Ташиев: Кыргызстан "Кемпир-Абадды" Өзбекстанга өткөрүп бербейт

Нааразы болгон жүздөгөн тургундар Куршаб айылындагы стадионго чогулушту.

Камчыбек Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, элди сабырдуулукка чакырды.

Атайын кызматтын башчысы Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн келгенин айтты.

Ташиев чек ара тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келерин билдирди. 

Атайын кызматтын жетекчисинин "Кемпир-Абад"  Кыргызстанда калат деген билдирүүсүнөн кийин Өзгөндө чогулгандар тарады. 

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери өтүп жаткан.

Буга чейин нааразы болгондор "суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деген талап менен бийлик өкүлдөрүн чакырышкан.