Казакстан: Эгемендик күнүндөгү эскерүү жана кармоо

Алматыда "Желтоксон" курмандыктары үчүн тургузулган "Төбөлсүздүк таңы" эстелигинин жанындагы куран окуу. 16-декабрь, 2018-жыл.

16-декабрь казакстандыктар үчүн бир чети кубанычтуу, бир чети кайгылуу күн.

1986-жылдын 16-декабрында Москванын Казак ССРиндеги Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбинди дайындашына каршы казак студенттери жана жаштары көчөгө чыгышат. Алматыдагы эки күндүк демонстрация күч менен басылып, адамдар өлүп, жүздөгөн киши куугунтукка кабылган. Ал күндөр “Желтоксон” деп тарыхка жазылды.

1986-жылдын декабрындагы демонстранттардын бирин милиция кармап кетип бараткан учур.

​​1991-жылы эгемендикке ээ болгон Казакстан өзүнүн Көз карандысыздык майрамын 16-декабрда белгилеп келе жатат.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын түштүк-батышындагы Маңгыстау облусунда болуп өткөн кандуу окуялар жергилик элдин көңүлүнөн кетпес кара так. Ал “Жаңы-Өзөн окуялары” деген ат менен тарыхка кирди. Көбү, асыресе оппозиция, бийликтин өз элине каршы ок атышын “Желтоксонго” салыштырып келишет. Мына ушул тууралуу кенен кеп козгосок.

Мунайчылардын нааразылыгы

2011-жылы май айында өлкөнүн түштүк-батышындагы Маңгыстау облусунда мунайчылар жапырт иш таштоону башташат. Мамлекеттик “Казмунайгаз” ишканасынын аймактагы компанияларында иштегендер айлык акыны көтөрүп, эмгек шарттарын оңдоону талап кылышат.

Июлда Жаңы-Өзөн шаарында эле иштебей отуруп алгандар миңден ашат.

Бийлик оңдуу жооп бербегендиктен кеч күздө экономикалык талаптар саясий деңгээлге өсүп жетип, президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине акаарат күчөйт.

Кандуу кагылыш

2011-жылдын 16-декабрында кагылыш болот. Расмий маалыматка караганда коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.

Жергиликтүү журналисттердин бири, нааразылык митингдерин чагылдырып жүргөн Шернияз Шагатай ал окуяны минтип эскерет:

- Башында бир нече очок болду. Облустун ар башка аймактарында тирештер болуп жатты. Анан ал чоң чатакка айланып кетти. Полиция менен карапайым мунайчылардын кагылышынан башталды. Жергиликтүү полиция өкүлдөрүнүн күчү жетпеди. Ал жердеги адамдар сахнаны, анда турган музыкалык аппаратураны кыйрата баштады. Аянттагы төшөлмө таштарды чыгарып алып полицияны ура баштады. Бир нече сааттан кийин полицияга кошумча күч келди. Натыйжасын баарыбыз билебиз. Калкка ок атылды.

Октон жаракат алгандар көп өтпөй жергиликтүү ооруканаларга түшө баштайт. Ал учур дарыгерлердин да эсинен кеткис. Фарида Баулыбаева менен Мурат Балшыкбаев ал күнү тыным алышкан эмес:

- Согуш кезиндеги госпиталь сыяктуу болду. Кан... Ар түрдүү адамдар. Айгай-чуу. Улам алып келип жатышат. Машине толо адам. Бирөөнө ок желкеден тийип алды жагынан чыгып кетиптир. Бул так эсимде, – дейт Фарида.

- Коридор, кафелдин бети көрүнбөйт. Кан көл сыяктанат... Экинчи кабатка чыктым. Ал жакта да ошондой көрүнүш. Керебетке, коридорго, башка болгон жерлерге жаткызылган, отурган, ок тийген, сокку жеп жыгылгандар канча гана болбоду, - деди Мурат.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар өз элине күч колдонгону үчүн казак бийлигин кескин сындап чыгышкан. Кагылыштан кийин ондогон адам камакка алынып, узак сот процесстери жүрдү. Бул арада жаракат алгандардын арасында да өмүрүнөн айрылгандар болду.

Соболу көп сот иши

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча атайын коомдук комиссия түзүлүп, маселени иликтеген. Комиссияны саясатчы Рысбек Сарсенбай уулу жетектеген. Жума күнү Алматыдагы “Азаттыктын” кеңсесинде кеңири маек куруп, кийин сот иштери кандай өткөнүн айтып берди:

- Бири “37нин соту” деп аталды. Анда 37 мунайчы соттолду. Анын ичинде жаракат алгандар да болду. Аларды окуяга катышуучу иретинде, “каршы турган” деп соттоду. Андан кийин соттолгондор – полициячылар. Беш адам. Андан кийин мамлекеттик кызматкерлер – Жаңы-Өзөн шаарынын акими, орун басарлары жана башкалар соттолду. Алар коомдук ишке каражатты өз максатына жумшабаганы үчүн соттолду. Андан кийин саясаттагы, оппозициядагылар соттолду. Сот бир сөз менен айтканда адилет өткөн жок. Тапшырма, белгилүү бир нускоо менен өттү. Эгер мыйзам чегинде өтсө анда мунайчылар акталат эле. Анткени алар кыйратууга, тоноого катышы жок. Ал эми аларга ок аткандардын октору табылып, кайсы куралдан чыкты деген баллистикалык экспертизадан өткөн эмес. Өтсө ошол жерге катышкандардын тең жарымы ок атты да, билинмек.

Журналист: Расмий маалыматта 17 адам өлүп, жүздөн ашыгы жаракат алган. Анын баарын беш киши атып салышы мүмкүн эмес го?

- Мүмкүн эмес. Дагы башка да кызматкерлерди жоопко тартуу керек эле. Андан кийин кармалгандарды уруп-согуп, кыйнагандар болду. Ал да кылмыш. Жалпысынан Жаңы-Өзөндөгү ички иштер күчтөрү тарабынан ок атуу адамзатка каршы кылмыш эсептелинет. Заман өзгөргөндө дал ошол принцип менен жоопкерчиликке тартууга мүмкүн.

16-декабрдагы эскерүү жана кармоолор

Казак бийлиги Жаңы-Өзөн окуясы калыс иликтенгенин билдирип келет. Ошол эле маалда бул маселе мамлекетке таандык маалымат каражаттарында көп козголо бербейт. Эскерип, кеп козгоону каалаган активисттерге тоскоолдук жасалып келет.

Алматынын борбордук аянтына жакын жердеги полиция күчтөрү. 16-декабрь, 2018-жыл

Жекшембиде Алматы шаарында полиция Казакстандын эгемендигинин 27 жылдыгына байланыштуу акция уюштурууга аракет кылган бир канча активистти кармады. Аларды полиция Алматынын борборундагы эгемендик монументинин жанында акция өткөрүүгө аракет кылганда алып кеткен.

"Ар.Рух.Хак" укук коргоо уюмунун жетекчиси Бахытжан Төрегожинанын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, бийлик айрым активисттерди үйүнөн чыгар замат кармаган. Укук коргоочу Казакстан убактысы менен саат 17:30да жарыялаган тизмеге ылайык, бул күнү кармалгандардын саны отуздай адам болгон.

Ушул эле күнү Батыш Казакстан облусунун борбору Орол шаарында "Уральская неделя" гезитинин журналисттери Рауль Упоров менен Мария Мельникованы полиция эртең менен эрте кармап кеткен. Эмнеге кармап жаткан себептерин полиция түшүндүрө элек.

Ал тапта Астанада, Алматыда "Желтоксон" эскерилип, "Жаңы-Өзөн" курмандыктарына куран окулду.

Алматы шаары. 16-декабрь, 2018-жыл

Ал эми Актау менен Жаңы-Өзөндүн өзүндө полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, борбордук аянттарды көзөмөлгө алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.