Казакстанда тажик мигранттарын текшерүү күчөдү

Иллюстрация

Коңшу Казакстанда Борбор Азиянын, анын ичинде Тажикстандан барган мигранттарды текшерүү күч алганы айтылууда. Казакстандын полициясы ай башынан бери мыйзамсыз жүргөн ондогон тажикстандык жана өзбекстандык мигрантты депортация кылганын кабарлады. 

Тажикстандык мигранттарды текшерүү, кармоо жана депортациялоо Казакстанда күчөгөнүн 7-майда "Азаттык" радиосунун тажик кызматы аларга кайрылган тажик жарандарынын айткандарына таянып жазды.

Казакстанда жашаганына алты жыл болгонун айткан жарандардын бири:

"Тажикстандыктардын абалы начарлады. Рейддер уюштурулуп, көбүн депортация кылып жатышат. Бул өлкөдө жашоого убактылуу уруксаты барларды да кармап, депортациялаган учурлар бар", - деген.

Алматы шаары. Мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд.

Социалдык тармактарда тараган Астана шаарындагы автобекеттердин биринде тартылган видеонун автору тажик мигранттарды тыкыр текшерүү Москвадагы терактка байланыштуу экенин айтууда.

"Москвадагы кырсыктын кесепети Казакстанга жетти. Азыр мен Калкты тейлөө борборундамын, документтерди толтуруп жатам. Алар Тажикстандын жарандарынан 150 миң, өзбекстандыктардан 80 миң тенге сурап жатышат. Расмий салык баарына бирдей болгону менен биз тажик болгондуктан 150 миң төлөшүбүз керек деп айтышты".

Бирок "Настоящее врамя" телеканалына байланышкан, учурда Казакстанда иштеп жүргөн тажикстандык Фариддун жарандыгы үчүн эч кандай кысым көрбөгөнүн айтып берген.

"Мен Батыш Казакстанда, Актөбөдө иштейм. Бул жерде абал туруктуу. Рейддер жүрүп жатканын уккан жокмун. Шаарда Тажикстандын 200гө жакын жараны жашап, иштеп жүрөт, абал мурдагыдай эле тынч. Балким Алматы менен Астанада рейддер жүрүп жаткандыр. Жазында документтер текшерилип, "салык төлөнүп турсун" деп рейддерди өткөрүшөт. Бул жагынан алып караганда, ооба, ал шаарларда текшерүүлөр болушу мүмкүн", - дейт тажикстандык мигрант.

Консулдукка арыз менен кайрылгандар көп

5-майда Казакстандын полициясынын расмий сайтына Улытау облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда "мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүк 16 кишинин жетөө Өзбекстандын, тогузу Тажикстандын жараны экени аныкталганы" тууралуу маалымат жарыяланган.

Алар баары тийиштүү документи жок иштеп жүрүшкөнү жана өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылганы кабарланган.

Өзүн Абдусамат деп тааныштырган Тажикстандын Алматыдагы консулдугунун кызматкери соңку бир айдан бери тажикстандыктардан арыз көп түшүп жатканын билдирди.

"Настоящее время" телеканалына сүйлөгөн дипломат, мунун Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" терактка байланышы жок экенин, ага чейин эле чек ара бекеттеринде текшерүүлөр болгонун билдирди.

"Аэропортто көпкө кармалып, суракка алынып жатканы тууралуу бизге бир нече жолу жарандарыбыздан арыз түшкөн. Ошон үчүн биз да аэропортто болдук. Чынында эле, абал ошондой. Ал эми алар эмнени, кандай суроолорду берип жатканы тууралуу кененирээк маалыматты Казакстандын бийлигинен сурап биле аласыз. Жарандарыбыздан эки-үч саатка чейин суракка алынгандыгы боюнча бир нече арыздар түшкөн" деп айтат тажик дипломат.

Ал тапта Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 7-майда Казакстандын эл аралык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү тууралуу билдирүү таратып, тажик жарандарына бул өлкөгө бардык документтерин текшерип, даярдап, тактагандан кийин гана баруу керектигин эскертти.

"Тажикстандын жарандары Казакстанга өтүп баратканда чек ара жана бажы көзөмөлү учурунда текшерүүлөр болгондо, сапардын максаты жана убактысы, жашаган жери, Казакстанда досторунун же туугандары тууралуу суроолорго жооп берүүгө, алардын жашаган дареги жана байланыш телефондорун айтууга даяр болушу керек" деп айтылат билдирүүдө.

Москванын аэропортторунда мармалып турган тажикстандык мигранттар

Казакстан өлкө аймагында иштеген тажикстандык эмгек мигранттарынын саны жагынан Орусиядан кийинки мамлекет. Бул республикада, "Озоди" радиосунун маалыматына караганда, Тажикстандын 10,5 миңдей жараны иштейт. Алар негизинен курулуш жана соода тармагында эмгектенет.

22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында "Крокус Сити Холл" борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

"Бул кадимки орус улутчулдугу"

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы кол салуудан кийин борбор азиялык мигранттарды аэропортто текшерүү дагы күчөгөнүн 2-майда "Озоди" радиосуна курган маегинде айтты. Ал камоолор расисттик мүнөзгө ээ экенин баса белгилейт.

"1-2-май күндөрү мага жаңы кармоолор тууралуу эч кандай маалымат түшкөн жок. Бул Тажикстандын жарандарына гана тиешелүү эмес экенин баса белгилейм. Тажикстандын жарандары мыйзамсыз кармалгандардын төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт. Жарымына жакыны Өзбекстандын жарандары. Кыргызстандын жарандары азыраак кармалган. Ал эми Өзбекстандын жарандары Тажикстандын жарандарына караганда эки эсе көп. Бардык каттамдардан кармоолор бар. Негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн учуп барган каттамдар текшерилүүдө. Бирок Армениядан бир учак жана Азербайжандан бир учактан да кармалгандар тууралуу маалымат түшкөн. Чындыгында алар славян тектүү болбогон адамдарды жөн эле камап коюшат. Бул кадимки орус улутчулдугу. Анын этникалык негизде басмырлоого эч кандай тиешеси жок, бул расизм. Мисалы, Тажикистандан барган славян улутундагыларды өткөрүүгө уруксат берилет. Менде ушундай маалыматтар бар. Ал эми славян тектүү эместер өткөрүлбөйт", - дейт Чупик.

Чектөөлөр аэропорттордо гана эмес өткөрмө бекеттеринде да катталган. Өткөн айда Орусияга Казакстан аркылуу жөнөп бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы кабарланган.

26-апрелде кезекте турган адамдар "Азаттыктын" казак кызматына видеолорду жиберишкен. Тасмада кезек күткөндөр Орусиянын Оренбург облусунун чек арасында, Казакстандын Актөбө облусу менен чектеш тилкедеги "Сагарчин" эл аралык көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында 22-апрелден бери өтө албай турушканын, орусиялык чек арачылар мунун себебин түшүндүрбөй жатканын айтып беришкен.

Кезек күтүп турган 180ден ашуун тажикстандык номурлуу жеңил машинеде жана кичи автобуста жалпысынан 600дөй адам, арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экени, башка өлкөлөрдүн жарандары чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүп жатышканы кабарланган.

Рахмон Москвада мигранттардын маселесин көтөрөбү?

Тажикстандык мигранттарды кармоолор күчөп турганда, өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвага барды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Рахмондун "жумушчу сапары" Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болгонун билдирди.

Тажик мигранттарынын Орусиядагы жашоо-шартын эки өлкө лидери талкуулайбы же жокпу азырынча белгисиз. Расмий маалыматка караганда, Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына жана Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине катышат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владимир Путин, 21-февраль, 2024-жыл

Буга чейин 3-майда Тажикстан менен Орусиянын лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда эмгек миграциясы тармагында кызматташууну талкуулашканы кабарланган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кремль "белгилүү бир күчтөрдүн Орусияга, анын ичинде Тажикстандан барган эмгек мигранттарынын маселесин жасалма түрдө күчөтүү аракетин көрүп жатканын" билдирген, бирок алар кандай күчтөр экени так айтылган эмес.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө да белгиленген. Кремль чек арадагы чет элдиктерди текшерүү убактылуу экенин жана ал кайсы бир улутка багытталбаганын билдирген. Лавров муну Орусияда "терроризмдин алдын алуу аракетине" байланыштырган.

Андан мурда, 29-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Орусиянын аймагында тажик жарандарына жасалган орой мамиле жана алардын укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу" Дүйшөмбүдөгү орус элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырган.

Human Rights Watch уюму Орусиядагы ксенофобия жана тажик мигранттарынын укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирип келет. Эл аралык уюм 5-апрелдеги билдирүүсүндө кол салуудан кийинки бир жумада орус сотторунда иммиграция боюнча мыйзам бузууларга байланыштуу иштердин саны "70 пайызга көбөйгөнүн" билдирди.