Казакстан: оппозициячыл активисттер соттолду

Абактагы активисттер (оңдон солго): Асхат Жаксебаев, Ноян Рахимжанов, Кайрат Клышев, Абай Бегимбетов жана Диана Баймагамбетова. Алматы. 10-сентябрь, 2021 -жыл.

Алматыдагы Алмалы райондук соту "тыюу салынган уюмдун ишмердигин уюштурган" жана “ага катышкан” деп айыпталган оппозициячыл 13 активистке өкүм чыгарды. Алардын айрымдары беш жылга чейин эркинен ажыратылды.

11-октябрда Алматы шаарынын Алмалы райондук соту Ернар Касымбекова айыпталуучулар Асхат Жексебаевди, Кайрат Клышевди, Абай Бегимбетовду жана Ноян Рахимжановду беш жылга абакка кести. Калган тогузунун эркиндигин бир-эки жылга чейин чектеди. Мындан тышкары аларга коомдук-саясий иштерге аралашууга үч жылга тыюу салынды.

Соттолуучулардын адвокаттары үч айга созулган соттук териштирүүгө кеминде үч жолу каршы арыз тапшырышкан. Алар соттон "Саясий туткун деген ким?" деген суроого аныктама келтирүүнү өтүнүшкөн. Бирок алардын арызы канаатандырылган жок.

"Мен камалгандан бери тергөөчү, прокурор, соттун бири дагы менин экстремист экенимди тастыктаган документтерди бере алган жок. Эксперттердин корутундусунда эксперттер өздөрү "окшош" жана "мүмкүн" деп эки ача жооп беришкен. Ал эч кандай далилсиз соттолуп жатам", - деди Абай Бегимбетов соттук отурумда.

Айыптоо корутундусунда жарандык активисттер, Нур-Султан соту тарабынан экстремисттик уюм деп таанылган, казакстандык бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына жана "Көчө" партиясына мүчө экени жүйө келтирилет. Далил катары социалдык тармактарга жайылган активисттердин видео кайрылуулары жана филологиялык, психологиялык анализдин жыйынтыгы сыяктуу маалыматтар көрсөтүлгөн. Прокурор активисттерди "мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирди, "Көчө" партиясына кошулду жана "мамлекетти кулатууга аракет кылды" деп айыптады.

Соттун чечимине каршы чыккандар . Алматы шаары.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы, тинтүү учурунда табылган көйнөктөр жана документтер, тыңшоолордон алынган стенограммалар негизги фактылар катары көрсөтүлүп, сотто каралган жок.

Онлайн режимде өткөн соттук отурумда адвокаттар айыпталуучулардын жана жактоочулардын укуктары тепселенип жатканын айтканы менен, аларды эч ким тоготкон жок.

Өкүм окулуп жаткан учурда соттолуучулар "Биз экстремист эмеспиз!" деген плакаттарды жазып алгандары байкалды. Алар тагылган айыпты моюнуна албай турганын айтышты. Айыпталуучулар менен алардын адвокаттары жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

Соттун алдына чыккан пенсионер, көп балалуу эне Нинагүл Жуманиязова анын жарандык көз карашы эч кандай экстремисттик кыймылга негиз эмес экенин белгилеп, көзүнө жаш алды.

"Бул күлкүлүү жагдай. Мени экстремист деп айтканга эч кандай далил жок. Мен коюлган айыпка макул эмесмин. Карачы, мен экстремистке окшошмунбу? Мен болгону өз элимдин өнүгүшүн каалаган көп балалуу энемин",- деди айыпталуучу соттогу акыркы сөзүндө.

Айрым айыпталуучулар соттун жүрүшүндөказак бийлигин бир нече жолу сынга алышты.

"Эмне үчүн мен өкмөттү сындап баштадым? 30 жылдан бери элдин камын ойлобогон өкмөттөн тажадым. Бийликти сындоо кылмыш эмес. Өкмөт мага эмне берди? Мен насыя алып университетте окудум. Карызга кийиндим. Азыр адамдар тамак-ашты карызга алып жешет", - дейт Кайрат Клышев.

Жарандык активисттерге каршы кылмыш иши 2020 -жылдын аягында козголуп, 13 активисттин бешөө камакка алынган. Алардын бири үй камагына чыгарылып, жетөө күрөө менен бошотулган. Ал эми Алматынын Алмалы райондук соту активисттердин ишин быйыл 27 -июлда карай баштаган.

Алардын дээрлик көпчүлүгү коомдук-саясий маселелер боюнча өз пикирин ачык айтып, нааразылык акцияларга активдүү катышкан адамдар.

Буга чейин Диана Баймагамбетова, Асхат Жексебаев, Ноян Рахимжанов жана Кайрат Кылышев "саясий туткундар" тизмесине кирген. Соттолуп жаткандардын арасында Шинжаңдагы туугандарын издөө үчүн Алматыда бир нече жолу пикетке чыккан жана башка нааразылык акциясына катышкан Марат Курбанов да бар.

Казакстандагы "Кахарман" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, активисттер "тынчтык митингдерге катышуу, былтыр тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин үй-бүлөсүн колдоо, Казакстандын бийлигин сындоо, саясий туткундарды бошотууну талап кылганы үчүн" кысымга алынып келишкен.

Мухтар Аблязов.

Ал арада бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов соцтармактар аркылуу билдирүү таратып, камакка алынган активисттерди колдоо максатында 23-октябрда казакстандыктарды митингге чакырды.

Жергиликтүү активисттер өткөн апта Казакстанга келген Евробиримдиктин өкүлдөрүн аталган саясий ишке көңүл бурууга, казакстандык аткаминерлер менен жолугушкан учурда саясий куугунтук маселесин козгоого чакырышкан.

Быйыл июлда Human Rights Watch эл аралык уюму Нур-Султанды өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги "экстремизм" беренесин сынчылар менен активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонгон деп айыптаган.

Учурда Казакстанда канча адам жоопко тартылганы белгисиз. Айрым укук коргоочулар акыркы жылдары 300дөй адам соттолгонун айтышууда.