Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Ага комитеттеги алты депутат макул, төртөө каршы добуш берди. Отурумда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады.
Комитеттин төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков өзү документке каршы добуш бергенин журналисттерге билдирди.
"Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим", - деди ал.
Макул жана каршы экенин билдирген башка депутаттардын ысымдары аталган жок. Айдарбеков келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгондон кийин документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келине турганын айтты.
Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү деген жерлерди тизмектеди.
Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча талкууланып жаткан келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алынат. Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет.
Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала бере турганын кошумчалады.
Ташиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанга өттү делген жерлер төмөнкүлөр:
Гавасай 12 872 гектар,
Көк-Серек (Ала-Бука) 105 гектар,
Баястан 212 гектар,
Унгар-Тоо 35 гектар,
Кара-Белес 25 гектар,
Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.
Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйө турганын айтууда.
Жыйынга журналисттер, блогерлер, активисттер чакырылганы менен залдын ичине телефон менен кирүүгө, видеого тартууга уруксат берилбеди. Ушундай эле тыюу салуу депутаттарга да тиешелүү болду. Бул чечим айрым депутаттардын нааразылыгын жаратып, алар жыйындын алдында макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенин айтып жатышты.
Депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Максат Сарбагышев муну басмырлоо катары сыппаттады.
"Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап койобу, анда кирбей эле койсун депутаттар",- деди Самыйкожо.
Көп өтпөй жыйын Жогорку Кеңештин Ютуб каналында көрсөтүлө баштады. Ага аталган депутаттар дагы катышып, "жыйынга телефонсуз киргизүү тууралуу чечимге" нааразылык билдиришти.
"Биз Конституция менен жашайбызбы же буйрук мененби?" - деп суроо салды депутат Мирлан Самыйкожо. Аны депутат Адахан Мадумаров да колдоду.
Ташиев тыюу салууну чек ара боюнча жашыруун маалыматтар айтыла турганы менен байланыштырып, чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыгарын белгиледи.
"Бүгүн эч кандай ратификация өткөрүп жаткан жокпуз. Биз келишимдин долбоорун талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Бул жерде көптөгөн биздин документтер, карталар өзгөчө жашыруун карталар. Алардын бардыгын кол коюлганга чейин ачыкка чыгарганга биздин укугубуз жок. Ошондуктан камерага тарттырбастан депуттарга, журналисттерге айтып берели деп жатабыз. Президент менен эртең менен макулдаштык. Бул жерге жашыруун маалыматтарды алууга уруксаты жок журналисттер, коомдук инсандарыбыз отурат".
Маселе тармактык комитетте каралар алдында Өзгөн райондук администрациясынын алдына бир нече киши чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимдин парламентте ачык каралышын талап кылып турушту.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.
"Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 километр чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз", - деген Жапаров.
4-октябрда президент Жапаров Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушкан. Ошол жерде чогулган айрым тургундар президент менен жолугушууга кире албай калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн кабарлаган.
Президенттин бул жолугушуусунан мурда да Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын 6-октябрдагы жыйында айтып чыккан.
Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча 6-октябрда Фейсбукка пикирин жазып, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагыч боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазган.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жыйын жабык өтсүн деген маалыматты мамлекет башчыга 9-октябрда тиешелүү органдардын жетекчилери бергенин маалымдады.