Петропавловск: казакча атка каршылык

Казакстан

Казакстандын түндүк аймагында көчөлөрдүн аталышын казакчага алмаштыруу өнөктүгү жүрүп жатат. Петропавловскто орусча аталыштагы көчөлөргө казактын атактуу адамдарынын ысымын берүү чечими кабыл алынган. Бирок мындай чечимге жергиликтүү тургундар каршы чыгууда.

Түндүк Казакстан облусунда учурда көчөлөрдүн аталышын алмаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Облус борбору Петропавловск шаарындагы Солнечный кичи районундагы үч көчөгө жергиликтүү атактуу адамдардын ысымын ыйгаруу сунушталып, шаардын маслихаты макулдугун берген.

Ал эми Явинск шоссесине Кожаберген Жыранын, 5-Сенный көчөсүнө белгилүү Казыбек Байбаловдун ысымы берилмей болгон.

Бирок калктын көпчүлүгүн орус тилдүүлөр түзгөн шаарда айрым тургундар мындай аталыштарга каршы. Жергиликтүү парламенттеги бул маселени талкуулоо учурунда алар нааразылык билдиришти.

Петропавловсктун тургуну Равил Рязаповдун айтымында, шаардын көчөлөрүнө жаңы аталыштарды ыйгаруунун кажети жок болчу:

- Шаарда эмне болуп жатат? Түшүндүргүлөчү мага... Казакча гана аталыштар коюлууда. Биздин шаардын 250-300 жылдык тарыхы бар. Улуттук баш кийим кийген аксакал шаарда пайда болуп, эмне үчүн Сенная, эмне үчүн мындай, казак аталыштарына өзгөртөбүз деп чыкты.

Равил Рязапов казак тебетейин кийген аксакал деп облустун ардактуу атуулу Болат Сагындыковду айтып жатат. Дал ушул адам көчөлөрдүн аталышын казакташтыруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири болгон. Ал Казакстан төбөлсүздүк алгандан бери 25 жыл өткөнүнө карабай аталыштардын эскиче калып жатканына нааразы.

Болат Сагындыков улуттук баалуулуктарды коргоо үчүн аракет кылып жатканын билдирди:

- Менин баш кийимине жек көрүү менен караганы ачуумду келтирип жатат. Маселе баш кийимде эмес. Баш кийимдин астында эмне бар, кеп ошондо. Бул баш кийим - казактын баш кийими. Аны чечпей кийишибиз керек.

Маселени талкуулоого шаардагы мектеп окуучулары да катышкан. Маселен, Виктория Степина аттуу окуучу шаардын тарыхын сактоо үчүн аталыштарды өзгөртпөө зарыл деген пикирде:

- Биздин президентибиз Нурсултан Назарбаевдин айткандарын эстейличи. Ал “тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Ким унутса ал абдан чоң ката кетирди” деп айткан. Эгер Нурсултан Абишовичтин айткандары жакпаса, Москванын мисалын алалычы. Москванын борбору тарыхый аталыш менен калып жатат. Бардык көчөлөрдүн тарыхый аталышы өзгөртүлгөн жок. Биз эмнеге мындай кыла албайбыз? Эмнеге биз президентибизди укпайбыз?, - деп собол салды.

Мындай талкуулардан соң Петропавловсктун маслихаты бул маселени республикалык ономастикалык комиссиянын кароосуна жиберди.

Шаардык мэриянын өкүлү Асем Садуакасованын айтымында, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү боюнча чечимди борбордук бийлик кабыл алышы керек:

- Бул маселе боюнча республикалык ономастикалык комиссиянын жыйынтыгы менен акимияттын токтому жана маслихаттын чечими кабыл алынат.

Советтер союзу тараган соң жер-суулардын аталышын алмаштыруу өнөктөгү башка өлкөлөрдө да жүргүзүлгөн. Бул жаатка Тажикстан абдан маани берген. Бул өлкөдө ат алмаштыруунун алгачкы толкуну совет бийлиги кулагандан кийин эле башталган. Соңку 20 жыл ичинде орус тилиндеги же советтик аталыштардын баары дээрлик өзгөрүп бүткөн. Андан араб тилиндеги аталыштар да четте калган эмес. Быйыл жыл башында тажик парламентинин жогорку палатасы бир катар район-шаарлардын атын өзгөртүү сунушун жактырган.

Алардын катарында илгертен кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал районун Лахш, Чкалов шаарын Бустон (Гүлдүү Бак), Жалалиддин Руми району Жалалиддин Балхи, Тавил-Дара району Сангвор, Жили-Көл району Дусти болуп өзгөргөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.