Кечирүү же өч алуу. Илим кайсы бирин жактайт?

Иллюстрация сүрөт.

Башка бирөөнүн мамилесинен, иш-аракетинен жапа чеккен адам терс сезимдерден арылып, кайра гумандашуусу үчүн таарынткан адамды кечириши керекпи же өч алышы шартпы? Окумуштуулар бул эки аракеттин ар бирине илимий түшүндүрмө беришти.

Изилдөө эмне жөнүндө?

"Адам жана социалдык психология" илимий журналына Питтсбург университетинин психологу Карина Шумандын изилдөөсү жарыяланды. Бул жөнүндө илимий журналга шилтеме жасоо менен Forbes басылмасы жазды. "Виктимизацияга кабылгандан кийин өзүңдү регуманизациялоо: кечиримдин жана өч алуунун ролу" деп аталган илимий ишинде автор бул эки аракетти салыштырып, ар биринин өзгөчөлүктөрүн белгилөөгө аракет кылган.

Автор Therapytips.org сайтына берген маегинде: "Буга чейинки изилдөөлөр башка бирөөгө салкын мамиле жасап, эмпатия көрсөтпөй коюу адамга жөнөкөй адамдык сапаттардан ажырап калгандай таасир калтырарын көрсөттү",-деп белгилеген.

Мындан улам, ал кесиптеши Грег Волтон менен бирге капа кылган адамды кечирүү виктимизациядан кийин өзүңдү гумандаштырууга алып келерин божомолдошкон.

Башка бирөөнүн аракетинен жапа чеккен адамдар изилдөөчүгө өздөрүн басынткан сезимдерге туш болуп жатканын айтышкан. Мисалы, айрымдары "мен өзүмдү адам эмес, оюнчук сезип жатам", "мени тебелеп салышкандай сезим болуп жатат", "төмөнкү катмардагы адамдаймын" деген сыяктуу ойлорун айтышкан. Изилдөөчүнүн айтымында, адам өзүн башкалардан кем сезүү менен өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары көрбөй калат.

Мындай абалдан тез чыгып, башка бирөөдөн жаман сөз угуп же терс аракетине кабылгандан кийин адамдын өзүн натыйжалуу гумандаштыруусунун жолун издөө авторлорду зыян алып келген адамдарды кечирип же кечирбөөнүн артыкчылыктарын салмактап көрүүгө түрткөн.

Дагы караңыз Изилдөө: Орус жомокторунда терс сезимдер басымдуу

Өч алуу басынуудан арылтпайт

Изилдөөнү ишке ашыруу үчүн окумуштуулар алгач тажрыйба жасашкан. Катышуучулар эки топко бөлүнүп, биринчи топтогулар кесиптеши менен мамиле курууда нейтралдуу тараптын ролун аткарса, экинчи топтун мүчөлөрү кесиптешине таарынып, аны кечирип же өч алып жаткан сценарийди аткарышкан.

Тажрыйбанын жыйынтыгы кесиптешинен өч алууну көздөгөн катышуучулар басынган, өзүн өгөйлөнткөн сезимден арыла албаганын көрсөткөн. Ага салыштырмалуу, кечиримге ыктаган катышуучулар эч кандай таарыныч болбогондой эле сезимдерге дуушар болушкан.

"Бул изилдөө таарынычтан улам басынууга дуушар болгон адам кечирим аркылуу толук гумандаша алганын көрсөттү. Албетте, биз бул тажрыйба менен эле чектелип калган жокпуз. Башка изилдөөлөр, чыныгы окуялардын баары кечиримдүүлүккө артыкчылык берип турат", - дейт Карина Шуман.

Өч алып жаткан адамдар зыян алып келген адамды башкарып, көзөмөлдөп же акыйкаттыкты коргоп жатам деп ишенгендиктен, гумандашып жатам деп ойлошу мүмкүн. Бирок адамдар өч алууну деструктивдүү, маданиятсыз, моралдык баалуулуктарга туура келбеген кадам катары кабыл алгандыктан, басынган абалдан чыга албайт. Автордун айтымында, мындай ойду башка дагы изилдөөлөр ырастап турат.

"Жамандыкка жакшылык - эр кишинин иши"

Автордун айтымында, башканы кечирген адамдар жеке моралдык баалуулуктарына жараша аракет кылышкан. Бул кадам аларга кайрадан гумандашкандай сезим жараткан. Изилдөөдө "кечире билүү – зыян алып келген адамга карата негативдүү сезимдерден арылтуучу процесс" катары сыпатталат.

"Бул мээримдүүлүккө, шартсыз сүйүүгө жана берешендикке негизделген моралдык жооп", - дейт Карина. Ошондой эле, кечиримдүүлүк коом тарабынан да моралдык жактан бийик кабыл алынары таасир этет.

Изилдөөдө авторлор кечиримдин бир канча артыкчылыктарын да белгилеп өтүшкөн. Кечирим аркылуу өзүн гумандаштыра алгандар өз коомуна таандык экенин катуу сезе алышкан. Ошондой эле, өздөрү үчүн өз абийири бийик турарын далилдей алышканы оң таасир этип, зыянкечтикке азгырылуу ыктымалдуулугу төмөндөй түшкөнү байкалган.

Дагы караңыз Мөңгү астында калган байыркы дүйнө

Карина Шуман изилдөөсү боюнча берген маегинде башкаларды кечиргиси келбей жаткан адамдарга өз кеңешин берген. Анда ал "алгач кечирим суроону каалабагандык кайдан пайда болгонун аныктап алууну" сунуштайт.

Таарыныч күч болгондонбу? Зыян алып келген адам жоругун мойнуна албагандыктанбы? Мындай нерсе мурда да болуп жүргөндүктөнбү? Таарынычтан кутулуу оор болгондуктанбы? Ушул же башка себептер тоскоол болгондуктан, адам башка бирөөнү кечире албашы мүмкүн.

"Адамды кечирүү анын иш-аракетин актоо эместигин жана кечирим аны жоопкерчиликтен бошотпосун унутпоо керек", - дейт автор.