Оралмандар: жарандык көздөн учту

Атырау облусундагы миграция кызматында кезекте тургандар. 27-март, 2018-жыл

Тарыхый мекенине кайткан казактардын жарандык алышы кыйындап баратат. Оралмандар күбөлүктүн негизинде жеңил жол менен жарандык алууга үлгүрбөй жатабыз дешет. Алар бийликти биздин абалыбызга кайдыгер деп айыпташууда.

Түпкү мекендеги түйшүк

- Оралман күбөлүктөрүңүз кайда?

- Анын убактысы өтүп кетти деп атышат..

- Анда сиздин документтерди кабылдай албайбыз. 16-берене менен жалпы тартипте өтөсүздөр. Жеңилдетилген тартипте өтө албайсыздар, - деген Атыраунун миграция полициясынын кызматкери Нурдаш Жайылхан кезекте зарыгып турган Нургүл Кыдырбектин үмүтүнө ушинтип суу септи.

Жубайлар Нургүл Кыдырбек менен Нурдаш Жайылхан

Жубайлар Нургүл Кыдырбек менен Нурдаш Жайылхан жарандык алсак эле иштеп, элге аралашабыз деген ниетте чуркап жүрүшкөн. Экөө 2016-жылы балдары Казакстандагы жогорку окуу жайларына өткөндө артынан келген. Ага чейин Кытайдын Или аймагында жашашчу.

Нургүл менен Нурдаштын жеңил шартта, бир жыл ичинде жарандык алуусуна жол ачкан, чет өлкөлөрдөн түп мекени Казакстанга келгендерге берилген “Оралман” күбөлүктөрү бар эле.

Тилекке каршы, анын мөөнөтү өтүп кеткени маалым болду. Эми үй-бүлө кадимки тартипте, беш жылдан кийин гана атуулдук алышы ыктымал. Ал ортодо кантип жан сактайбыз дейт Нурдаш:

- Жарандык болбогондон кийин эч кандай иш кыла албайбыз. Келерим менен сатып алып, азыр отурган үйүмдү да өзүмө каттатууга мүмкүн болбой жатат. Ал башка бирөөнүн атында.

Үй-бүлө бир жыл ичинде документтерди топтоп үлгүрө албай, жарандык албай калганына мамлекеттик мекемелердеги бюрократия менен кайдыгерлик себеп экенин айтышат.

- Кагаз чогултуу оңбогондой убакытты алды. Анын үстүнө бардык жерде узун кезек. Эмнеге кайтып келген казактарга оралман күбөлүгү жок эле дароо жарандык бере алышпайт? – деп суроо салат Нургүл Кыдырбек.

Кезекте кезергендер

Кесиптешибиз алар менен Атыраунун миграция кызматына барганда бир көзөнөккө умтулган узун кезекке күбө болду. Документ топтоодогу тоскоолдуктун бири тиешелүү кызматкерлердин аздыгы, карапайым казактарга документти кандайча топтоо керек деген түшүндүрүү иштеринин жоктугу себеп дешет жарандык активисттер.

Дагы бир олуттуу маселени чечпей жатат деп коомдук активист Кайрат Байдолла уулу бийликти айыптады. Ал өзү да Кытайдан мурда көчүп келип, Казакстанда отурукташып калган:

- Мурда жарандыкка документ тапшырган учурда Кытай паспортун өздөрү алып калып, аны консулга өткөрүп беришчү. Эми миграция полициясы элди Кытай консулдугуна жиберип жатат. Консулдук Кытайдагы каттооңдон чыгып кел дейт. Аны кылыш үчүн Кытайга бара турган болсо паспортун тартып алып, чыгарбай коет. Муну билип туруп миграция полициясы маселени чечпей атат. Бул демек, Кытайдан келе турган көч токтоду деген сөз.

Ушул тапта Казакстандын төмөнкү палатасы оралман күбөлүктүн бир жылдык жарамдуулук мөөнөтүнө дагы үч ай кошту. Мыйзам долбоору жогорку палата Сенаттан да өтүп, президент кол коюшу керек.

Женилдетилген тартипте бир жыл ичинде жарандык ала албай калгандар эки миңге чамалуу. Эгер кошумча үч айлык маселеси ишке ашып кетсе, ушул убакыт ичинде үлгүрүп калуу керек.

Кытайдагы коркунуч

Болбосо жылдап күтүүгө туура келет. Ал убакыт ичинде иштей албасак, турагыбыз жок болсо Кытайга кайтууга аргасыз болобузбу дешет оралмандар:

- Эгер Казакстандын жарандыгын албай туруп ал жакка барсак, бизди жоопко тартышы мүмкүн. Биз Казакстандын бийлигинен жарандыктан башка ашыкча эс нерсе сурабайбыз. Квота да, жер да керек эмес. Биз керексиз жүк болуш үчүн келген жокпуз. Кудай буйруп, саламаттык жол берсе өзүбүздү өзүбүз багабыз, – дейт Нурдаш Жайылхан.

Кытайдын Шинжаң аймагында казактар куугунтукка алынып, укуктары бузулуп атканы тууралуу маселе акыркы жылдары катуу көтөрүлүп келет.

30-мартта Алматы акимиатынын алдына чогулгандар

30-мартта Алматыда жергиликтүү бийликтен нааразылык акциясына уруксат сурап, оралмандардын он чакты өкүлү акимиатка келди. Алар акция учурунда Кытайда кысымга кабылган туугандарынын укуктары сакталышын талап кылышмакчы.

Акимиаттын жообу азырынча белгисиз.

Чогулгандардын бири Кытайдан көчүп келип Казакстандын жарандыгын алган Даулетбек Ербол Кытайда “айрым этникалык казактардын документтери алынып, абакка түшкөн, саясий сабаттуулук боюнча сабактарга жөнөтүлгөн” учурлар бардыгын билдирди.

Митинг өткөрүүгө уруксат берилсе тынч митингге миңдей адам катышары айтылды.

Кытайдын Шинжаң аймагында бир жарым миллиондой казак жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.