Жон Кеннединин өмүрү

Жон Фицджеральд Кеннединин атасы Жозеф Кеннеди (солдо экинчи) менен энеси Роуз (солдон үчүнчү) 1938-жылы Лондондо балдары менен түшкөн сүрөт. Солдон оңго: Кэтлин, Эдвард (Тед), Патриция, Жин жана Роберт.  

Жон Кеннеди (оңдо) менен атасы Жозеф Кеннеди (ортодо) иниси Роберт (солдо) «Нормандия» француз кемесинде отурат. АКШ, 1938-жыл.

Лейтенант Жон Кеннеди (оңдо) АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жүргөн кези. Гуадалканал аралы, PT-109 торпедо катери, 1943-жыл.

АКШдагы Демократиялык партиядан президенттик шайлоонун талапкери Жон Кеннеди эл алдында сүйлөп жатат. Нью-Йорк. 14-май, 1960-жыл.

АКШнын вице-президенти, республикачыл талапкер Ричард Никсон (солдо) менен анын оппоненти, Демократиялык партиянын талапкери Жон Кеннеди теледебатка чыккан кези. Чикаго. 26-сентябрь, 1960-жыл.

Кеннеди АКШнын 35-президенти катары ант берүүдө. Вашингтон. 20-январь, 1961-жыл.

Президент Кеннеди Конгрессте 1970-жылга чейин Айга адам учуруу үчүн каражат бөлүү жөнүндө сүйлөп жатат. АКШ. 26-май, 1961-жыл. 

Жон Кеннеди менен СССРдин жетекчиси Никита Хрущев Кариб кризисинин алдында биринчи жолу кездешкен. Вена, 1961-жыл.  

Президент Кеннеди кызы Кэролайн менен уулу Жонду ойнотуп жатат. Вашингтон. Ак үй, 10-октябрь, 1962-жыл.

Президент Кеннеди Ак үйдө АКШ Кубага каршы курал колдонуудан баш тартканы тууралуу билдирүүгө кол коюп жатат. 1962-жыл.

Президент Кеннеди Берлинде сүйлөп жатат. Экиге бөлүнгөн шаар тургундарына "Мен да берлиндикмин" дегени кийин учкул сөзгө айланып кеткен.   

Кеннеди жубайы Жаклин менен машинада отурат. Кеннедиге ок жаңырарга чейин бир нече мүнөт мурун тартылган сүрөт. АКШ, Даллас, 22-ноябрь 1963-жыл. 

Аза күтүү иш-чарасы. Вашингтон, 25-ноябрь, 1963-жыл.

Жон Кеннединин жубайы Жаклин Кеннеди балдары Кэролайн, Жон жана күйөөсүнүн инилери Эдвард (арткы катарда солдо) менен Роберт (арткы катарда оңдо). Вашингтон. 26-ноябрь, 1963-жыл.