер болуп орношком. Ошондо Сапарбек Закиров деген аябай мыкты агайыбыз бар эле. Баарыбызды тарбиялап өстүргөн кишилердин бири. Ал архивдеги материалдарды окуй бер деген. Анан мен окуп отуруп, шумдук акындар бар экенин көрдүм. Арасында акын эмес, эптеп ыр жазгандар дагы бар экен. Канчасын окуса деле чыгармачылык табияты толук болбогон, таланты жоктор көп экен. Анан арасынан бир канчасын алып, булар чындап эле дүйнөнү акындарча көрөт экен, сөздөрү акындардын сөздөрүндөй экен, түзгөн тексттери чыныгы ыр экен деп, агайлар менен сүйлөшүп отуруп, “Унутулган акындар” деген эки томдук жыйнак түзгөм. Ошондон улам билип калгам. Төкмө ырчылар, жазгыч акындар, меселчилердин бардыгын архивден жыйнагам. Азыркы академиянын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтуна караштуу кол жазмалар фонду бар. Ошол фонддо эмне болсо, баарын чукуп, изилдеп чыкканмын. Бул 1975-76-жылдары болчу.
- Ошол кезде баары бир мамиле башка эле да, коркутуп-үркүтүү же тыюу салуу болгон жокпу?
Сулайман Кайыпов: Болгон. Ал убакта идеологиялык жактан ушундай мамиле болот деп ойлогон эмесмин. Кийин китепти басмага берүү үчүн талкуулап жатканда окумуштуулар айтышкан, “ай, бала, саясат деген болот, идеология деген болот, ошого карап иш кылыш керек” деп. Кээде кадимкидей эле кекээрлеп, “ушундай бала экен” деп, жаман көз менен карагандар дагы болду. “Мен ишимди туура эле кылып атам. Ушундай кылыш керек. Мындан башка кандай бомок эле”, - деп ойлогом. Кийин ойлосом, мен академияга орношконго чейин эле бир топ чатактар болгон экен. Көп илимпоздор аксаган экен. Молдо Кылычты изилдейм деп аксап калган окумуштуулар болгон экен. Тазабек Саманчин, андан кийин Шаршенбек Үмөталиев дагы азап тарткан экен. Анан мен “жазгыч акын” деп атына “молдо” сөзү кошулгандардын баардыгын жыйнап атсам, айтышкан “ай, бала, өлүп каласың” деп. “Кандай эле өлүп калат экенмин?” деп түшүнгөн эмесмин. Көрсө, чындап эле бул идеологиянын сыдыргысына түшүп калгандан кийин жөн койбойт окшойт.
Бирок мен тагдырыма ыраазымын. Ошол убакта менин түзгөн китебимди бир томдук кылып чыгаралы дешти. Ошондо жазгыч акындар эмес, Балык, Найманбай, Көлдөн Солтобай ырчы, Чүйлүк Калмурза, түштүктөн Карамурза, айтылуу эң мыкты акындарднын бири Ботобай ырчы, Курман ырчы, Кетмен-Төбөдөгү ырчылар - ошолордун бардыгын архивден жыйнап, болушунча китепке киргиздим. Бирок кийин ошолорду коргой албай калдым. Бар болгону “Эл ырчылары” деген китеп чыгардым. Самар Мусаевич жооптуу редактор болду. Ошол китепке Балык Кумар уулун сактап калдым. Найманбайды сактай алган жокмун. Жеңижокту, Эшмамбетти, Кара-Суудан Бала ырчы Сыдыкты сактап калдым. Аны дагы талашып жүрүп, “Ботобай менен кошо жүргөн ырчы экен болбойт” дешкенине карабай, кошком. Жаки Таштемиров (1913–1988) деген абдан мыкты адабиятчы, фольклорчу агайыбыз бар эле. Ошол киши Бала ырчы Сыдыктын ырларын жыйнаган экен. Ал кишини дагы, мени да аябай кыйнашкан. Бирок “бул чыныгы акын, мунун кошпосо болбойт” деген экен. Кетмен-Төбөдөн Коргоолдун шакирти Алтымыш Мундузбаев деген бар болчу, Лейлек тараптан Шоорук Мырзакматов деген болгон. Ошолорду кошуп бир китеп кылып чыгардык.
- Изилдөөчүлөрдүн тагдыры деле оор болуптур. Айталы, окумуштуу Тазабек Саманчин Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө жазган илимий эмгектери үчүн куугунтукка алыныптыр. Алгачкы филолог-илимпоздор Ташым Байжиев, Зияш Бектеновдор өздөрү түзгөн окуу китебине элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу акындардын чыгармаларын киргизгени үчүн адегенде алкоого алынып, кийин 1947-жылы окуу китеби чыккандан соң кызматтан кетирилип, абакка камалып, лагерге айдалышат. Андан башка дагы бир топ авторлор куугунтук азабын жептир. Сулайман агай 1970-жылдардагы мамилени айтып жатпайбы. Сталин өлгөндөн кийин деле мамиле өзгөрбөптүр да?
Садык Алахан: Сталин кайтыш болгондон кийин атактуу ХХ съезд болгон. Менде Никита Хрущевдин тексти бар (Москвада окуп жүргөндө балдардан алган элем). Ошондон кийин “эми чыныгы демократия башталат” деп ойлошту. Чынында эле ошондой болду. Мурда жашырылып, жарыяланбай жүргөн чыгармалар чыкты. Биздикилер дагы Молдо Кылычты кайра алып чыгабыз деп, Москвадагы “Литературная газета” басылмасына акташ керек деп Токомбаевдер макала жарыялашат. Юнусалиев дагы катуу колдогон. 1958-жылы академияда чоң жыйын болуп, эми башы көтөрүлүп келе жатканда, ал маселени кайра көөмп салып жатышпайбы. Юнусалиевди ректорлуктан алышкан. 1949-48-жылдары З.Бектенов, Т.Байжиев, Т.Саманчиндер кетсе, ошондон 10 жыл өткөндөн кийин Юнусалиевди басып салып жатпайбы. Б.Юнусалиев Молдо Кылычты изилдеген. Саманчин филология боюнча кандидаттык диссертация кылып жактаган.
- Ушунун таасири менен 1980-жылдарга чейин бул темага эч ким батына албай жүргөн окшойт.
Садык Алахан: Ооба, кайра курууга чейин 30 жылга жакын изилденген жок. Кайра куруу башталгандан кийин, Москванын, кыргыздын окумуштуулары менен биргеликте Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун мурастарын кайра кароо боюнча атайын комиссия түзүлүп, кайра изилдене баштады. Абдыганы Эркебаев ошол комиссиянын мүчөсү болгон.
- Садык агай, өзүңүз “Унутулган адабият”, “Беш молдо” деген эмгектерди жаздыңыз. Сиз жалпы жонунан канча “молдону” таап, чыгармаларын жарыяладыңыз?
Садык Алахан: Бешөөнүкүн таптым. Бирок Молдо Багыштын кол жазмасы аз болуп калды. Алдаш Молдонун кол жазмасын алдык. Анан Молдо Нияздыкын Омор аке (Сооронов) академиядан чыгарды. Биздин окумуштуулар 1924-жылы реформаланган 27 тамгалуу араб арибин окуйбуз. Ал эми Молдо Нияздыкы эски араб ариби менен чагатай тилинде жазылган. Аны окуш кыйын. Зияш агайдын мектебинен арабча жазганды окудук. Ал ошол “Эркин-Тоо” чыккан алфавит. Омор агай кыйналганда атайын бирөөнү чакыртып окутту. Анын эрдиги ошондо. Муса Сапаев “үңкүрдөн таптым” деп 6-7 барак кол жазма алып келди. Ал таптакыр эски чагатай тилинде жазылыптыр. Аны эми эч ким окуй албайт. Аны окуй алган киши Өзбекстанда эле болуп калбаса, билбейм. Биз баарыбыз реформаланган араб алфавитин окуп калбадыкпы.
“Ала-Тоо” журналынын бул ишке эмгеги чоң деп айтсак болот. “Ала-Тоо” журналы кайра куруу башталганда эле мурастарды изилдөөнү колго алган. 1985-жылы Черненко кайтыш болгондон кийин Горбачев бийликке келип, “демократия, кайра куруу” деп жаңы кыймылдар башталды. Башка багытка бурулдук. Ошонун шарапаты менен “Ала-Тоо” журналы эски кол жазмаларды жарыялай баштаган. Журналга Белек Солтоноевдин “Кызыл Кыргыз тарыхы” чыкты. Абдулхай Алдашевдин (1918-2003) үйүнө барып, Алдаш Молдонун кол жазмаларын алдым. Чүй менен Манас проспектисинин кесилишиндеги дүкөндүн үстүндөгү батирде жашайт эле.
- Кол жазмалары арабча бекен?
Садык Алахан: Жок, кийин кириллицага которгон. Арабча Молдо Кылычтын кол жазмасы. Тамгалары арабча, тили кыргызча болгон. КГБнын архивиндеги Солтоноевдин кол жазмаларын китептеримде колдонгонмун. “Аны КГБнын архивинен караш керек. Бирок алар жабык. Бербейт. Кат жазып, кайрылыш керек”, - дейт бирөө, атын атабай эле коёюн. Анан мен айттым: “Андай эмес. КГБнын архиви азыр ачык. Маданий кол жазмалар үчүн ачык. Саясий бир нерселери жабык болушу мүмкүн. Мына мен өзүм ошол жерде отуруп, архивдик материалдарды алган кишимин”, - десем, унчукпай калышты.
Дагы караңыз
Боштондук күрөшү, колониалдык режимдин кыргыны- КГБ архивиндеги канчалык көп экен ошол кол жазмалар?
Садык Алахан: Бизге бергени, бербегени да болушу мүмкүн. Чыгармаларды гана белгилеп, “мынчанчы беттен мынчага чейин карайсыз” деп берген. Калганы сот процессинде болушу мүмкүн. Молдо Багышты таап, карадым. Алдаш Молдонукун алып кеткен экен. Абдулхай Алдашевичтин берген кол жазмасынан башка жок.
- КГБ аларды кантип алды, эл ичинен таап, чогултуп кеткенби?
Садык Алахан: Жок, конфискация кылып эле алып кеткен. Мисалы, Алдаш Молдо чыгармаларын өзү кагазга түшүргөн. Аны конфискациялап кеткен. Молдо Кылычтыкын дагы. Чыкемдин (Айтматов) Абуталиби жазып жүргөндөй эле да, ошол чыгармасында ушул доорду берип атпайбы. Уламыштарды жазып жүрсө, келип, алып кетет го. Ал жөн жерден жазылган эмес. Биздин маданий ишмерлердин кол жазмаларын ушинтип алып кеткендигин Чыкем билген да. Эң акыркыларынан Касым Тыныстанов болгон. Тыныстановдун грамматика, синтаксис жөнүндөгү кол жазмаларынын бардыгын алып кеткен. Кийин айтып жүрүшпөйбү “башкалардын аты менен чыккан” деп. Бирок ошого өзү дагы уруксат берген экен. Токмок жеп, эсин жоготуп жүргөндө “жок болуп өрттөнүп кеткенден көрө, өзүңөр чыгаргыла” деген экен. Кол жазманын тарыхы өтө татаал. Ошол үчүн Булгаковдун Воланд деген каарманы айтып жатпайбы “рукописи не горят” деп. Эч качан өрттөлбөйт кол жазмалар, эртеби-кечпи, жарыкка чыгат.
- Дагы изилдей тургандары көп эле болсо керек?
Садык Алахан: Эл ичинде көп, мындай таланттар толтура. Мына, Молдо Кайыпты эч ким деле билген жок да. 1970-жылдардын аягы, 80-жылдардын башында Сулайман Кайыпов китебине жазып жатпайбы: “Ошондо көп эле нерсе эсимде калчу эле, эс тутумум деле жакшы эле. Бирок Молдо Кайыптын мен даярдаган тексттериндеги бир дагы сапты эстей албай жатам” деп. Демек, академияда бар ал кол жазма. Башка бир папкаларда жатат. Мен муну кайдан билем? “Майдан” романы жөнүндө жазып, эки күндүк талкуусун өзүнчө китеп кылып чыгаргам. Ошондо 20 киши сүйлөгөн экен. Мен он бешин эле таап калдым да. Тексттин ичинде бирөө сүйлөп жатып: “Маликов айткандай” деп кетет. А бирок ал папкада Маликовдун доклады, сөзү жок. Издеп отуруп, таптакыр башка папкалардын арасынан таап алгам. Ошол сыяктуу Молдо Кайыптын ырлары, кол жазмалар сөзсүз түрдө бар, бир жерде жатат да.
Дагы караңыз "Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда