Казарман аэропорту учак күтөт

Тогуз-Торо районунун борбору Казарман айылынын кире бериши. Өлкөдөгү эң жолу катаал аймакка жетүү үчүн кеминде 10 саат жол жүрүү керек. Таксилер борбордон  түшкө чейин эле жөнөп кетет.

Казарман айылына 1950-жылдары самолёт уча баштаган. Адегенде жеңил бир кыймылдаткычтуу учактар, кийинчерээк Макмал алтын кени өндүрүлө баштаганда такай учуп-конуучу шагыл тилке ишке кирген.

Барган сайын аба каттамдарга суроо-талап өсүп, чакан аэробекет жана асфальт-бетон учуп-конуу тилкеси 1985-жылы ишке берилген.

Казарман аэропортунун шарты катаал. Учуп-конуу тилкеси Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жана майдандан 15 чакырым түндүктө 4073 метрлик Жалаңгач-Бугу чокусу бар. Аэропорт колотто орун алгандыктан, самолёттор конгондо жана учканда ар кыл ылдамдыктагы шамалга жана силкинүүгө (турбуленцияга) кабылат. Мунун айынан 1983-жылдын 29-июнунда СССР–87808 номерлүү ЯК–40 учагы кыйроого учураган.

Казарман аэропортунун ИКАО коду UAFZ, Орусиянын ИАТА коду КЗМ.

Аэропорт деңиз деңгээлинен 1277 метр бийиктикте жайгашкан. Учуп-конуу тилкесинин узундугу 1840 метр, туурасы  35 метр жана 22 тоннага чейинки самолётторду жарык маалда гана кабыл алат.

Казарман айылындагы төрт кабаттуу үйлөр. Айыл Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын так ортосунда жайгашкандыктан 1990-жылдардын ортосуна чейин Казармандан Бишкекке, Ошко, Жалал-Абадга жана Нарынга АН–2, АН–24, АН–28 жана ЯК–40тар такай каттап турган.

Казарман аэропортундагы Ан-2 учактары.

Ан-2 учагынын талкаланган борту. "Кыргызстан" авиакомпаниясы 2010–2012-жылдары жадыбалына күнүмдүк Ош—Казарман каттамын бекиткени менен, мамлекеттик авиа ишкананын АН–24 учагы түштүк калаадан Тогуз-Торого бир да жолу учкан жок. Менчик "Скай Бишкек" да 2013-жылы Ош—Казарман рейсине бир дагы билет сата алган эмес.

2013-жылдын апрелинде "Скай Бишкектин" 33-орундуу швециялык СААБ–340А учагы 16 жылдан соң жарым сааттык Жалал-Абад—Казарман каттамын аткарган. Жадыбал боюнча, ал рейс жумасына үч жолу учуп турмак. Иш жүзүндө, айына эки ирет каттап турду. Бирок бир тарапка жол кире 2000 сомдон ашуун болгонуна байланыштуу ал рейс көпкө чейин учкан жок.

Учурда аэропорттун учуу тилкелери жакшы сакталып калган. Аба майдан 22 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Тогуз-Тородон облус борбору Жалал-Абадга 1997-жылдын аягына чейин "Кыргызстан аба жолдорунун" 32-орундуу ЯК–40 учагы такай каттап турган, билет наркы – 150 сом болчу.

Учурда аэробекет иштеп жаткан ишкана. Анда 10 чакты адам эмгектенет. Бир үй-бүлө аба майдандын имаратында такай жашап, кароолдук кылат. Ишкана кызматкерлерине айлык төлөнөт.