12 жашар Султан жана 4 жашар Айкөркөм Алматыда болгон январдагы трагедиялуу күндөрдө каза болушту. Эки айдан кийин да алардын жакындары кайгыдан башын көтөрө албай турушат. Оор жоготууга учураган үй-бүлөлөрдүн бийликке суроолору көп. Эң башкы суроо бул: балдарга кимдер ок аткан эле?..
“Футбол жылдызы болом”
"- Султик, чоӊойгондо ким болосуӊ?
- Албетте, футбол жылдызы болом.
- Анда сен англис тилин үйрөнүшүң керек. Журналисттерге интервью бересиӊ.
- Мен жылдыз болом! Алар менин тилимди үйрөнүшсүн".
Кичинекей Султан жайкы каникул убагында эжеси менен ушундай сүйлөшкөн эле. Султанды атасы алты жашынан Алматыдагы футбол секциясына берген болчу. Ал машыгуу үчүн шаарга жакын Жамбыл айылынан каттачу. Султан спорттон таанылам деп кыялданган. Бирок, Жаңы жылдан кийинки биринчи машыгууга ашыгып, 5-январда таң эртең менен Алматыга келген балакайдын өмүрү ошол күнү үзүлдү...
"Биз шаар сыртында турабыз, ошондуктан саат 8де баштала турган машыгууга үлгүрүү үчүн саат 5-6ларда жөнөчүбүз. Ошол күнү Султан эрте туруп, мени менен чогуу жолго чыкты", - деп эскерет апасы Алматыда иштеген Гаухар Каримбекова.
Алар “Сайран” автовокзалына жетип, ал жерден баласы машыгып жүргөн “Жейрен” клубуна жөнөштү. Ошол күнү башаламандык болуп, автобустар жүрбөй калган эле. Андыктан клубга жөө барышты, бирок эшик жабык экен. Гаухар машыктыруучуга телефон чалды эле, эч ким жооп берген жок. Султанды “Сайранга” жакын жерде жашаган тууганынын үйүнө калтырып, апасы жумушуна кетти.
4-нварда башталган тынч каршылык акциялары кийинки күнү башаламандыкка айланды. Миӊдеген адамдар борбордук аянтка агылып, талкалоолор башталды, акимат менен президенттин резиденциясы басып алынды. Чет жакаларда кыйла тынч эле. Кечинде Султандын апасы жумуштан кайтты. Шаарда интернет жок эле. Башаламандык болгонун такыр билбеген Гаухар жана Султан саат 20 чамасында азык-түлүк алуу үчүн Өтөгөн баатыр көчөсүндөгү тууганынын үйүнөн чыгышты.
Буктурмадан атылган ок
Коменданттык саат эрежеси боюнча саат 23төн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган эле. Эскертпей түз атуу жөнүндө буйрук бериле элек болчу.
Дүкөндүн тушунда, көчөнүн аркы жагында Ауэзов районунун полиция башкармалыгынын имараты жайгашкан.
Дүкөндүн сатуучулары элди ичкериге киргизбей жатышты. Кардарлар кезекке турушту. Асманда салют атылгандай оттор жаркырады. Султан телефонунун камерасын иштетти. Бул видео галереяда сакталып калды. “Бул салют окшойт... Салют деп жатам”, - деген баланын үнү угулат. Бала телефонун өчүрүп, бери бурулар замат тырс эткен дабыш угулду. Бала жерге кулап түштү. Адамдар дүрбөлөӊгө түшүп, туш тарапка качты. Гаухар эмне болуп кеткенин билбей, нес абалда калды.
"Мен аны чалынып эле жыгылды деп ойлогум келди. Башынан кан агып жатканын көргөндө, ок жаңылганын түшүндүм", - дейт Гаухар, кимдир бирөөнүн “дем алып жатат” дегенин эстеп.
Тез жардамга чалып, кабарлай албады. Баланы ооруканага жеткирүү үчүн адамдар жолдон өтүп бараткан машинени токтотушту. Бирок Султанды сактап кала алышпады. Ал өтө кансырап калган эле. Султан ушул дүкөндүн жанында чоӊдор менен турган кезде окко учту.
Баланын атасы Эркин Кылычбек Жамбылдагы үйүндө болчу.
"Телефон шыңгыраганда, биз кечки тамакты ичип отурган элек. Аялымдын телефонунан чалышты. Султан жарадар болду деп кабарлашты. Эмне болгонун анык билбей, дүрбөлөңгө түшүп, ооруканага чалдым. Кимдир бирөө, нөөмөтчү догдур окшойт, телефонду алып, уулумдун каза болгонун айтты. “12 жаштагы балабы?” деп сурадым. “Ооба, 12 жашар ак жуумал бала” деп жооп беришти. Мен барып, баламдын сөөгүн көрдүм. Анын желке жагынан баш сөөгү талкаланыптыр",- деп айтты Эркин.
Баланын сөөгүн моргдон 6-январда алышты. Жамбыл айылындагы бейитке 7-январда коюшту.
Токаевге кат
Ата-энесине баланын башынан алынган окту көрсөтпөй коюшту.
Гаухар Каримбекова Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге эки жолу кат жазып кайрылды. Ал уулун аткан кишини таап, Казакстандагы бардык балдардын коопсуздугун камсыздоону өтүнгөн эле. Жооп келген жок.
"Кээде эми сабыр кылуу керек деп ойлойм. Балам өтүп кетти, эми арбагы тынч жатсын дейм. Бирок, азыр өзүмдү жоготуп койгондоймун. Ок аткандар жазаланбай жүрө бергиси келеби?!", – дейт Гаухар. Султандын өлүмүнө апасы бийликти күнөөлөп жатат.
“Эмне үчүн баланы дүкөнгө ээрчитип бардыӊ?”, “Нансыз эле отура турбайт белеӊ?” деп жемелегендер да болду. Биз ынтымактуу чоң бүлө элек. Дайыма ушул жерде отуруп, убакытты сонун өткөрчүбүз. Бул Султандын бөлмөсү эле. Сөөгүн ушул жерден алып чыктык. Ошону көргөн балдарым бул жерде жашагыбыз келбейт деп жатат", - деди каза болгон баланын атасы Эркин.
Султандын бөлмөсү
39 жаштагы Эркин Кылычбек Алматынын чет жакасындагы үйдө жалгыз калды. Гаухар үч баласы менен шаардагы туугандарынын үйүндө убактылуу жашап турууга кетти.
Алматыдан Жамбылга бир сааттан ашык убакта жеттик. Кире бериште кабарчыны Эркин тосуп алды. Далисте – Султандын велосипеди. “Ал ушуну тээп жүрчү, эми эч ким карабайт”, - деди атасы эшик ачып жатып.
Дубалда Султандын сүрөтү, футбол мелдештеринен уткан медалдары илинген. Жерде бутса жана эки топ. “Баламдан калган бар эстелик ушул”, - деп үшкүрүндү Эркин.
"Адегенде баламды бокс секциясына бердим эле. Бирок ал футболго кызыгып калды. Кол жеткенде топ сатып бериӊиз деп суранды. Короодо балдар менен ойноп жүрчү. Анан футболго бердик. Бекер отурчу эмес. Үйдө атаандаштарынын сүрөтүн тартып, алардын ойногонун иликтечү. Бардык таанымал футболчулардын өмүр баянын билчү. Менин досторум үйгө келгенде, алар Султандын ой-пикирин сурап калышчу. Уулумдан үмүтүм чоң эле. Белгилүү футболчу болот деп үмүт арткан болчумун...", – деп Эркин тунжурайт.
Султан үйдөгү төрт баланын экинчиси, эстүү, эмгекчил бала эле. Ата-энесине жардам берчү.
"Мен анын өз буюмдарын текчеге тыкан жыйнаганына таң калчумун. Бирдемени издеп таппай калсак: “Султандын текчесин карабай эле коёлубу?” дечүбүз. Анткени, ал баарын ирети менен жайгаштырчу. Кудай менин уулумду эмне үчүн ушундай өзгөчө жаратып, анан кайра алып койгонуна түшүнбөйм", - дейт Эркин.
“Тышка чыгуудан коркот”
Султандын өлүмү үй-бүлөгө оор кайгы алып келди. Айрыкча, бир тууган агасы Арыстан катуу чөктү.
"Алар удаа өсүп жатты эле. Султан каза болгондо, ал мага мындай деди: “Апа, Султандын ушунчалык көп пландары бар эле. Ал менден да көптү ойлоп жүрчү. Кудай эмне үчүн мени эле алып кетпеди?”.
Карындашы Медина ошондон кийин бир айдан ашуун убакыт бою мектепке барбай калды.
"Медина менен Султан абдан ынак эле. Алар сырдаш болчу. Султан кулап түшкөндө тез жардам келбегенин укканда, Медина догдурларды жек көрүп калды. Ал көчөгө чыгуудан коркот. Бизди да сыртка чыгарбай жүрдү. Бирөөлөр бизди атып салат деп коркот. Азыр мектепке бара баштаганы жакшы болду. Бирок, баары бир кайгыдан арыла элек. Түнкүсүн көп ыйлайт", - дейт апасы.
Уулу каза болгондон кийин ата-энеси мөгдөп калды. Гаухар азыркыга чейин терезеге жакындаштан коркот. Эркин ден соолугу начарлап, жумуштан бошонуп алды. Азыр балдар менен психолог иштешип жатат.
Гаухардын президенттен бир өтүнүчү – январь окуяларында каза болгондордун мемориалын тургузуу. “Менин уулумдун да ысымы башка каза болгондор менен катар ташка чегилип жазылып, унутулбай калсын”, - дейт ал.
Гаухар уулун баатыр деп билет. “Эмне үчүн ал ошол күнү кечинде чыкты эле? Анткени, менин жалгыз чыгышымды каалаган эмес”.
Гаухар Каримбекова “көп балалуу эне” макамын кайтарып берүүнү суранат.
“Айкөркөм ооруканага жеткирилгенде тирүү болчу”
Султандын сөөгү коюлган күнү Алматыдагы Мелдехандардын төрт баласы атасынын машинесине түшүп, ачык дүкөн издеп чыгышкан эле. 7-январда шаарда тынч эле болчу. Өзгөчө кырдаал бүткүл өлкөдө жарыяланып, Казакстанга ЖККУ аскерлери кирген эле. Интернет өчүп, дүкөндөр товарды накталай акчага гана сатып калган.
Мелдехандар шаардын төмөн жагында, Сүйүнбай проспектинде турушат. Жашы 18деги тун улуу шаардын борбор тарабына барып, азык-түлүк жана бөбөккө күлтүк апкелмекчи болду. Аны Жанел, кичүү уулу Бекислам менен төрт жаштагы Айкөркөм ээрчип алышты. Ата-энеси үйдө кенже бөбөгү Рамазан менен калышты.
Алар төртөө Сейфулин жана Сатпаев көчөлөрүнүн кесилишине жетти. Анан Желтоксан көчөсүнөн түшүп үйгө кайтуу үчүн аянт тарапка бет алышты. Ошол учурда кимдир бирөө аларды аткылай баштады.
"Алар акимат жактан үч ирет жалт эткен оттун учкуну көрүнүптүр. Анан сол жактан тынымсыз ок атыла баштаптыр. Машине бир аз жүрүп, токтоптур. Балдар башка бирөөнүн машинесине түшүп, ооруканага жетишиптир", - дейт Айдос Мелдехан.
Ок атуулар жөнүндө Айдос менен Гаухар догдурлардан угушту. Алар колундагы бөбөк менен ооруканага жеткенде, эки кызы реанимацияда жаткан экен. Догдурлар 15 жаштагы Жанелге жети ок тийгенин, өпкөсү жаракат алганын айтышты. Айкөркөмдү аман алып калууга мүмкүн болбоду.
Айдостун сөзүн чыдап угуу кыйын...
"Бул баш сөөгү, бул жакта сынып түшкөн бөлүгү жатат, - дейт атасы канга боёлгон машиненин сүрөтүн көрсөтүп. – Ок кызымдын башына тийип, сөөгүнүн бир жагын жулуп кетиптир. Айкөркөмдү ооруканага жеткирген кезде тирүү болчу деди эжеси Жанел. Жанел өзү оор жарадар болгонуна карабастан, Айкөркөмдү ооруканага көтөрүп жеткирип, ошол жерде эстен таныптыр".
Жанелдин өпкөсүнө эки ок тийген экен.
"Ооруканага жаткырылганда анын өпкөсү жакшы иштеген эмес. Эртеси аны жети саат операция жасап, октордун бир нечесин сууруп чыгышты. Ал бир аз жакшы болуп калды. Санына, курсагына жана белине ок тийген. Догдурлар кызымдын тирүү калганына таӊ калышты", - дейт Айдос.
Айкөркөмдүн сөөгүн 9-январда Талгар районунда жерге беришти. Жанел 16 жашка толгондогу туулган күнүн ооруканадан белгиледи. Аны ооруканадан 21-февралда, ошол апааттан бир жарым ай өткөндө чыгарышты.
“Шырп эткен дабыштан чочуй берет”
Айдос үй-бүлөсүнүн башына түшкөн оор кайгыдан кесел болуп калды. Догдурлар “инфаркт болордогу абал” деп диагноз коюшту. Айкөркөм туулганда, Айдос кырктын кырында болчу. Чоңураак үч баласын чоң ата-чоң энеси тарбиялап жаткан эле. Ал кезде Айдос өзү үй-бүлө багуу үчүн жүк ташуу менен алектенип жүрчү.
“Үйдөн алыска анча көп калган кезимде атаке деп алдымдан чыгар кыздуу болоюн деп Кудайдан кыз тиледим эле”, - дейт Айдос.
"Ал иниси Рамазан экөө бир бакчага барчу. Аялым ал жерде бухгалтер болуп иштейт. Кечинде эки баламды алып келип, аялым жумуштан келгенче чогуу сейилдеп басчубуз. Ушундай бактымдан бир күндө эле айрылдым. Менин үйүмдө азыр жымжырттык өкүм сүрүп калды", - дейт балдардын атасы.
Айдос менен Динара көп сүйлөгүсү келбейт. Кабарчы Айкөркөм кандай кыз эле деп сураганда, апасы көзүнүн жашын тыя албай калды. “Ал өзгөчө эле”, - деп бир нече ирет кайталады ал. Ата-энеси Айкөркөм тартылган тасманы көрсөтүштү.
"Бул былтыр күздө Айкөркөмдүн туулган күнүндө тартылган. Ресторанда өткөрдүк эле. Мурда балдарыбыздын туулган күнүн мындай тосчу эмеспиз. Бирок кызыбыз үчүн ушинттик. Ал аппак көйнөгүн жактырып: “Мен колуктуга окшошмун”, - дечү. Ал эркебиз эле. Аны эч урушчу эмесмин", - дейт Айдос.
Айкөркөмдүн эжеси Жанел менен чогуу түшкөн сүрөттөрү көп.
"Сиңдиси төрөлгөндө, Жанел абдан бактылуу болду. Мен үйдө жок кезде бөбөгүн ал өзү багып карачу. Алар чогуу жатып укташчу. Эми Жанел ошол күндөрдү сагынып ыйлайт", - деди чарчап калган көчөт кыздын апасы.
Сегиз жашар Бекислам да ошол күнү машинеде бараткан. “Карындашымды куткарып кала албадым деп уулум көп ыйлайт”, - деди атасы. Азыр шырп эткен дабыштан чочуй берет.
"Мурда биз тамаша айтып, ызы-чуу салчубуз. Азыр биздин сүйлөшүүбүз жаракалуу айнекке окшош. Саал эле катуу сүйлөсөӊ, айнек быркырап сынып калчудай сезилет", - дейт Динара.
Азыр Жанел менен эки бир тууганы психологго каттап турушат. Жанел жакында эле мектепке бара баштады.
“Ага, сен мени неге өлтүрдүң?"
“Азаттыктын” кабарчысы Айдоско чалып, Айкөркөм жөнүндөгү материалды даярдап жатканын айтканда, ал “Төрткө жашым толгондо” деген ырын жиберди. Казак тилиндеги 12 сап ыр. Акыркы сабы – “Ага, сен неге мени өлтүрдүӊ?”
Эрке кыз элем үйдөгү,
Ботокөз дешчү бардыгы.
Кубанып турчу улуулар,
Берди деп сени жараткан.
Бейкапар келе жатканда,
Кайсы ага мага ок аткан?
Атыпсың мээлеп мылтыкты,
Алды-артыңа карабай.
Мынчалык неге кекендиӊ
Кичинекей балага-ай?
Не күнөөм менин бар эле
Өлтүрдүӊ неге, агатай?!
Эксгумация, улам алмашкан тергөөчүлөр
Султан Кылычбек менен Айкөркөм Мелдехандын өлүмүнө байланыштуу жазык иши козголгон. Шектүүлөр жок.
Айдос Мелдехандын адвокаты Канат Бейсебаев Айкөркөмдүн ишин шаардык прокуратурадан Башкы прокуратурага, анан Аскер прокуратурасына, дагы кайра шаардык прокуратурага өткөрүп беришти дейт. Аткандар аскер адамдары болгондугу далилденген, бирок конкреттүү кимдер күнөөлүү экендиги аныкталбай калды дейт ал.
"Жанелдин денесинен жана машинеден алынган окторду баллистикалык экспертизадан өткөргөндө, андай окторду аскерлер гана колдонору белгилүү болду. Бирок иш улам эле бир инстанциядан башкасына өткөрүп берилип жатат. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайсы куралдан ок атылганын, аны ким колдонгонун оңой эле аныктоого болот. Бирок белгисиз себептерге байланыштуу аскер прокуратурасы ишти Алматы шаардык прокуратурасына кайтарып берди. Алар баарын чаташтырып, бул иштин аягына чыга албай калышыбызды каалап жатышат", - деди адвокат.
Адвокат Бейсебаев көз карандысыз экспертиза өткөрмөкчү, бирок оорукананын кызматкерлери окторду бербей жатат, “аскер прокуратурасына гана беребиз” дешет.
“Азаттык” бул ишке байланыштуу Аскер прокуратурасына жана Алматы шаардык прокуратурасына расмий суроо-талап менен кайрылды. Бул материал жарык көрүп жаткан учурда жооп келбей калган болчу.
Султандын атасы Эркин Кылычбектин айтканына караганда, анын уулунун өлүмү жөнүндөгү иш боюнча беш ирет тергөөчү алмашыптыр. Баллистикалык экспертиза өткөрүлбөптүр. Азыр бул үй-бүлө ишти илгерилетүү үчүн адвокат издеп жатат.
11-мартта Эркин Кылычбек үрөй учурган кабарды айтты. Султандын сөөгүн туугандарына айтпастан эле казып алышыптыр. Бул тууралуу Эркинге бейиттеги кабырдын казылып жатканын көрүп калган адамдар кабарлаптыр.
"Үч жумушчу жана полициянын төрт кызматкери келип, сөөктү казып чыгарышыптыр. Ал жерде турган адамдар муну видеого тартмакчы болгондо, аларды кубалап жиберишиптир", - дейт Эркин.
Алматы облусунун полиция департаментинде эксгумация жөнүндөгү чечим баланын апасы Гаухар Каримбековага жиберилген болчу дешет. Бирок ошол кезде телефону иштебегендиктен, ал жиберилген билдирүүнү укпай калган.
14-январда Алматынын ошол кездеги акими Бакытжан Сагынтаев Мелдехандардын үй-бүлөсү тартылган сүрөттү жарыялады. Ал көӊүл айтып, бийликтегилер “бул үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир берет” деди. Андан кийин бийлик тарап январда каза болгон эки бала жөнүндө эч кандай билдирүү жарыялаган жок.
21-февралда Мелдехандардын үй-бүлөсүнө жаңы турак жайдын документтерин алып келишти. Үч бөлмөлүү батирди жакын арада беребиз деп убада кылышты.
Султан Кылычбектин үй-бүлөсүнө бийлик өкүлдөрүнөн эч кайсы кызматкер көңүл айткан жок.
Балдар акыйкатчысы Аружан Саин жана бир нече ыктыярчы уюм бул эки үй-бүлөнүн психологго жана башка муктаждыктарга сарптаган чыгымдарын кенемтелеп берип жатат.