Кемпир-Абад чечими, соңку кырдаал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимди кабыл алды. Кемпир-Абад маселеси соңку айлардагы өлкөдөгү эң башкы темага айланды. Кызуу талкуу, камоолор, кармоолор, парламентте эмоция, талаштар менен коштолду.

Буга чейин-талаш тартыш менен коштолгон кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселеге чекит коюлдубу? Кемпир-Абад кризиси чечилдиби? Мындан ары коомдук-саясий абалда кандай өзгөрүү болот? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкууладык. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов, Акбөкөн Таштанбеков, экс-депутат Бейшенбек Абдразаков, эксперт, активисттер Нурсултан Акылбек жана Шайырбек Маматокторов катышты.