“Баланы кароосуз калтырба”. Магнит, тыйын жутуп...

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат. Алардын көбү майып болуп калууда. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.
 

Айбике эки жашында идиш-аяк жууган суюктукту ичип алган. Чоң энеси аны чыныга куюп коюп, казан жууп жатып, небересинин кантип жутуп алганын байкабай калган экен. Беш жылдан бери ооруканага каттап, азап тартып келишет.

"Химиялык суюктукту ичип алган балдарды дарылоо узакка созулган, оор процесс. Алардын бардыгы майыптыкка кабылат. Кызыл өңгөч, оозунун ичи, ашказаны, кээде бооруна чейин күйүп калгандар болот", - дейт Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасынын
башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков.

Химиялык зат ичип алган баланын оозунан шилекей куюлуп, ыйлап, тамак иче албай калат. Аны дароо ооруканага жеткирип, токтоосуз жардам бериш керек. 

Медайым болуп иштеген Нуриса жакында эле ашказаны, кызыл өңгөчү күйгөн үч жаштагы кыздын окуясын айтып берди: 

"Апасы салат жасап, балдардын суу куйган бөтөлкөсүнө уксус куюп коюптур. Аны кичинекей кыз суу экен деп билбей ичип алып, бизге алып келишти. Аябай кыйналды".

Дарыгерлердин айтымында, химиялык заттарды ичип, күйүп калгандардын көбү түн ортосунда ооруканага келишет. Алар ата-энелерди баланы кароосуз калтырбай, этият болууга чакырууда. 

Оозу, ашказаны күйгөн балдар даараткана тазалаган суюктуктар, аккумуляторго куйган суюктукту да ичип алган учурлары бар. 

Бишкектеги балдар ооруканасы. 

Химиялык суюктуктардан кийинки орунда эле ар түрдүү майда заттарды жутуп алып келгендер көп. Балдардын ичинен ушул магнит оюнчуктар, тыйын, ал тургай тиш жуугуч чыккан учурлары бар.  

Дарыгер Данияр Шайбеков бул магнит оюнчуктарды жутуп алган наристелер көп болуп жатканын айтып, ата-энелерге оюнчук алууда баланын жаш өзгөчөлүгүнө көңүл бурууну эскертти.  

Балдар жутуп алган буюмдар. 

Дарыгер-хирург Данияр Шайбеков. 

Балдардын өпкө, ашказан, ичегилеринен чыккан майда нерселер.