Окуу жайлардын демөөрчүлөрүнүн айтуусунда, аталышы гана алмашканы менен окуу программасы өзгөрүүсүз калат. Байкоочулар атын алмаштыруунун саясий мүдөөсү бар экенин белгилешет.
КАТЕV эл аралык фонду тараткан маалыматка ылайык, окуу жайлардын атын алмаштырууну Казакстандагы түрк лицейлеринин окуучулары, ата-энелери жана директорлор кеңеши колдошту. Уюмдун билдирүүсүнө караганда, мындан ары казак-түрк лицейлери “Билим” инновациялык лицейлери деп аталат. Жаңы аталыш өлкөнүн Билим берүү министрлиги менен биргеликте кабыл алынган.
Гүлен жамааты: сыры жана чыры
КАТЕV фондунун маалымат кызматынын өкүлү Канат Сапаргалинин “Азаттыкка” билдиришинче, окуу жайдын аталышы алмашканы менен андагы билим берүү системасы өзгөрбөйт.
- Мурдагы окуу системасы сакталып калат. Мурдагыдай эле кыздар менен балдар өз алдынча окушат. Лицейлердин аталышы гана өзгөрөт, азыр атын алмаштыруу боюнча процесс башталды, - деди Сапаргали.
Саясаттын жана идеологиянын таасири
Казак-түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн бири Алмас Сапарбек бул процессти Түркия бийлиги көрсөткөн басымдан кийин аргасыздан барган кадам деп кабыл алат.
- Сөз болуп жаткан лицейлер Казакстанда эң мыкты окуу жайлардын катарына кирет. Лицейлер өз алдынча бренд катары калыптанышкан. Көптөгөн балдар бул окуу жайларда билим алууну көздөшөт. Аталышын өзгөртүү саясаттын билим берүү тармагына кийлигишип жатканын билдирет, - дейт Алмас Сапарбек.
Саясат таануучу Гүлмира Султанбаеванын пикиринде, лицейлердин аты алмашып жатканы боюнча тынчсыздануунун кажети жок. Алды менен билимдин сапатына жана ички идеологияга көңүл буруу зарыл дейт ал:
- Белгилүү компаниялардын атын алмаштыруу, ребрендинг процесси - кадыресе көрүнүш. Башкы суроо аталышында эмес, билимдин сапатына коюлушу керек. Бул лицейлер алар берип жаткан билимдин сапаты кыйла жогору экенин мурда эле далилдешкен.
Ошол эле мезгилде Гүлмира Султанбаеванын пикиринде, бул лицейлердин ишмердүүлүгү айрым кемчиликтерден да куру эмес:
- Казак-түрк лицейлеринде улуттук идеология суроосу кайсы орунда экени маанилүү. Мен бир нече лицейлерде болдум. Балдарды түрк идеологиясына жакын тарбиялап жатканы маалым. Имараттын ичинде түрк тилинде видеолор көрсөтүлүп, түрк музыкасы ойноп турат. Биздин министрлик бул окуу жайларды жылына бир жолу текшерет. Өкмөт бул лицейлердеги окуу процессин тарбиялоо ыкмаларын тез-тез текшерип турушу керек.
Түркиянын кызыкчылыктары жана Казакстандын актануулары
Анкара соңку эки жылдан бери Астанадан Фетхуллах Гүлендин окуу жайларын жабууну талап кылап келген. 2014-жылдын апрелинде Билим жана илим министрлиги казак-түрк лицейлери жабылбай турганын билдирген.
Расмий Анкаранын эсебинде казак-түрк жана кыргыз-түрк лицейлери бозгундагы динаятчы Фетхуллах Гүленге караштуу. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүленди 15-июлда уюштурулган төңкөрүш аракетинин артында турат деп айыптап келет.
29-июлда Казакстандагы Түркиянын элчиси Невзат уянык Гүлендин кыймылы менен тыгыз байланыштагы уюмдар Казакстанда да бар экенин айтып, Астананы “Гүленге караштуу” билим берүү жайларын жабууга чакырган.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын 6-августунда Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда эки өлкөнүн биргелешкен комиссиясы казак-түрк лицейлеринин Гүлен менен байланышы бардыгын текшерип чыгарын билдирген.
Билим жана илим министри Ерлан Сагадиев 18-августта атайын билдирүү жасап: “Казак-түрк лицейлери - бул биздин стандарттар менен иштеген казакстандык мектептер. Биз алардын ишмердүүлүгүн көп жолу текшергенбиз. Аларга эч дооматтарыбыз жок. Лицейлер буга чейин кандай иштесе, ошондой иштеп келет”,- деп билдирген.
Ал эми КАТЕV фондунун өкүлү “Азаттыкка” берген маегинде уюмдун Фетхуллах Гүлен менен эч тиешеси жоктугун белгиледи. КАТЕV фондунун окуу-тарбия боюнча вице-президенти Нурбол Төлөбаев казак-түрк лицейлери мамлекеттик окуу жайлар экенин айтат. Эл аралык KATEV фонду 1997-жылы Казакстан менен Түркиянын ортосундагы келишим боюнча уюшулган. Фонддун негиздөөчүлөрдүн курамы үч казакстындык жарандан турат. Казак-түрк лицейлери 1992-жылы Нурсултан Назарбаев жана ошол кездеги Түркиянын президенти Тургут Озалдын ортосунда кол коюлган макулдашуунун негизинде ачылган. Ушул тапта Казакстанда мындай окуу жайлардын саны 27ге жетет.