Дүйнөнү дүңгүрөткөн “Панама-гейт” баяндамасынан соң бир канча мамлекеттерде арам акчаны адалдаган белдүү кишилерге каршы нааразылык акциялары күч алды. Офшордук бизнестегилердин катарында Казакстандын президентинин небереси Нурали Алиевдин да аты аталганы менен, өлкө жарандары буга көңүлкош карагандай. Айрымдар муну бийликтин басымы деп сыпаттаса, башкалары иликтөөдө жарандык коомду толкутууга негиздүү маалыматтар жок деген пикирде.
Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдап, 3-апрелде жарыялаган көлөмдүү маалыматта дүйнөдөгү аттуу-баштуулардын катарында казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев яхта сатуу менен алектенген Baltimore Alliance Inc. компаниясынын ээлеринин бири экени аныкталды. Нурали Алиев Астана шаарынын мэринин орун басары болгон. Казакстанда ал Назарбаевдин мураскери катары да аталып жүрөт.
“Панама документтери” аталган иликтөөдө арам акчаны адалдаганы айтылгандардын бири – Исландия премьер-министри отставкага кетти. Голландия, Австрия, Австралия, Украина жана Орусия лидерлерине байланыштуу маалыматтардан улам ар кандай нааразылык акциялары өттү. Бирок казак коому мамлекет башчынын небересине байланыштуу маалыматты кулак сыртынан кетиргендей. Жарандык активисттердин интернеттеги нааразы пикирлерин эсепке албаганда, Казакстанда бул жагдайга реакция жасалган учурлар байкалбады.
Мындай “унчукпоону” айрым серепчилер өлкөдө жемкорлук көнүмүш болуп, адамдар үчүн коррупция күнүмдүк жараянга айланганы менен байланыштырат. Саясат таануучу Досым Сатпаев:
- Белгилей кетчү жагдай, мындай чырлуу документтерди жарандык коомдун күчтүү же алсыз экендигин далилдеп берчү кагаз десек болчудай. Демократиянын элементтери бар мамлекеттерде мындай учурда адамдар кандай реакция кылып жатканын байкадык. Казакстандыктар болсо көмүскө бизнеске жана коррупцияга “сабырдуу” мамиле кыларын көрүп жатабыз.
Сатпаевдин айтымында, саясий жана бизнес элитадагылардын айрымдары кандайдыр “каржылык оюндарга” аралашканы тууралуу мурда эле имиштер чыккан. Бирок бийлик “унчукпоо оюнунун” салты менен бул маалыматтарды капарга албай келген:
- Бизде офшордук бизнес менен күрөшүүгө расмий түрдө маалыматтык басым жасашат. Бирок чындык башкача. Буга кош стандарттуу саясат деп баа беребиз. Өздөрү туура эмес деп эсептеген көрүнүшкө каршы чыныгы күрөш жок. Элитанын айрым өкүлдөрү эч кандай эрежеге баш ийбейт. Алардан эч ким эч нерсени талап кыла албайт.
Казакстандагы жарандык активисттердин бири Бахытжан Төрегежина болсо “Панама-гейт” окуясынан улам анын мамлекети саясаттын булганыч баткагына сиңип баратканы ачыкка чыкканын белгилейт.
- Биз Исландия коомунун аракеттерине суктануу менен карап отурабыз. Казакстанда болсо соңку кездери жарандык активисттерге басым жасалып, камоого алуу күчөгөндүктөн, эркин пикир билдирип чыккандар азаюуда. “Панама документтери” боюнча талкуу социалдык тармактардан сыртка чыга албай калды. Андан тышкары, биздин бийликте бул окуяларга байланыштуу кандайдыр билдирүү жасаганга да эрк табылбады.
Ал тапта “Панама-гейт” баяндамасында казактарга таандык чуулгандуу деле маалымат жок дегендер бар. Алардын бири Transparency Kazakhstan коомдук фондунун саясий кеңешинин төрайымы Наталья Малярчук:
- Ал документте болгону президенттин небереси жана анын бир шериги тууралуу сөз бар. Мамлекет башчынын небереси – ишкер. Ишкерлик чөйрөсүндө офшор стандарттуу, кадыресе көрүнүш. Балким ал жерде такыр коррупция элементтери жок чыгар.
Малярчук башка өлкөлөрдөгү жарандык коомдун толкундоолорду ири саясатчыларга байланыштуу болуп жатканына байланыштырат:
- “Панама документтеринде” казак саясатчыларынын аты чыкпады. Ошондуктан казак коомунун нааразылык билдирип чыгуусуна негиз жок.
Белгилей кетсек, Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган көлөмдүү баяндамада дүйнөдөгү жүздөн ашуун саясатчынын, 20дан көп азыркы жана муруңку президенттердин көмүскө офшордук эсептери жарыяланган.