Казакстанда кулаган учактагы эки кыргызстандык аман, үчүнчү жаран боюнча маалымат такталууда

Казакстандын аймагында кулаган Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын тиешелүү органдарынан алынган маалыматтардын негизинде билдирүү таратып, Мангыстау облусунда кулаган учактагы эки кыргызстандык аман калганын, үчүнчү жаран боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Мунун алдында министрликтин расмий өкүлү Сабина Мухамедьянова Казакстандагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери иштеп жатканын, окуя болгон аймакка дипломаттар жөнөп кеткенин кабарлаган.

Embraer 190 учагынын бортунда 67 адам, анын ичинде экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалууда. Baza Телеграм каналы жүргүнчүлөрдүн көбү Азербайжандын жарандары экенин, андан сырткары учакта Орусиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары да бар экенин кабарлаган.

Tengrinews.kz басылмасы Казакстандын Транспорт министрлигине таянуу менен учакта Казакстандын алты жараны жана Кыргызстандын үч жараны болгонун билдирген. Бул маалыматты Казакстандын жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтери да ырасташты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түштү.

Маалымат агенттиктери билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги жыйырмадан ашык адам аман калганын билдирүүдө. Tengrinews басылмасы Мангыстау облустук саламаттык сактоо мекемесине таянуу менен кырсык болгон жерден жабыркагандар Актау ооруканасына жеткирилгенин жазды. (ErN)