Казакстанда динге талап катаалдашты

Казакстандагы мечиттердин биринде отургандар.

Казакстанда “Диний кызмат жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, бетти жапканга, сыйынуучу жайдан башка жерде нике кыюуга тыюу салынат. Ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка толо элек балдардын ата-энесиз мечиттерге, чиркөөлөргө киришине уруксат берилбейт.

23-майда Казакстандын мажилиси “Диний кызмат жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, колдоп берди.

"Жетинчи күндүн адвентисттеринин" чиркөөсүнүн пастору Андрей Тетерюк сыйынууга келгендер менен маектешүү, аларга диний насаат айтуудан тышкары, эми чиркөөгө баш баккан балдардын ким менен келгенин да териштирүүгө милдеттүү болот.

Анткени жаңы мыйзам күчүнө кирсе, балдар сыйынуучу жайларга ата-энесинин же жакын тууганынын коштоосунда гана келе алат. Ошондо да ата-эненин бири баласын ибадатканага жиберүүгө макул болгон кагаз жүзүндөгү уруксаты болушу керек.

- Ажырашып жашап жаткан үй-бүлөлөр да болот. Эгер ата-энелер балдарды талашcа же балага таасир эткиси келcе бул нерсени да колдонушу мүмкүн. Диний кызматкер сыйынууга келгендердин баарын эле биле бербейт, - деди Андрей Тетерюк.

Диний кызматкер эгер өспүрүм мечитке же чиркөөгө жалгыз келсе, анда аны "ата-энең менен кел" деп жөнөтүүгө милдеттүү. Баланын ата-энесинин бири анын уруксаты жок баласы ибадатканада болгонун айтып арызданса, анда чиркөө, мечит же сыйынуучу жай административдик жазага тартылып же жабылып калышы да мүмкүн.​

Казакстандагы чиркөөлөрдүн бири.

Андрей Тетерюк жаңы эрежелерди ишке ашыруу үчүн сыйынуучу жайлардын үстүнөн көзөмөл мындан ары да күчөйт деген ойдо. Демилгечилер өзгөртүүлөрдүн киргизилип жатышын экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү жана анын коркунучтарынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн.

Мажилистин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Мухтар Ермандын айтымында, сунушталган толуктоолордун алкагында жалпысынан үч кодекске жана тогуз мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген:

- Биз балдардын аң-сезимин коргошубуз керек. Жаштарды тарткан туура эмес ар кандай агымдар жана үгүттөр бар. Ушул кооптуу жагдайлардан аларды сактоо зарыл.

Казакстандын мажилиси.

Долбоорго “деструктивдүү диний агым”, “диний радикализм” сыяктуу жаңы мыйзамдык түшүнүктөр да киргизилген. Дин иштери жана жарандык коом министрлигинин кабарына караганда, мыйзам долбоорунун максаты – мамлекет менен конфессиялар ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүү, диний уюмдардын укуктары менен милдеттерин аныктоо, диний чөйрөнү иретке салуу.

Анда мамлекеттик кызматкердин диний аракеттерине байланыштуу талаптар, диний уюмдардын кызматын көзөмөлдөө, абактагылардын диний аракеттерин иреттөө, чет жерде билим алуунун тартибин жолго коюу жагы да бар.

Жободо коомдук жайларда бетти жапкан никаб кийүүгө, сыйынуучу жайлардан башка жерлерде нике кыюуга тыюу салынган. Бул талаптарды бузгандар административдик жазага тартылып, айыппул салынат.

Буга чейин “Форум-18” адам укугун коргоо уюмунун расмий сайтынын редактору Феликс Корли өкмөт даярдаган диний уюмдар тууралуу мыйзамга кигизилип жаткан өзгөрүүлөр Казакстандын эл аралык милдеттемелерин аткаруудагы кемчиликтерин жойбой, тескерисинче күчөтөт деген камтамачылыгын билдирген.

Ал эми Астанадагы Назарбаев университетинин деканы Хелен Тибо “Азаттыкка” экстремизмдин алдын алуу чаралары иретинде көрсөтүлгөн тыюулар жана чектөөлөр натыйжа бербейт, алар жаңы проблемаларды пайда кылышы мүмкүн экенин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.