Өткөн айда алар энеси менен Сириядан кайтарылган. 11 жаштагы Айша апасы менен Сирияда беш жыл жүрдү, ал эми эки жаштагы Асия ошол жакта төрөлгөн. Кыздардын энеси учурда Актөбөдөгү тергөө абагында отурат. Ал «терроризмге үгүттөгөн» жана «диний кастыкты козуткан» деп айыпталууда.
11 жаштагы Айша окуганды да, жазганды да билбейт. Анын 63 жаштагы тайнеси Акгүл (ысымы өзгөртүлдү – ред.) эки жумадан бери небересин Актөбөдөгү «Шанс» реабилитациялык борборуна алып барып жүрөт. Таенесинин айтымында, Айша эми гана тынч жашоого көнө баштагандай. Айша башында үйдөн чыкпай жүрсө, эми короодо курдаштары менен ойной баштады.
Акгүлдүн арманы
«Неберем абдан түнт. Анда-санда гана ачылып сүйлөбөсө, мелтиреп үн катпай эле отура берет. Ал башынан өткөндөрүн тезирээк унутуп калса дейм. Ошондуктан эч нерсени сурабайм. Кээде неберем өзү эле бир нерселерди айтып берет. Мен аны көзүмө жаш алып угуп отурам. Бул чыбыктай кыз эмнени гана башынан өткөргөн эмес! Бомба жарылгандан кийин урандылардын алдында кала бериптир. Жарадар болуп, ары барып, бери келген экен. Дайыма ачка жүрчү, адамдын сөөгүн көрүптүр», - деп айтып берди Акгүл.
Акгүлдүн эки кызы 2014-жылы июнда балдарын алып, Сирияга кетип калган. Кыздар башында апасына Астанага тойго баратабыз деп алдап чыгышкан. Өздөрү болсо Түркияга жетип, андан ары Сирияга кирип кетишкен. Акгүл башында тааныштарынан кыздары Сирияда экенин жашырып жүргөн. Азыр да неберелеринин келечеги үчүн тынчсызданып, алардын чыныгы атын айтпоону бизден өтүндү. Ошондуктан «кыздарымды Умм Айша жана Умм Хадижа деп айткылачы» деп суранды. Мындай ысымдарды аларга Сириядан беришкен экен.
«Кыздарымдын Сирияга кетип калганы үчүн биринчи кезекте өзүмдү жемелейм. Күйөөм менен ажырашкандан кийин үч балам эч нерседен кем болбой чоңойсо экен деп, эртеден кечке чейин баш көтөрбөй иштечүмүн. Балким ушундан улам алардын тарбиясына жакшы көңүл бурбай калган чыгаармын. Эми эс-дартымдын баары неберелеримде. Айша мектепке барса экен деп тилейм. Асия азыр кичинекей. Кечээ коляскага отургузуп алып, сейилдеп жүрсөк, алыстан хижаб кийген аялды көрүп калып, «апа» деп ыйлады. Жүрөгүм эзилип эле кетти», - дейт Акгүл.
Облустук соттун маалыматы боюнча, Акгүлдүн кызы 28-майдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурат. Ал «терроризмге үгүттөгөн» жана «диний кастыкты козуткан» деп айыпталууда.
2013-жылы октябрда 150 казакстандык Сирияга кеткени белгилүү болуп, социалдык тармактарда курал кармаган балдардын сүрөттөрү менен видеолору тараган.
Дагы караңыз Жихадчылар видеосу Казакстанды чууга салдыАкгүл экинчи кызы кайда экенин билбейт. 28 жаштагы Умм Хадижа акыркы жолу 2017-жылы телефон чалган экен. Ал апасына Сириядагы Багуз айылына эжеси Умм Айшага баратканын кабарлаган. Ошондон бери анын дайын-дареги белгисиз. Умм Хадижа Сирияга өзү менен кошо кызын ала кеткен. Ал эми Сирияда эркек бала төрөгөн. Акгүл экинчи кызын, неберелерин көрөм деген үмүтүн үзбөй келет.
«Акыркы беш жыл башымдан өткөндөрдү душманыма да каалабайт элем. Балдарым ошол жакта бомбанын алдында жашап жатканын ойлосом, өзүм да бомбанын алдында жүргөндөй болдум. Эне катары кыздарым үчүн кечирим сурайм. Экөө тең чоң ката кетиришти. Муну алар кеч түшүнүштү. Неберелеримди мекенине кайтарган өлкө башчысына, коопсуздук кызматтарына жана азыр жардам берип жаткан реабилитациялык борборго ыраазычылыгымды билдирем», - дейт Акгүл.
Акгүл маектешүүгө небереси Айша менен келди. Татынакай, ак жуумал кыз балдарга окшоп ойнобойт, эч ким менен сүйлөшпөйт, мелтиреп эле бир жерди тиктеп отура берет. Айша менен тең балдар быйыл 5-классты бүтүрүштү. Ал эми Айша Сирияда араб тилин үйрөнгөн, Куранды жатка билет.
Умм Айшанын Сириядагы жашоосу
30 жаштагы Умм Айша менен «Азаттыктын» кабарчысы тергөө абагында жолугушту. Эки баланын энеси алты жолу турмушка чыккан экен. Мектепти бүтүргөндөн кийин эле күйөөгө тийген аялдын айтымында, дин жолуна түшүүгө биринчи күйөөсү себепчи болгон.
«Биз эки жарым жылдай чогуу жашадык. 2008-жылы кыз төрөдүм. Күйөөм экөөбүз тең билимсиз болчубуз, жумушсуз элек. Акыр аягы ажыраштык».
Умм Айшанын айтымында, кийинки эки күйөөсү тең динге ишенген адамдар болчу. Казакстанда үч жолу ажырашкандан кийин аял 2014-жылы июнда кичинекей кызын алып, Сирияга кетүүнү чечкен. Ошол маалда сиңдиси да күйөөсү менен ажырашып, ал да кызы менен жалгыз калган экен.
«Сиңдим Интернеттен Абу Сайфуллах деген чечен менен таанышып калды. Ал бизди Сирияга чакырып, «эч нерседен кем болбойсуңар» деди. Абу Сайфуллах бизге билет сатып берип, 2014-жылы Астанадан Түркияга учуп кеттик. Бир адамдар бизди Стамбулдан Газиантепке жеткирип, ал жактан Сириянын Жераблус деген шаарына бардык. Сиңдим Абу Сайфуллахка турмушка чыкты, мен болсо дагестандык Абу Убайда деген адамга тийдим. Көп өтпөй биз Раккага кеттик, ал эми сиңдим Манбижге көчтү».
Аялдын айтымында, Абу Убайда «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү болчу. Ошондуктан азык-түлүктөн тышкары ай сайын 500 доллар берилчү: 100 долларды аялы, 100 долларды кызы, 300 долларды согушкер алчу.
«Алгачкы эки жыл эч нерседен кем болбой жашадык. Жеңил акчага азгырылып, ал түгүл Актөбөдө калган энемди Сирияга чакыра баштадым. Бир жолу күйөөм колума курал карматып, муну видеого тартып алган. Ал «сууну көздөй атып көр» деген. Мен куралдан аттым. Бул видеону апама жибергем. Мына ошон үчүн азыр мага «терроризмге үндөгөн» жана «диний кастыкты козуткан» деп айып коюшууда. Күйөөм өлгөндөн кийин ал куралды согушкерлер тартып алышкан. Андан кийин колума курал алган эмесмин. Мага коюлган айыпты мойнума алам жана өкүнөм», - деди Умм Айша.
Абу Убайда өлгөндөн кийин Умм Айша 2016-жылы жайында чеченстандык Абу Маликке турмушка чыккан. Бир жылдан кийин кызы Асия төрөлөт. Аялдын айтымында, Асияны үйдөн эле төрөгөн. Баланын киндигин Шахида деген өзбек аял кескен экен.
Умм Айшанын айтымында, күйөөсү Абу Малик согушта жарадар болуп, нерв системасына доо кеткен. Ал бир нерсе болсо эле куралын көтөрүп жүгүрчү экен. Ошон үчүн Умм Айша аны менен ажырашууну чечет. Көп өтпөй крым татары Хаттабга экинчи аял болуп тиет.
«Биздин үйүбүзгө бомба түшкөндө Хаттаб биринчи аялынын үйүндө болчу. Мен эки балам менен талкаланган үйдүн ичинде кала бергем. Бизге эч ким жардам берген эмес. Ар ким өз үй-бүлөсүн сактап жатты. Мен балдарым менен эптеп урандылардын алдынан чыктык. Көчөдө ар кайсы жерде адамдар өлүп жаткан экен. Аялдардын жана балдардын үзүлгөн колу-буттары жатыптыр», - деп ыйлады Умм Айша.
Үйсүз калган Умм Айша Хаттабдын биринчи аялынын үйүндө баш калкалап жашайт. Бирок күндөштөр тил табыша албай койгон. Ошондон улам Умм Айша менен Хаттаб ажырашат.
«Кайра турмушка чыгууну ойлогум келбей калган. Эптеп эле качкындардын лагерине жетким келди. Менин пландарым тууралуу курбум Иллариядан башка эч ким билген эмес. Иллариянын күйөөсүн «Ислам мамлекетинин» согушкерлери өлтүрүшкөн. Экөөбүз ооруктан балдарга тамак жасап бериш үчүн эле чыкчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде от жагып, тамак жасап отурсак, снайпер Илларияны жана эмчектеги кызын атып өлтүрдү. Ымыркайдын ичи жарылып кетти», - деп ыйлап айтып берди Айша.
2019-жылы мартта кичүү кызы Асиянын атасы Абу Маликтин жардамы менен Умм Айша курчоого алынган Багуз айылынан чыгып кетип, качкындар лагерине жетет. Бирок ал жакта да аял жыргап кеткен жок. Козголоңчулар чатырларды талкалап, аялдардын телефонун, акчасын, баалуу буюмдарын тартып алышкан.
Айшанын айтымында, Борбор Азиядан барган орус тилдүү жихадчылар өздөрүн мухажир деп аташчу, ал эми жергиликтүү согушкерлер араб болчу.
«Ислам мамлекети» мухажирлерди тирүү калканч катары колдонгон. Согушта биринчи катарда мухажирлер турчу. Алар жеңишке жеткенде арабдар ошол жерге келип, өздөрүн сүрөткө, видеого тартып, «биз жеңдик» деп айтышчу. Анан кырдаал оорлой баштады. Базарда кумшекердин бир килограммы биздин акча менен эсептегенде 20 миң теңгеге чыкты. Мухажирлердин азык-түлүгү түгөнүп, чөп жей баштадык. Ал кезде сириялыктар жана ирактыктар (ИМдин согушкерлери – ред.) «Сникерс» жеп жүрчү. Алар акыр аягына чейин эч нерседен кем болбой жашашты. Ал түгүл качкындардын лагеринде да күн батареяларын, желдеткичтерди, жакшы тамакты, жакшы чатырды арабдарга гана беришчү. Биз болсо буурчак жеп отурдук», - дейт Айша.
Сириядан кайтып келгендер
Абакта отурган Айша эркиндикке чыкканда жаңы жашоо баштап, жумуш табаарын айтты. Азыр кыздары билим алса экен деп кыялданат. 11 жаштагы кызы ушул кезге чейин тамга тааныбаганы үчүн Айша өзүн жемелеп отурат.
Актөбө облусунун дин иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Жусан» операциясынын жүрүшүндө Сириядан 30 актөбөлүк кайтарылган, алардын 21и – балдар. Жалпысынан бул операциянын үч баскычында Казакстанга 516 адам, анын ичинде 360 бала кайтарылды.
«Ансар» маалыматтык-аналитикалык борбордун жетекчисинин орун басары Төлеген Талдыбаевдин айтымында, Сирияга кайтарылган аялдар жана балдар коомго коркунуч жаратпайт.
«Теолог катары айтаарым, Сириядан кайткандар социалдык адаптацияга муктаж. Ошондуктан коом аларды өгөйлөбөй, басым жасабашы керек. Бул адамдар жаңылды, бирок алар биздин жарандарыбыз. «Жусан» - мамлекетибиз эгемендик алгандан берки жакшы миссияны көздөгөн күчтүү атайын операциялардын бири болду деп эсептейм».
Талдыбаевдин айтымында, күйөөсүн ээрчип, Сирияга кеткен аялдар үй тиричилиги менен алек болушкан. Ошондуктан алардын көбү араб тилин билишпейт, кээ бири Куранды билбейт.
«"Ислам мамлекети" балдардын диний билимине өзгөчө көңүл бурган. Сирияда беш жашка толгон балдардын баары Куранды жаттап чыгышкан. Мындан тышкары аларга «Ислам мамлекетинин» радикалдык маанайдагы китептерин окутушкан», - дейт Төлеген Талдыбаев.
Сириядан кайтып келген балдар азыр Актөбөдөгү «Шанс» реабилитациялык борборуна барып жатышат.
Жанагүл ЖУРСИН, "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы.