Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жүрүш, Бишкектеги акция
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын жүздөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп, суу сактагычка жакын аймактагы айылдарды кыдырышты.
Ушул эле күнү Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акция өткөрүштү.