Казак министрин кыз-келиндер айыптады

Арыстанбек Мухамедиулы.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынан сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыккан кыз-келиндердин саны онго чукулдады.

Октябрдын башында Искусство академиясынын бүтүрүүчүсү Енлик Сыдыкова Мухамедиулынан ыдык көргөнүн интернетте билдирген. Министр дооматтарды жалган деп атап, Сыдыкованы сотко берерин айтууда. Мухамедиулынын кыргыз мигранттары тууралуу сөзү да Кыргызстанда талкуу жараткан болчу.

Доомат көп, арыз азырынча жок

Арыстанбек Мухамедиулынын дарегине айтылган дооматтардын көбү министр Улуттук искусство академиясын жетектеп турган учурга туш келет. Академия бүтүрүүчүсүнүн видео кайрылуусунан кийин бир нече студент кыз өз окуяларын айтып чыгышты. Алардын айрымдары окуусун кайра калыбына келтирүү же бюджеттик бөлүмгө которулуу маселесинде Мухамедиулынын этикага жатпаган мамилесине кабылышкан:

- Ал мыйыгынан күлүп, "университеттен чыгарылдың, сенин окууңду калыбына келтирүүгө болбойт" деп айтты. Мен “макул, бул сиздин жоопкерчилигиңизде болот” деп чыгайын дедим. Ал “мен сени окууга кайра киргизем, бирок кел, бир кучактап алайын” деди. Жакындаганда мен аны тептим. Эшикке чыгайын десем, бул тууралуу эч кимге айтпоомду суранды,- деди атын атагысы келбеген ошол учурдагы студенттердин бири.

Мухамедиулыга доомат арткан кыз-келиндердин айрымдары аты-жөнүн коомчулукка ачыкка чыгарбастан сотко келүүгө даярдыгын айтышууда. Азыркы министрден сексуалдык ыдык көргөнүн айткан Енлик Сыдыкованы ата-энеси алыскы айылга убактылуу жөнөткөн. Сыдыкова буга министр тараптан кысым көрсөтүлгөнү себеп болду дейт:

Енлик Сыдыкова жарыялаган видеодон алынган сүрөт.

​- Биринчи эле күнү академиядан байланышууга аракет кылышты. Азыркы ректор өзү туугандарыма чалып отуруп, мага чыкты. Ал мурда айткандарымды төгүндөгөн видеону чыгарсам, Арыстанбек Мухамедиулы баарын унутууга даяр деди. Мен телефонумду өчүрүп салдым. Мухамедиулыны тааныгандар мага чалып, анын кекчил экенин айтып, сак болууга чакырды.

Министр дооматтарды четке кагууда

Министр Арыстанбек Мухамедиулы басма сөз кызматы аркылуу дооматтардын баарын жалган деп атап, каралоону көздөгөн тараптар бар экенин билдирди. Ал өзүнө доомат арткан Сыдыкованы сотко берерин айтып жатат. Азырынча сотко кайрылуу түшкөнү тууралуу кабарлар келе элек. Казакстандагы бийлик өкүлдөрү да бул окуя боюнча эч комментарий беришкен жок.

Казак министринин сөзү эки элди дүрбөттү

Казак министринин сөзү эки элди дүрбөттү

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанда коомчулук менен жолугушуу өткөргөн. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген деп айткан. Казак министри "Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен", - деп жазуучунун “Ак кеме” повестин мисал келтирген.

Коомчулук арасында министрди каралоо өнөктүгү жүрүп жатат дегендер менен катар, студент кыздарды колдогондор да бар. Деген менен Енлик Сыдыкованы колдоп сүйлөгөн Театр ишмерлер бирлигинин төрагасын анын кесиптештери кескин сындап чыгышты.

Коом менен байланыш тармагындагы эксперт Нурбек Халыкбергендин айтуусунда, Казакстанда аткаминерди негизсиз айыптоонун кесепети чоң экенин, ошол эле учурда жөн жерден да адамды күнөөлөө мүмкүн эместигин айтты:

- Эгер бул укмуштуудай таза иштеген, тажрыйбалуу адам болсо анда мындай айыптоолор акылга сыйбайт болчу. Азыр коомдук пикир экиге бөлүнүп турат. Айрымдар каршы, башкалары колдоп жатат.

53 жаштагы Арыстанбек Мухамедиулы консерваторияны бүткөндөн бери маданият жаатындагы ар кыл мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Ал 2008-жылы Казакстандын Улуттук искусство академиясынын ректору болуп дайындалып, 2014-жылы министрлик кызматка өткөн. Былтыр анын “айрым казак фильмдери Казакстанды уят кылат” деп айтканы коомчулукта талкууга алынган.

Ал быйыл май айындагы жолугушууда Кыргызстандын азыркы абалына токтолуп, "Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен",- деп айткан. Министрдин бул сөзү кыргыз коомчулугунда нааразылык жаратып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги казак элчисине нааразылык нотасын жиберген. Казак министри Арыстанбек Мухамедиулы кийинчерээк кыргызстандыктардан кечирим сураганын казакстандык булактар жазып чыгышкан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.