Жаңы-Өзөндө Кытайга каршы чыгышты

Жаңы-Өзөндө нааразылык акциясына чыккандар. 3-сентябрь, 2019-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында экинчи күн катары менен кытайлык ишканаларга каршы митинг өттү. Акимиаттын алдына чогулгандар президент Касым -Жомарт Токаевди Бээжинге баруудан баш тартууга да чакырышты. Мындай акцияны баш калаа Нур-Султанда жана Актөбө, Чымкент шаарларында да колдоп чыгышты.

3-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилигинин алдына кайрадан ондогон адам чогулуп, Бээжиндин Казакстандагы саясатына нааразылыгын билдиришти. Алар Кытайдын Казакстандын аймагында 55 биргелешкен ишкана куруу планына каршы экенин айтышып, казак өкмөтү Бээжинден кандай максатта карыз алып жатканына да кызыгышты.

«Бизде бир гана талап бар. Токаев мырзанын колу коюлган, «55 завод Казакстанга кирбейт» деп мөөр басылган кагаз берилсин. Болду. Ушуну талап кылабыз», - деди митингчилердин бири.

Митингчилер менен Мангыстау облусунун акими Серикбай Трумов жолукту. 3-сентябрь, 2019-жыл.

Бир күн мурда да Жаңы-Өзөндүн жүздөй тургуну нааразылык акциясын өткөрүп, президент Касым-Жомарт Токаевди 11-12-сентябрда Бээжинде өтчү сапарынан баш тартууга чакырышкан. Алардын мындай талабына «Ак ордо» реакция кылган эмес.

Бирок шейшемби күнү митингчилер менен Мангыстау облусунун акими Серикбай Трумов жолугуп, жергиликтүү элдин макулдугу болмоюнча Казакстанда заводдор салынбай турганын айтты. Ал ошондой эле президент Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн «Улуттук коомдук ишеним кеңеши» дал ушундай маселелерди акылдашып, чечүүнү көздөй турганын кошумчалады.

«Жарандар! Биз эч качан жаңжал жана ачуулануу менен маселе чече албайбыз. Маселелер акыл менен гана чечилиши керек. Өтүнүчтөрүңүз болсо азыр кагазга түшүрүп мага бериңиздер. Мен тийиштүү жерге жеткирем», - деди Серикбай Трумов.

Актөбө шаарында жаңы-өзөндүктөрдү колдоп, пикетке чыккандар. 3-сентябрь, 2019-жыл.

Жаңы-Өзөндөгү мындай акцияга Нур-Султан, Актөбө жана Чымкент шаарларынын айрым тургундары да тилектештигин билдиришти.

Баш калаада үч адам «Жаңы-Өзөндүктөрдү колдойбуз!», «Кытай экспансиясына каршыбыз!» деген жазуусу бар барактарды көтөрүп турушту.

Алардын бири Алия Жакупова «2011-жылдын декабрь айында Жаңы-Өзөн шаарында болгон окуялардын кайталанышын каалабайбыз» деген оюн «Азаттыктын» казак кызматына айтты. Дээрлик сегиз жыл мурда бул шаардагы мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам курман болуп, жүздөн ашуун киши жабыркаган эле.

Казакстанда Бээжиндин саясатына каршы маанай Кытайдын Шинжаң аймагында казактардын укугу бузулганы жана миңдеген адамдар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу маалыматтардан кийин күчөгөнү белгиленип келет. Ага чейин, 2016-жылы да Казакстанда чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кытайлыктарга жерди ижарага берүүгө каршы ири митингдер өткөн эле.

Чет өлкөлүктөргө жерди ижарага берүүгө каршылык билдирген митингчилер. Атырау, 2016-жыл.

Бирок расмий Бээжин да, казак өкмөтү да өз ара кызматташуу, анын ичинде 50дөн ашык биргелешкен ишкана куруу планы эки тарапка тең пайда алып келерин билдирүүдө. Быйыл апрель айында Казакстандын мурдагы президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев Кытай телеканалынынын журналисти менен болгон маегинде 55 долбоордун 15и ишке киришкенин, дагы 11 бизнес быйыл ишин баштай турганын айткан.

«Эгер 55 ишкананы ишке киргизсек, анда анын Казакстанга пайдасы өтө чоң болот. Миңдеген адамга жумуш берилет. Биз мунай, газ жана металл сыяктуу байлыгыбыз менен гана тиричилик кылып келе жатабыз. Бизге башка да өндүрүш керек. Азыр ошону ойлонуштуруп жатабыз. Аны Кытай Эл Республикасы менен бирге ишке ашырабыз жана ал пайдалуу болот», - деп билдирген Нурсултан Назарбаев.

Жалпысынан Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Расмий маалымат боюнча, Казакстандын Кытайга төлөй турган карызы 12 миллиард доллардан ашат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.