Казакстандын түштүк облустарынын тургундары түндүккө көчүүдө алган жеңилдиктерге жана каржылык колдоого карабастан, Орусия менен чектеш аймактарда калктын саны дагы эле азайып баратат.
Бир нече жыл мурун Алматы облусунан Бурахан Даканов жубайы жана төрт баласы менен Казакстандын түндүгүнө көчүп келген. Даканов "Настоящее время Азиянын" кабарчысы менен болгон маекте ал өңдүү көчүп келген башка үй-бүлөлөр климаттын катаалдыгынан бул жактагы жашоого көнө албаганын айткан.
"Түштүктөн келгендер үчүн бул жерде бир нече үйлөр курулган. Алар жыгачтан салынган. Албетте, бул жерде бүтүрө турган иштер көп, бирок алар айткандай бергенине деле ыраазыбыз. Эң негизгиси үйдүн чатыры бар, терезелер орнотулган. Биз ушинтип жашап жатабыз. Бирок, албетте, бул жерде бекер эч нерсе жок. Мен, мисалы, бул үй үчүн ижара акысын төлөйм".
Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев шейшембидеги өкмөттүк саатта өлкөдө 2017-жылдан бери иштеп жаткан түштүктөн түндүккө ыктыярдуу көчүрүү программасы күтүлгөн натыйжаны бере электигин билдирди:
"Көйгөйлөрдүн бири – айрым аймактарда социалдык-демографиялык жана экономикалык дисбаланс сакталып жатканы. Бүгүнкү күндө түштүк, батыш аймактарда жана мегаполистерде калктын саны көбөйүүдө. Түндүк аймактарда, тескерисинче, төмөндөө тенденциясы байкалууда. Буга байланыштуу түштүктөн түндүккө өз ыктыяры менен көчүрүү программасы күтүлгөн натыйжаны бербегенин моюнга алуу керек".
2017-жылдан бери Казакстанда түштүктөн түндүк аймактарга жарандарды “өз ыктыяры менен көчүрүү” программасы иштеп келет. Программа ишке ашырылган беш жыл ичинде миңдеген үй-бүлөлөр көчүрүлгөн. Былтыр алардын саны 8 миңге жеткен.
Улуттук долбоордун алкагында жер которгондор мамлекеттик колдоо чараларына укуктуу: көчүрүү субсидиясы - үй-бүлөнүн башчысына жана ар бир мүчөсүнө азыркы курс боюнча 570 долларга жакын бир жолку; үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жана жашаган жерине жараша 12 айга турак жайды ижарага алуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн ай сайын субсидиялар 122ден 245 долларга чейин өлчөмүндө; кыска мөөнөттүү кесиптик окууга жолдомо берүү; жумушка орношууга же ишкердик демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары акыркы бир нече жыл ичинде “ашыкча эмгек ресурстары бар” аймактардын тургундары көчүп барганына карабай, өлкө түндүгүндө калктын саны азайганын жазышты.
Программаны ийгиликтүү ишке ашырууга тоскоол болгон факторлор катары турак жай, жумушсуздук жана инфраструктуранын начарлыгын атап келишет.
Түндүк Казакстан облусунун башчысы Гауез Нурмухамбетов калктын санын көбөйтүү үчүн финансылык кепилдиктерди жакшыртуу керектигин айтты:
"Биздин облуста жылытуу мезгили 222 күнгө созулганына байланыштуу калктын социалдык жактан аялуу катмарына, айылга диплом менен келген жаш адистерге, ошондой эле мигранттарга 35 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолку социалдык жардам көрсөтүлүп жатат".
2022-жылы күзүндө Эмгек министрлиги “эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болуу деңгээли төмөн болгондуктан” программаны кайра карап чыгуу ниетин билдирди. Жарандар биринчи кезекте жумуш орундары бар аймактарга көчүрүлөрү айтылды.
Бүткүл республиканын калкынын үчтөн биринен көбү Казакстандын түштүк аймактарында жашайт.
Расмий маалыматтар боюнча, 2023-жылдын аягына чейин өлкөнүн түндүгүнө 9 миңге жакын адам көчүп кеткен. 2022-жылы алардын саны 8 миңдей болгон.
Акыркы жылдары калктын саны Түндүк Казакстан (22,43 пайызга), Павлодар (5,76 пайызга) жана Костанай (8,3 пайызга) облустарында кыскарган.