Казакстанда кызамыкка каршы эмдөө токтотулду

Казакстанда 537 адам кызамыкка кабылган.

Казакстанда кызамыкка каршы эмдөө 2-мартка чейин токтотулду. Бул арада вакцина экспертизадан өткөрүлүп, балдардын ооруканаларга түшкөнү текшерилмекчи. Маңгыстау облусу жана Темиртау шаарында 100дөн ашуун өспүрүм эмдөөдөн кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.

Маңгыстау облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмү кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин Жаңы-Өзөн шаарынын ооруканасына 86 бала түшкөнүн билдирген. Кийин 24 бала Актаудагы облустук ооруканага которулду. Үч баланы 24-февралда Актауга тик учак менен шашылыш жеткирүүгө туура келди. Алардын бирөө реанимацияда жатканы кабарланууда.

Облус боюнча эмдөөдөн кийин жалпы жонунан 117 киши бейтапканага жаткырылган.

Кабарчыбыз Маңгыстаудагы ооруканада сөзгө тарткан айрым ата-энелер балдарын эмдетпөө өтүнүчүн догдурлар көңүл сыртында калтырганын айтышат.

- "Кызымды эмдетпегиле" десем мени угушкан жок. Класс жетекчиси тил кат жазып бергиле деген, бирок убактым жок болчу. Кызым болсо "эмдөөсүз жогорку окуу жайга тапшыра албайсың" деп коркутушкандан кийин 16-февралда классташтары менен барыптыр. Эс-учун жоготкондо Жаңы-Өзөн бейтапканасынын реанимациясына жеткиришиптир.

Кыз эртеси абалы жакшырды деп дагы беш окуучу менен кошо ооруканадан чыгарылат. Эки күндөн кийин Асем кайрадан өзүн жаман сезип, буту-колу чыйрыга баштаганда үйдөгүлөр тез жардам чакырышат. Эс-учун жоготкон бойдон Жаңы-Өзөн ооруканасына алып кетип, андан кийин абалы оорлошкондо Актауга которушту.

Жаңы-Өзөн медициналык колледжинин 16 жаштагы окуучусу Гаухар Кармысованын энеси кызынын ар бир 2 саатта эс-учун жоготконун айтып берди. Ал да эмдөөгө каршы болгонун, бирок Гаухар аны окууга албай коюшу мүмкүн деп апасын көндүргөнүн кошумчалайт.

Бул ата-энелер вакцинациянын кесепеттери тууралуу белгилүү болору менен аны токтотушу керек эле дешет. Алар Жаңы-Өзөн шаарынын прокуратурасына, ички иштер бөлүмүнө кайрылып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Жаңы-Өзөндөгү борбордук оорукана

Ал эми шаардын билим берүү бөлүмүнүн жетекчи орун басары Таттимбет Жумалиев балдарды мажбурлап эмдетишкен деген айыптоолорду четке кагып, иммунизациянын алдында мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтууда.

Маңгыстау облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын расмий өкүлү Алмабек Бисендин айтымында, балдардын 10-15 процентинде ушундай реакция болот. Облус боюнча бул көрсөткүч 0,3 процентти түзөт. Кооптонууга негиз жок.

Кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы Маңгыстауда 16-февралда башталып, 19-февралда токтотулган. Бул аралыкта 9, 10, 11-класстын 14 миңдей окуучусу эмделген. План боюнча 28-февралга чейин 34 миң 900 окуучу иммунизациядан өткөрүлмөк.

Ал тапта Темиртаудагы медициналык колледжде окуган 18 студент да вакцинациядан кийин ооруканага жаткырылды. Шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Казакстандагы ооруканалардын бири

Балдар массалык түрдө ооруканаларга түшкөндөн кийин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кызамыкка каршы эмдөөнү 2-мартка чейин токтото туруу чечимин чыгарды. Бул арада вакцина экспертизадан өткөрүлүп, балдардын эмне себептен ооруканаларга түшкөнү текшерилмекчи.

Догдурлардын айтымында, илдетти эмдөө аркылуу гана алдын алса болот. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму индиялык вакцина күмөн туудурбайт деп билдирди.

25-февралда уюм кызамыкка каршы эмдөөлөр Европа жана Борбор Азияда токтоосуз жапырт жүргүзүлүшү керектигин билдирди. 2014-жылдын башынан бери дүйнө жүзү боюнча 22 миң адам кызамык илдетин жугузуп алган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, алардын эң көбү Кыргызстанда катталган. Өлкө боюнча жугуштуу оору менен жабыркагандардын саны 7477ге жеткен.

Босния жана Герцеговинада 5340, Орусияда 3247, Италияда 1674, Германияда 583, ал эми Казакстанда 537 адам кызамыкка кабылган.