"Керемет" банктын иши: бир нече адам камакта

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда мамлекеттик «Керемет Банктын» бир нече жетекчиси жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармалды. Башкы прокуратурадан билдиргендей, алар “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” өңдүү кылмыштарга шектелүүдө.